BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 17 Ноябрь, 2008 17:07 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Би Би Си угармандарынын пикирлери
 
Би Би Си угармандары программа учурунда дилкаттарын жөнөтүп турушат
Би Би Си угармандары программа учурунда дилкаттарын жөнөтүп турушат
Би-Би-Синин Кыргыз программасында чагылдырган окуялар боюнча берүү обого чыгып жаткан учурда угармандардан келип түшкөн кыскача пикирлер.

УГАРМАНДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫНЫН ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРБЕЙТ


27-28 ноябрь, 2008

Улуттук телепрограммалар жагабы?

Орунбай Бишкек:
Улуттук телеканалга алымсынбайм. Ал кыргыздын маданий жана руханий дүйнөсүн даңазалашы керек эле. Көбүнчө эле жасалма болуп жатат да. Мисалы, Өзбекстан менен Казакстандын каналдары өз идеологиясын даңазалашат. Мен ошолорду көрүп суктанам. Өзбек каналын көрүп туруп, өзбек болуп кеткиң келет да. Казактын көрүп алып, эмнеге кыргыздар андай эмеспиз деп суроо коёсуң.

Өндүрүш. Сокулук:
Светти тындырбай өчүрүшкөндөн бери адабий китеп окугандан калдым. Жумуштан кийин үй тиричилиги да бар эмеспи. Айла кеткенде жол баштыгыма китептерди салып алып, автобустан окуганга көндүм.
Ал эми КТР президенттик администрациянын телеканалындай таасир калтырат. Азыркы бийликке жагынуу байкалат. Аны коомдук телеге айландырмайын, диктатор келсе да эчтеме өзгөрбөйт. Эшимканов убагында талап кылып келген коомдук телеге айландыруу керек.

Жамалбек Келдибеков. Сокулук:КТРди реформалагандан пайда жок. КТР Бакиевдики, ал эмне десе, ошол болот.

Жамийла. Бишкек:
КТРдын жетекчисинин иши бүттү. Эми айланып оппозицияга барат го, эгер сатып кеткен мурдагы достору кабыл алса. Ал эми Ассоль болсо саясатка аралашып баратат, өз ишин эле жасай берсе болмок. Мурдарак Эшимкановду мактап жүрдү эле.

Турумбүбү Турсуналиева. Бишкек:
КТРде абал адам ыйлаарлык. Ал жерде атмосфера бузулгандан башка оңолуу жышааны жок. Бул тууралу бийлик кеч болуп кете электе ойлонушу керек.

Бишкектен Ысмайыл:
Бу улуттук канал өзүмдүк канал болуп калды.

Шаршеналы Абдыжапаров. Бишкек:
Эшимканов келгенден бери улуттук каналда жакшы өзгөрүүлөр бар. Ал эми таарынгандар болсо, мисалы, Ассоль Молдакматова бул жерде монополист болуп алып, өзүнө жаккан ырчыларды гана чакыргандыктан, анын берүүлөрүн жапкан болсо керек. Анан таарынган кызматкерлердин баары эле ушинтип айта берсе, улуттук каналдын жамааты үчүн уят нерсе деп ойлойм.

Сокулуктан Үсөн Сырдыбаев, пенсионер:
Бу улуттук канал деген оюнчукпу. Бир жыл отура электе ким көрүнгөнү чыга берсе? Ассолду колдой турган киши барбы? Ушул жагын кичине карасаңар боло.

Данияр, 18 жашта:
Жаш көрөрман катары оюм: мындан бир ай мурун жакшы болуп келаткан. Анан музыкалык программа азайып, бизге такыр жаккан жок. Ошондуктан башка каналдарды көрө баштадык. Негизинен КТРда жаштарга жаккан программа жок деп бул үйдө жашагандардын атынан айтып жатам.

Кундуз. Бишкек:
Светтин өчүрүлүш боюнча эмне эле оппозиция кайта-кайта эле чаң-тополоң кыла берет? Биз өсөбүзбү, адам болобузбу же кайта арткан кетебизби? Жакшырып эле келатат ко. Мен Бакиевдин тууганы деле болбойм, эми ага асыла бериштин кереги жок ко. Мен чындык үчүн күйөм. Ал кишини эмне эле жектеп жатышат? Ал да колунан келгенин жасап жатпайбы. Айткандарын аткарып, иштей албаганын бошотуп жатат. Дагы эмне керек? Свет деген башынан бери эле өчүп келатпайбы.

Канат. Кызыл-Кыя:
Кыргызстанда стандарт кызматтары иштейбет, ошондуктан жарандар сырттан келген продуктуларга ишенишпейт, коркушат. Айрыкча Кытайдан келгендерге ишенүү кыйын, анда зыяндуу элементтер көп.


26-27 ноябрь, 2008

КТРде реформа болуп жатабы?

Базаргүл:
Телевидениеде көбүнчө оюн-зоок программалар көп. Жаштарды ишке, тарбияга тарта турган программалар жокко эсе. Бала-чака менен чогуу отуруп кино көрө албай калдык, жалан батыштын уяттуу кинолорун беришет. Туз эфир деп коюп, суроо берели деп чалсак, бердиришпейт, озүлөрүнун даярдап койгон кишилери бар, мындай жасалмалуулуктун эмне кереги бар? Ошондуктан, мен улуттук телеге реформа керек деп ойлойм.

