|
Сомалиде каракчылар нефти ташыган танкерди басып алды
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Америка Кошмо Штаттарынын деңиз күчтөрү маалымдагандай, Сомалилик каракчылар барымталап кеткен нефте-танкери Түндүк Сомалинин жээгине жакынды. Сауд Арабиясына таандык Сириус- жылдызы деп аталган деңиз танкери 2 миллион баррель нефти ташып бараткан. Бул мунайзат Сауд Арабиянын күнүмдүк нефти өндүрүшүнүн дээрлик 25 пайызын түзөт. Каракчылар танкерди Кениянын деңиз аймагынан басып алышкан. Танкерди иштеткен компаниянын өкүлдөрү каракчылар менен байланышып танкерди айдап бараткан 25 киши аман-эсен экенин ырастады. Сомалинин деңиз сууларында мындан тышкары 13 кеме барымтада кармалып жатат. Сомалилик каракчылар алар үчүн ар кандай өлчөмдө кун талап кылууда. АКШнын Бахрейндеги деңиз флотунун өкүлү командир Жейн Кэмпбел АКШ Деңиз күчтөрүнүн атынан кеме ээлерин куралдуу коргоо ала жүрүүгө үндөду. Сомалилик пираттардын дүйнөдөгү эң ири мунай ташыган танкерин барымталап алгандыгынын жаңы өңүтү бар. Дегенибиз, бул - пираттар кармап алган эң чоң кеме. Аны барымталап алган жердин да мааниси бар. Мунай ташыган танкерди көпчүлүк кемелер барымталанган "пираттардын жолу" деп аталган аймактан түштүктү карай жүздөгөн километр алыс жерде кармап алышкан. Өлкөнүн түндүк тарабында жайгашкан Эйль портунда мурун барымталанган башка дагы он үч кеме токтоп турат. Сомали пираттарынын борборуна айланганы Эйль порту дээрлик өзгөргөн. Соңку жылдын ичинде ал эптеп күн көргөн балык уулочулардын айылынан өлкөдөгү эң бай жерлердин бирине айланган. Кармалган кемелердин барымта акысынан түшкөн миллиондор көздүн жоосун алган кооз вилла үйлөрдү курууга, эң соңку унааларды сатып алууга жумшалган. Эйль тургундары мунай ташыган танкердин барымтага алынганы тууралуу кабарды абдан кызуу тосуп алганын айтып жатышат. Кемелер кармалган күнү айылдын тургундары эң адемдүү кийимдерин кийип, лэптоп компьютерлерин жана спутник соткаларын алып чыгышат. Алардын бирөөсү пираттын бухгалтеримин дейт. Дагы бирөөсү - башкы ортомчу экенин айтат. Каракчылыктан түшкөн акчанын көбү - Дубай менен Найроби сыяктуу жерлердеги пиратчылыкты уюштурган кишилерге кеткени менен, акчанын бир тобу Эйльде калат. Каракчылыкка аралашып калган жаштар баатыр деп эсептелишет, эң бай кыздарга үйлөнүшөт. Бүтүндөй экономика 21 кылымдагы пират-каракчылыктын тегерегинде өнүккөн. Жада калса, барымтага кармалып, сомали тамактарын жаман көрүп, жей албаган кишилер үчүн тамак жазаган атайын ресторандар да бар. Барымтага түшкөндөрдү - баалуу товар катары санашат, себеби алар үчүн кун акы алышат. Андыктан алардын өмүрү жана ден соолугуна атайын кам көрүшөт. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||