|
Тибеттик жаштар чечкиндүү кадамдарды талап кылууда
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Дүйнөнүн ар кайсы мамлекетинде бозгунчулукта жашаган тибеттиктер Индиянын түндүгүндөгү Дарамсала шаарында чогулуп Кытай бйилигине каршы кыймылдын келечегин талкулоодо. Тибеттиктердин рухий лидери Далай Лама Тибетке көбүрөөк автономия берүү тууралуу Кытай жетекчилиги менен сүйлөшүү жүргүзүү аракеттери майнапсыз аяктаганын билдирген эле. Үстүбүздөгү жылы Бээжин Олимп оюндарына байланыштуу Тибеттин өзүндө жана Олимп шамы кыдырып өткөн дүйнө шаарларында тибеттиктердин каршылык акциялары болуп өттү. Тибет маселеси кайрадан глобалдык көңүл чордонуна айланган. Бирок буга чейинки аракеттерден майнап чыкпаган соң, эми эмне кылуу керек деген маселе кабыргачынан коюлууда. Далай Лама Кытайлыктар автономия тууралуу сүйлөшүүлөрдү ордунан жылдырчудай эмес, деп ачык айтты. Андыктан Дарамсалада чогулган жүздөгөн тибеттик лидерлер мындан аркы стратегияны талкуулоодо. Тибеттик жаштар Далай Ламаны ыйык лидер көрүп сыйынышат, ошону менен бирге алар Кытай жетекчилигине каршы Далай Лама өтө жумшак позицияда турду, деп эсептешет. Жаштар мындан ары чечкиндүү күрөшүү ыкмалары керек деп талап кылууда. Эми Тибеттин автономиясы эмес толук көз карандысыздыгын талап кылуучу учур келди дейт айрым тибеттик лидерлер. Кытай бийликтери Дарамсаладагы жыйынды маанисиз деп атап, чогулгандар Тибет элинин өкүлдөрү эмес деп билдирди. Бирок Далай Лама тибеттик өкүлдөрдүн жолугушуп, мындан аркы кадамдарды талкуулашы жигердүү болот деген ишенимин билдирди. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||