КТРдин кызматкери:
Койчусу көп болсо, кой арам өлөт, “көк үй, ак үй” баары башкара берет, анан кантип реформа болсун? Бөлүм башчыларына чейин чалып, “муну эфирге кой, тигини бербе” деп буйрушат, анан кайдагы реформа?

Кушчубек Сарбагышев. Жалал-Абад:
Улуттук телеканалда эч реформаны байкаганыбыз жок.

Эсенбек уулу Акбар:
КТР телесине канааттанбайм. Акаев учурунда депутаттар жөнүндө укчубуз азыр эч нерсе билбейбиз.

Жаныш. Бишкек:
КТРди андан башка теле жок алыскы аймактар гана көрбөсо, эч ким деле каалап көрбөйт. Ошондуктан, аны же жоюп, же чон өзгөртүү киргизиш керек.


25-26 ноябрь, 2008

Свет өчүрүлгөнү сиздин психикага кандай таасир этүүдө?

1. Акыл. Бишкек:
Балкыбековду алган менен пайда жок.

2. Алмаз. Бишкек:
Кыргызстан Борбор Азия боюнча суусу көп өлкө. Дүйнө жүзүндө бешинчи орунда турат. Анан ушинтип свет жок. Биздин чиновниктер иштей албайт.

3. Кубат:
Свет өчкөнү бизге чала болду, ырас болду. Анткени, элибиз да, өкмөтүбүз да уурдаганга аябай көнүп алган. Результаты ушул болуп турат. Бул маселе жаан-чачындын аздыгынан пайда болгон жок.

4. Шабадуллаев. Ноокат:
Свет тууралуу пландуу иштешпейт энергетика кызматкерлери. Текшергендер өздөрүнүн чөнтөгү үчүн иш кылышат. Энергетика түшкөн акчаны жебестен, ушул тармакты өнүктүрүүгө жумшаса, өчүрүлбөйт болчу. Менин оюмча ушул суу уурдалган деген деле чын болуш керек. Антпесе, канча жылдан бери азайбаган суу быйыл эле азайып калмак беле.

5. Атын атабаган угарман. Балык маселеси жөнүндө:
Ыссыккөлдүн балыктары жөнүндө көйгөйлөр көтөрүлгөнү менен дайым эле кагаз жүзүндө калып келет. Профессионал балыкчылар азайды, бирок браконьерлер көбөйдү. Ошол браконьерлерге органдан, экологдордон чиновниктер дагы келип, балык кармап бербесең штраф салабыз, кармап берсең кутултабыз деп аларга кошулуп кетишет экен. Ошондуктан Ыссыкөлдүн өйүз-бүйүз, кырка жээгине көчүп баргандардын катып койгон кайыктарын таап, штрафты көтөрүү керек. Ичкериден ит ээрчитип келген чиновниктердин балыкка болгон талгагын өздөрү тыюулары керек.

6. Эрнис. Бишкек:
Оппозиция болбоюн эле дейсиң, бирок свет өчүрүүлөрдөн баары бир оппозиция боло баштай экенсиң. Ачуулана баштайт экенсиң свет өчкөндө. Кыйнала баштайт экенсиң. Анан кантип бийликти сындабай каласың. Психологиялык жактан өзгөрүү болот экен. Минтип олтурса, бийлик элдин баарын өзүнө карама-каршы кылып алат.

7. Атын атабаган угарман:
Мен Бишкек шаарындагы Акөргөө конушунда жашайм. Менин үйүмдө свет жок болгону мага ылайыктуу эле. Анткени биздин үйдө 12ден 6га чейин өчөт. 12ден кийин түнкү клубдар иштебей калганы бизге аябай жагат. Ошол себептен дайым эле ушундай убакытта өчүп турса биз ыраазыбыз. Сизге ырахмат.

8. Орозбек:
Свет өчсө, жумушсуздук, экономиканын төмөндөшүнө алып келет. Иш кылуу кыйын болот экен.

9. Акматжан Тартипбаев. Каракөл шаары:
Балкыбеков Сапарбек тууралуу айткым келет. Мен аны жаш кезинен бери билем. Таза, тыкан, грамотный жигит. Просто бул жертва болуп калды. Балкибековду кетиргенден эч нерсе өзгөрбөйт. Светти сөзсүз өчүрүш керек. Анткени Токтогул ГЭСине суу топтолбой калат. Кийин ана кеч болуп калат. Кыргыздар светсиз деле жашаганбыз да. Түшүнүш керек, чыдаш керек.

10. Атын атабаган угарман:
Мен Бишкектен, Көкжар жаңы конушунан. Свет өчкөнү бизди абдан кыжаалат кылат. Анткени, бизде студент кыздар бар.

11. Нурхамидин. Жалалабад:
Свет өчкөндөн пайда табам деп, канчалаган адамдар зыян тартып жатат. Ошону жакшылап карап, свет өчпөгүдөй кылып койсо болбойбу. Көптөгөн иштер бүтпөй калат. Биздин айылда аябай эле көп, кечкурун да, күндүз да өчөт.

12. Атын атабаган угарман:
Сапарбек Балкыбеков жөнүндө айтып коеюн дедим эле. Аны түшүрдүк деп атат. Бул эчактан эле күтүлгөн маселе болчу. Бирок, анын бала чагын билем. Өздөрү көп балалуу үйдөн. Номер бешинчи мектепти жалаң алтын медалга бүткөн бала болчу. Андай кадрды кайра көтөрмөлөгөндүн ордуна өздөрү билермандык кылып атат. Мен талап кылат элем кайта ордуна койгула. Андай балдарды издеш керек.

13. Орунбай. Бишкек:
Свет өчкөндө мен көбүнчө телефондон жаңылыктарды угуп, радио, музыка угуп, убактымды өткөрөм. Маанайым жарык эле болот. Эч кандай таасир бербейт.

14. Атын атабаган угарман.
Мен Бишкектеги Бакайата конушунда турам. Балкыбековду алганда деле эч өзгөрүү болбойт. Контролерлорду да текшерүү керек.

15. Канат. Тоң району. Бөкөмбаев айылы:
Свет жагынан биз ушунчалык кыйналып бүттүк. Материалдык кыйналганыбыз аз келгенсин, биздин психологиябыз.... (үзүлүп кетиптир).


25 ноябрь, 2008

Энергетикалык кризис тууралуу оюңуз

Базаргүл. Ош:
Энергетикага дооматыбыз артканы арткан. Себеби, биз абдан кыйналып кеттик. 28 жылдан бери башы согуштан арылбай келаткан Афганистан өзү светти сырттан сатып алат экен, бирок бир да күн өчпөйт дешет. Эмне үчүн суунун башында туруп бизде өчөт? Бизде былтыр сууну коё берип жиберишкен, быйыл болсо суу тартыш деп жатышат. Энергетикадагы башкы мүдүрлөрүн алыш керек.

Бишкектен Талантбек:
Жер-жерлерде свет өчкөнгө каршы чыгып жаткандарын туура деп эсептеймин. Анткени биз светке бай өлкөдө жашайбыз жана аны туура пайдалангыбыз келет. Мен билгенден Чудинов менен Балкыбеков бул тармакты жакшы билишет. Башка тармактан келишсе да түшүнөт элек.

Улмамбет. Бишкек:
Энергетикадагы кризиске Балкыбеков жооптуу болсо аны кызматтан алып, сот жообуна тартыш керек эле. Менимче, ал жалгыз күнөөлү эмес. Буг президенттин да түдөн түз күнөөсү бар. Ошон үчүн аны сот жообуна тартпай жатат.

Тыныч Сариев. Бишкек:
На Западе есть такая практика: если предприятие находится на грани банкротства, то оно нанимает антикризисных менеджеров, и они вытаскивают предприятие из кризиса. Я предлагаю применить этот опыт в нашей энергетике. Если, как говорят, наши руководители у нас появились бюджетные деньги, то они могут привлекать западных менеджеров, которые вытащут энергетику из кризиса.

Орунбай. Бишкек:
Электр жарыгын өчүрүү боюнча элдин чыгышы туура эмес. Себеби, суу сактагычта суунун колөмү аз болуп жатса, анда өкмөттүн колунан эмне келет? Кыштан чыгуу үчүн энергияны үнөмдөгөн жакшы. Бирок, убагында сууну да, энергияны да тымызын сатып, акчасын чөнтөгктөрүнө солоп койгондоруна нааразы болуп чыккандары туура. Ошол элдин убалынан коркпогон чиновниктерди эл алдында жоопко тартуу керек.


24 ноябрь, 2008

Кадр алмаштыруу менен энергетика маселеси чечилеби?

Азат Акаев. Ош шаары:
Өлкө президенти Бакиев кандай кризис болбосун, эл кандай кыйналбасын, министрлерден күчүн чыгарып жатат. Ал эми өз тегерегинде ушул кризистен чыгар турган мыкты кадрларды көрбөй турабыз. Ушундайда президент оппозициядан жардам алышы керек.

Бишкектен Гүлнара:
Президентибиз келди, эми министрлерди алат. Андан эмне өзгөрөт? Эчтеме өзгөрбөйт. Системаны өзгөртүш керек. Рактын жарасындай кылып, түп-тамырынан тазалаш керек. Мен мындай бирин-экин министрлерди алуу менен чечүүгө нааразымын.

Момунов. Бишкек:
Энергетикалык кадрларды бүт тазалаш керек, жетекчилигин да кошуп. Мен билгенден Жукешов деген киши бар, оңдосо ошол оңдойт.

Осмонов. Бишкек:
Энергетикада кадрларды канча алмаштырба, башка чиновниктери тоной берет, ичип жей берет. Жаңысы сүйүнүп келе берет, капчыгын толтуруп кете берет. Уурдагандарга өлүм жазасын киргизүү мыйзамын кабыл алганда гана алар сезет жана иши илгерилейт.

Асан:
Германиядан келгенден кийин президенттин министрлерди алмаштырам дегени табигый эле көрүнүш. Алардын ордуна башкаларын коёюн деген ниет. Бул жерде элди ондоюн деп жатабы же саясый оюн болуп жатабы – түшүнүктүү иш да. Акаевден кийин оңдойбу деп күттүк эле, оңдолбой эле ошол бойдон кетип жатат. Эгер оңдойм, атымды калтырам десе, президент жакшы кадрларды жумушка коюшу керек.

Кубанычбек Алиев. Кочкор:
Премьер-министрден тартып айыл өкмөтүнө чейин кадр алмаштыргандан эчтеке өзгөрбөйт. “Балык башынан сасыйт” дейт. Президенттин өзүн алмаштырганда гана бирдеме өзгөрөт.

Бакыт Нарынбаев. Бишкек:
Мамлекеттик иштерди алып баралбай калган адамдарды ишинен алыш керек.

Атын атабаган угарман:
Энергетикада Акаевдин тушундагы энергобарондор отурса, каяктан оңолмок эле? Алар качанга түрмөгө түшөт деп бул тармакта иштегендер эмгиче күтүп отурушат. Асты кайра көтөрүлүп, министр болушту.

Бишкектен Орунбай:
Бакиев министрлердин ишин бекем көзөмөлгө алышы керек. Мисалы, коңшу президенттер Каримов, Назарбаев сыяктуу катаал режимди түзүшү зарыл. Антпесе чиновниктер чектен чыгып баратышат. Анын үстүнө Акаевдин тушундагы коррупционерлер дагы эле иштеп жатышат.


20 Ноябрь, 2008

Өлкө башчысынын ден соолугу коомчулукка кызыкпы?

Өндүрүш Токтоназаров. Сокулук:
Президентти эл шайлагандан кийин анын денсоолугу, иш пландары тууралу кеңири маалымат берилип турууга тийиш. Бирок Батышты туурап, анын үйбүлөсүнө чейин киришүү туура эмес. Би чети коррупцияга баткан өлкөбүздө Асандын ордуна Үсөндү министр шайласаң да эчтеме өзгөрбөйт. Албетте, иштин илгерилеши кадрларга жараша болот. Бирок бизде системаны революциялык жол менен өзгөртүү керек.

Улан. Чоң-Алай району:
Бизде лидерлердин денсоолугу көп деле кызыктыра бербейт. Ошондуктан, бул маселеге анча көңүл буруунун кажети жок.

Атын атабаган угарман:
Бакиев бир мамлекеттин башчысы болуп туруп, өз врачтарына ишене албаганына таңмын. Же бир мандеми барбы? Ал өз чөнтөгүнөн барган жок да, элдин эсебинен барып отурат. Бизде деле тажрыйбалуу ак халатчандар бар да, аларга ишеним артпаганына нааразымын.

Жамалбек Келдибеков. Сокулук:

Курманбек Салиевич саламатта болсун! Германиядан келди, ага кызганыч жок. Тек гана ич күйөт экен, эл эмне болду? Мен өткөндө жаздым эле:

Казакка учту Каркыра
Чыркыра, кыргыз, чыркыра
Кинг-конг өзү ышкырган
72 жылкыга

Эми президентке саламым:

Свет өчөт, тезек жок,
Тезек чычар эшек жок
Камбарата жутат го
Токтогул гэсин кошоктоп
Мен мунун баарын ич күйгөндөн жазып жатам, жаза да берем.

Кубанычбек. Бишкек:
Президенттин денсоолугу айтабы-айтпайбы өз иши болуш керек. Ушак болбосун десе, айтыш керек. Баары бир десе, айтпай эле койсун. Мени кызыктырганы президенттин денсоолугу эмес, элдин абалы, элдин денсоолугу.

Минара, медициналык академиянын студенти:
Президенттин денсоолугу жана жеке иштери тууралу калың калкка маалымат берүүнүн кажети жок деп эсептейм. Ал – анын жеке иши. Ал туура иштеп, элдин мүдөөсүн чечкени эн маанилүү деп эсептейм.

Рысбек. Бишкек:
Президент болгондон кийин, эл аны шайлагандан кийин, элге айтып туруш керек, эмнеге кетип атат, кайда кетип атат. Мына бир айдан бери көрдүк президент жок экенин, президенти жок эле жашай берсек деле болот экен.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Өлкө жетекчилеринин турмушу, ден соолугу боюнча ачык маалымат берилип турушу керек. Антпесе, ар кандай божомолдор тарап, ал улам өрчүп такыр башка мааниге ээ болуп кетет. Элден мындай маалыматтарды жашыруунун кажети жок.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Президентин эс алып келгенине ар кандай сөз болуп атат. Президенттин жумушу абдан оор, канча жумушту аткарды. Ар кандай актанууларды айтпай, дароо ачыгын айтыш керек. Айтаарым, президентибиздин ден соолугу чын болуп, элдин керегине жарасын.

Кушчубек Сарбагышев Жалалабад
1-жетекчинин ден соолугу боюнча маалымат элде болуш керек. Бирок ийне-жибине чейин киришпеш кере. Былтыр өкмот жашырып туура эмес кылды. Эс алууда же дарыланга кетти деп билдирип туруш керек.

Рысбек. Бишкек:
Президент болобу, башка чиновник болобу, биз кызыктарбыз да. Америкада ал тургай келечекте президент боло турган Маккейнден эмне менен ооруйсуз, медициналык китепчеңизди көрсөтүңүз дегенге чейин барышпадыбы, демек, алар өлкө келечегин ойлошот. Биз да билип турууга укуктуубуз.


19 ноябрь, 2008

Жол кырсыктарына ким күнөлүү?

Илиз, тоо институтунун 2-курсунун студенти:
Жолдогу кырсыктарга негизинен өзүбүз күнөөлүбүз. Эрежелерди бузгандар да өзүбүз. Мисалы, кээси автомектепте окубай эле айдоочулук күбөлүктү сатып алышат. Өз өмүрүбүз – оз колубузда.

Бишкектен Нуркул Сулайманов:
Бизде айдоочулар көрүнгөн жерге токтой беришет.

Базаргүл Маманова, Оштон:
Көбүнчө түнү көп авария катталат. Айрыкча Бишкек - Ош багытында көп болот. Жаш балдар катуу айдайт, ошондуктан 5 миңден 10 миңге чейин сомдук айыппул салыш керек эле. МАИни эми айтпай эле коёюн. Мүмкүн немистерди апкелип МАИге коюш керекпи?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Жол кырсыктарынан дүйнөдө биринчи орунда турганыбыз өтө кейиштүү. Ал эми бөөдө адамдын капыстан кетип калышы эмне деген азап? Буга биринчи кезекте айдоочулар күнөөлү. Кыздарды көчөгө коюп жатышат, айыппулду көтөрүп жатышат, бирок андан майнап чыкпай жатат. Жылына бир жолу эмес, ар бир жекшемби сайын эскерип туруу керек. Дагы айтарым: үйлөнүү үлпөтү болгондо көчө толо айдашат, кызыл светофорго да өтө беришет, ызы-чуу салып айдашат, эчкимди тоготушпайт. МАИ аларды неге токтотпойт? Дал ошолор кырсыкка себепчи болуп жатышпайбы.

Айзада. Бишкек:
Мен азыр автошколдо окуп жатам, көчөгө айдып чыкканда көбүнчө крутой машинелер бузушат, алар эчкимди көзүнө илишпейт. Анан госномери бар машинелер бузушат. “Балык башынан сасыйт” деген ушул, аларды тыймайынча абал оңолбойт. Андан башка пешеходдор да көрүнгөн жерден өтө беришет. Бусиктерди көрүнгөн жерден токтотушат, ошондой аварийный ситуация болуп жатат.


18 Ноябрь, 2008

Эркек мугалимдердин жетишсиздиги эркек балдардын тарбиясына кандай таасир этет?

Нурбай Турдакунов, мугалим. Таш-Дөбө айылы, Аламүдүн району:
Биздин мектепте 45 мугалимдин экөө эле эркек. Эркек мугалим жок болсо балдар аял мугалимдерди тоготпой калат экен. Анын үстүнө чынеле мүнөздөрү да башкача болуп чыгууда. Эркектер болсо аялдан аз акча тапса, өздөрүн кем сезишет. Ошондуктан курулуштарга же Россияга кетип жатышат. Айлык көтөрүлсө эле кайтып келишет.

Алиман:
Эркек мугалимдер баары бир он тарбия бере бербейт. Азыр айылдарда эркектердин көпчүлугу ичкиликке ооп кеткен. Андан көрө аялдар тарбия бергени оң деп эсептейм.

Атын атабагын угарман:
Эркектерди мектептерге тартуу үчүн аларга ошол жерден турак-жай, жер бериш керек. Алар ал жакка барып жашап, түптөлүп, бүлөлүү болуп калса, биротоло калып калат. Ушундай жол менен тартууга болот деп ойлойм.

Ибрагим. Бишкек:
Аял мугалимдердин колунан чыккан балдар назик болуп калат дегенге такыр кошулбайм. Аялдар эркектен кем эмес сабак беришет, алардан кем эмес таалим беришет да. Алар биринчиден эне эмеспи.

Аксана. Баткен:
Эркектер айлыктын аздыгынан кетип жатышпайбы. Мектептен айына 3 миң сом алгандан көрө алар курулуштан күнүнө 300тон сом таап алышат да. Чын эле эркектин тарбиясын көрбөй калган балдар же кыз эмес, же эркек эмес, арабөк жан болуп калууда. Мектепте эркек жок болгондон кийин балдар эчкимден сестенбей жатышат. Эгер эркек болсо, алар курч да болуп, сестенип жакшы да окушмак эле. Менин балам келаткан жылы биринчи класска барат, ал эркектин тарбиясын албай калабы деп корком.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Агайлардын жоктугу эркек баланын мүнөзүнө сөз жок таасир этет. Жалаң аялдардын колунан чыккандар жумшак же назик болуп калары шексиз. Ал эми жанагы бейбаш балдар көчөнүн таасиринен чыгып жатышпайбы. Ошондуктан, мектепте эң болбогондо 50 пайызы эркек, жарымы аял мугалим болсо, балдарыбыз жигит мүнөз болуп тарбияланышмак.

Гүлмира, мугалим:
Маселе туура коюлду. Мугалимдин айлыгын бери дегенде беш эсе көтөрсө, эркектер мектепке кайтып келишет. Эркектин болушу аял коллективдин тартибине да таасир этет, баягы женский интрига азаймак.

Гүлсүн Маматова. Ош:
Эркек мугалимдердин жоктугу жаман эле болуп жатат. Ал жагын ким ойлонушу керек? Менин бир туугандарым жылдап Орусияда жүрүшөт, алардын балдары кайдан эркектин таалимин алат?


17 Ноябрь, 2008

Эмне үчүн тыйындар жакшы жүгүрбөй жатат?

Зарылбек. Бишкек:
Тыйындарды 10 тыйын же 50 тыйындарды чыгарбай эле койсо болмок, себеби, аларга эч нерсе келбейт, ошондуктан, алар ар кай жактарды калып калды, эч ким алгысы келбейт. Беш сомдук тыйындар жакшы эле колдонууга кирип кетпедиби.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Тыйындар эмне себептен чыгарылганы белгисиз. Эң алды түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болмок. Оюнчук кылып ыргытып жүргөнүн көрүп атабыз.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Тыйындар союздун убагынджа эн жакшы акча болгон. 17 жылдан бери тыйынды кармабай чанып атпайбыз. Тыйын деген чөнтөккө алып жүргөнгө жакшы, көпкө колдонууга болот.

Кубат. Тон:
Улуттук темир акчалардан 50 тыйын же 1 сомго жогорку баадагы товар келбейт. Темир акчаларды 10,20 50 сомдук кылып чыгарып койсо, эл аргасыз колдонот болчу.

13 Ноябрь, 2008

Кыргызстанга Кытайдан келген унду Москвада текшерnип көрүп, анда мите курт жок, бирок, мите курттардын башка 8 түрүн жана метал-магнит кошулмалар көп экени маалым болду. Бул мин тоннадан ашуун унду элеп, курттарын жоготууга жумшаган бир нече айда унду пайдалануу мөөнөтү өтүп кетет, эми өкмөт бул унду жок кылышы керекпи же айласын таап зыяндуулугун азайтса болобу?

Анара. Бишкек:
Меламин кошулган ун боюнча Кытайдан заказ берип, алып келген кишилерди жазага тартыш керек. 100 миллион сом зыян болот, деп жатышат. Кенедей калкыбызды уулап жок кылышабы. Кыргыз эли бул окуяга дыкаттык менен көңүл буруп, карап турат. Ушуга жол берген чиновниктерди камакка алыш керек, деп ойлойм.

Оңолбек Шаршеев:
Кытайдан келген ундун сапаты начар болсо, тамак-ашка пайдаланууга болбойт. Эми ушинтип, начар экен, деп эле олтура бербей, ошол унду ким алып келген болсо, ошолорду жоопко тартып, унга, лабораториялык текшерүүлөргө кеткен чыгымдарын төлөтүп алыш керек. Андан сырткары, сырттан келген азык-түлүк мындан ары кооптуу болбойт деген кепилдик берип, элге жарыялаш керек.

Жаңыл:
Эми ушул унду биздин чиновниктер элге сатып жибербесе экен. Сапатсыз унду эмне кылганын, кайра кайтарып бердиби, же тазаладыбы, элге айтып коюшса жакшы болмок.

Рысмендиев, Кочкор
Кытайдан келген мүшөгү 25 килограммдык ундарды 400 сомдон сатып жиберишпедиби. Эми кайсы унду айтып жатышат?


12 Ноябрь, 2008

Мектептерде зөөкүрдүк, рэкет көрүнүштөрүнөн кантип арылса болот?

Темир:
Балдар арасында рэкеттик айылга жетиптир, деп атпайбы. Айылга эчак эле жеткен. Аны токтотуш мүмкүн эмес, токтотконго болбой калды. Балдар ата-энесине айтпайт, эркек эмессин, деп кордошот. Ошондуктан, муну башка жол менен чечиш керек.

Үсөн Арстанбеков. Талас:
Мектептеги рэкетчиликти токтото албаса, биздин мамлекет эмне деген мамлекет? Балдарды коргой албаса, анда бул мамлекетти жоюш эле керек болуп калат ко.

Жамал:
Балдар - бул коомдун күзгүсү да. Алар эмнени көрүшсө, ошону жасашат. Азыр эми алар эмнени көрүп атышат? Бир-бирин алдаганды, токмоктогонду, алдуусу алсызынан каалаганын тартып алганды, колунда бары, колунда жогун кордогонду көрүп атпайбы. Анан алар ошону туурашат. Ошондуктан балдарды эмес, биринчи коомду дарылаш керек.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мектептердеги рэкеттик көрүнүштөр кокус чыга калган жок. Мектеп директорлору, ата-энелер кайдыгер болуп, катуу чараларды көрбөй, бул жайылып кетти. Милициянын жардамы менен, ата-энелер жыйынына салып, андай көрүнүштөргө каршы активдүү күрөш жүргүзүү керек. Бул эми айыл-кыштактарга да жетиптир. Муну токтотпосок, бул балдарыбыз кийин чыныгы рэкет болуп чоңоюшат.


6 Ноябрь, 2008

Дүйнөлүк финансалык кризис учурунда кыргыздар аш-тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартып, сарамжалдуу болушу керекпи?

Гүлбүбү. Токмок:
Аш-тойлордо көп чыгым кетирүүнү туура эмес көрөм. Менин оюмча, балээнин баарын баштап жаткан, акүй-көкүйдө олтурган чоңдор болуп жатат. Алар арт-артынан мал сойбосо эле, карапайым атуулдар антпейт болчу.

Кубат, Тоң:
Менимче, жөнөкөй элди коюп, мамлекеттик башчылар ар кандай тойлорду, юбилейлерди, бирөөлөрдүн туулган, көз жумган күндөрүн белгилегенди токтосо болмок. Ошондо мамлекеттик каражатты үнөмдөп калмакпыз.


4 Ноябрь, 2008

АКШнын жардамы Кыргызстанга жуктубу?

Базаргүл Маманова. Ош
Америкага биз эч убакта дос болгон эмеспиз, болбойбуз да. Демократия деп Кыргызстан эли Американын кулу болуп калбадыбы. 80 пайыз элибиз жаман жашайт, оору, өлүм, катастрофа, сабатсыздык жагынан дүйнөдө алдынкы орунда турабывз. Ушунун баары демократиянын кесепети. Аны Америка жасабадыбы, анан кантип дос дейбиз. Бир ууч эле байларды чыгарып койду, капиталисттерди. Бирок, Барак Обама келсе достошушубуз мүмкүн. Анын программасы абдан жакшы.

Оңолбек Шаршеев:
Амеиркада беш айга жакын жүрүп келдим, деги корбөгөн нерсем калбады окшойт. Ал жерлдеги турмуш деңгээли кол жеткис деп айтсак болот. Ал жерде гезиттери сынды бетке айтышат экен, кимиси болсун, президентиби, башка чиновниктериби чычалабйт экен. Биздин коп балдар окушат ла жакта. Ошондуктан, Америка менен дайыма жакшы мамиледе болуу керек.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Мен Барак Обаманы колдойт элем. Эмне дегенде, ал демократ. Биздин Кыргызстан да демократиялык жолго түшпөдүбү.


2 - 3 Октябрь, 2008

Кайрадан бириккенин жар салган оппозиция эмне кыла алат?

Жамалбек Келдибеков. Сокулук:

Менин оюмча, бийлик менен оппозиция бирикпесе, кыргыздар тарап кеткени турат. Эми мындай ыр саптарын айтайын:

Кереги жок депутаттын токсону

Жетимиши Бакиевдин октору

Жарымысы оппозиция болгондо

Күйүп турмак Фрунзенин оттору

Урмат Абдумомунов. Кочкор:
Оппозиция биригип туура кылды, бул учурдун талабы. Нарын эли оппозицияны колдойт.

Азиз:
Оппозициянын биригип, үйбүлөлүк башкарууну талкалоочу учуру келди.

Нурзатова. Чүй облусу:
Кыргызстанга элдин керегине жарай турган оппозиция зарыл. Мисалы, дачаларда жашап жаткан бей-бечаралардын маселелерин чечип берсе, эл бир тыйынсыз эле артынан ээрчийт эле. Ал байкуштардын жерлерин мурдагы бийликте да тартып алып, өздөрүн Россияга айдашчу, азыр деле ошол. Оппозиция ошолордун маселесин чечип берсинчи, артынан ээрчийт.

Баткенден Үсөн Жумабаев:
Мен азыркы оппозицияга такыр ишенбейм. Алар Американын авиабазасын эмнеге кубалашат? Канттагы орус базасын дагы көбөйтүш керек. Биз өзүбүздү өзүбүз коргой албайбыз.

Назгүл. Кемин:
Оппозициянын келишин колдойм. Азыркы парламентте негизинен өз кызыкчылыгын ойлогон депутаттар отурушат. Мисалы, энергетика көйгөйлөрүн, жумушсуздукту чечкендин ордуна өз коопсуздугу үчүн тапанча алып жүрөлү деп жатышат. А элди ким ойлойт?

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Белгилүү инсандарыбыздын бириккен оппозиция түзөбүз дегени - утопия. Буга чейин да ушундай аракеттер болгон. Бирок ичара ынтымакка келалбай жүрүшөт. Ким президент болот дегенге келгенде эле өзара ырылдашмайы бар. Ошондуктан ишенбей жатабыз.

Бактыгүл. Бишкек
Оппозиция бизде бар, ал бизге керек. Бу бийлик башындагылардын бетине агын ак, карасын кара деп айткан жалгыз оппозиция. Оппозиция сөз жок тилегине жетерине көзүм жетет. Мен аны колдоймун жана башкаларды да оппозицияны колдоого чакырамын.

Курманбек Даминов. Бишкек
Оппозиция деген азыр жок. Алар алдамчылар, нукура оппозиция бизде жок. Булар негизинен бийликти ойлогон адамдар. Мисалы, Раззаков сыңары кыргыздын тагдырын ойлогон адамдар жок.

Шерали. Ош:
Квартираларга меш койгонго эл арга жоктон барып жатат. Азыркы бийликтин энергетический саясаты ушуга алып келди да.

Жамийла. Бишкек:
Оппозициянын келечеги бар, бирок арасында кой терисин жамынган карышкырлар эле болбосо экен. Айрыкча парламенттеги оппозицияны жакшы баалаймын. Бетке айтышат, кыргызча сүйлөшөт.

Гүлсүн Маматова. Ош:
Азыркы оппозициядан эч убакта майнап чыкпайт. Себеби булар бийлик менен табакташ, сырдаш адамдар. Бизге жаңы, жаштардын оппозициясы керек.

30 Октябрь, 2008

Энергия тартыш болуп жатканда токойлор кыйылабы?

Курманбек Даминов. Бишкек:
Элдер чыны менен эле токойлорду кыят. Жан багыш керек да. Бул үчүн өкмөт көзөмөлдү күчөтүп, электр энергиясын жакшы бербейби.

Орузбай Мүсүралиев. Бишкек:
Кыш келди, эл көмүрүн алды. Бирок, баары бир жыгачсыз от күйбөйт да, ошондуктан кыят бактарды баары бир. Ошондуктан, куурап же жараксыз болгон бактарды элге кыйганга уруксат беришсе, алар ансыз да шамалда кулап атат.

Гулмира.
Бактар кыйылат дегенге толук ишенем. Көмүр төрт миң болуп атат. Алган айлыгыбыз бир жарым миң сом. Азыр жан багыш үчүн керек болсо киши өлтүргөнгө барат отун эмес. Ошондуктан, электр энергияны жайына эле койсо болмок биздин өкмөт.

Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Электр энергиянын өчүрүлүшүнөн, көмүрдүн кымбаттыгынан, токойлор эмес, тоо боорундагы бадалдарды кыйып келип жагып атканын айылдагы туугандарыбыз деле айтып атышат. Керек болсо, чычырканакка чейин жетишет эми.

Жийде. Студент:
Свет өчсө, албетте, бактар кыйылат. Мен буга ишенем. Анан элдер эмне жакмак эле?

Атын атабаган угарман:
Совет убагында бактарды кыйбай эле куурай терип эле оокат кылып келгенбиз. Бул кризис эле дешет, мен буга түшүнбөй койдум. Совет убагында эмне деген ишканалар иштеп, баары жакшы болчу. Айылдагыларга айтаарым, эл катары оокат кылып жыгач жаксак да кыштан чыгабыз эптеп. Дүйнөдө кыйынчылык болуп атканда бизде деле болбой коймок беле? Бирок, элге кайрылаарым токойлорго тийбесин.


29 Октябрь, 2008

Дагы кандай жактан үнөмдөсө болот?

Кубанычбек:
Үнөмдөөнүн дагы бир жолун айтып берейин. Өлкөдөгү бардык лампа накаливанияларды люминицентцый лампаларга алмаштырсак, лампа накаливаниялар 100 ватт жейт, люминицентный лампалар 17 ватт жейт. Ошондо электр энергия, анын артынан каражат 80%га үнөмдөлөт эле. Ушуну бирөө колго алып ишке киргизсе, жок дегенде ар бир үй-бүлө ушуну үйүнө киргизсе, чоң каражат үнөмдөлөт эле. Үйдөгү лампочкаларды башкача атканда жаңы түрдөгү лампага алмаштырышыбыз керек.

Зарылбек. Токтогул, Чолпоната айылы:
Бүт чиновниктердин машинелерин кыскартыш керек. Анын ичинде айыл өкмөттөрүнүн транспортторун дагы кыскартуу абзел. Мамлекеттик каражаттын көбү ошого кетип жатат деп ойлойм. Эч пайдасы жок.

Атын атабаган угарман:
Хрущев убагында бардык областтарды жоюп салган. Анда өнөржай, айыл чарба өсүп-өнүгүп турган. Эми Кыргызстандагы жети област кайсы айыл чарба, кайсы өнөржайды жетектейт?! Областтык аткаминерлердин шайлоо, референдум учурунда жогорку бийликтердин тапшырмасын аткаруудан башка иши жок. Областтарды тез арада жоюш керек, райондорду ирилештириш керек, президент менен премьердин администрациясын бириктириш керек. Азыркы кризис күчөп турган убакта бул абдан керек.

Азат. Бишкек:
Министрликтерди жоюу маселесине токтолсок. Азыр бийликтегилер өзүнө жаккан, колунда бар адамдарды калтырып коюп, жакшы адистерди кетирип жатышат. Анан айланып келип эле электр энергиясын сатып жатышат.

Көкүмбай:
Менин оюмча Айылчарба министрлигин март айына чейин отпускага жиберип ийиш керек деп ойлойм. Себеби, булар элдин үстүнөн жөн эле жалган сводкаларды берип эле олтурат деп ойлойм.

Кубанычбек. Доцент:
Үнөмдөөчү жай – бул жогорку окуу жайлар деп эсептейм. Анткени 150дөн ашуун жождордо 240 миң студент бар. Алардын теңинен көбү башканы кой, жөнөкөй жадыбалды билишпейт. Аларды окутуп мамлекет бөөдө чыгым тартып жатат. Жарымын кыскартып салса, жылына бир чоң завод курууга жеткидей акча үнөмдөп калмак.

Оңолбек Шаршеев:
Министрликтер чыгымдарды кыскарт дегени туура эмес. Жумшак мамиле кылып жатат. Анын ордуна санын кыскартып, иштин сапатын жогорулатууга аракет кылыш керек болчу. Маселен энергетиктер жылына отуз-кырк пайыз жоготуу болуп жатат дешет. Бирок, ага жооп берген эч ким жок. Аларды кур дегенде теңинен көбүн кыскартса болбойт беле. Ушуга көөнүм ооруйт.

Жеңиш. Бишкек:
Биздин чиновниктер элдин маңдай тери менен тапкан акчасын үнөмдөөрүнө ишенбейм. Антпесе, жакырчылык, жумушсуздук күчөп, карызга баткан өлкөдө, министрлер, аким-губернаторлор, депутаттар он миңдеген доллардык джиптерди минип жүрүшөт беле?


28 Октябрь, 2008

Расмий той, майрамдарды кыскартуу сунушун колдойсузбу?

Оңолбек Шаршеев:
Ар кыл тойлор, тойго байланыштуу иш-чаралар эскиликтин калдыгы десек болот. Мамлекетте да, үй-бүлөдө дагы ушуларды азайтпасак, ансыз деле кыйналып турган элибизге зыян болот. Туулган күн тосуу, же өлүм житимге ашыкча чыгым кылуу сыяктуу нерселерди кыскартып, акча-каражаттарыбызды билим берүү, окууга көбүрөөк жумшабасак болбойт.

Мукай Керимбаев:
Мамлекеттик деңгээлдеги той-тамашаларды кыскартыш керек. Бул өнүгүп келе жаткан өлкө катары тоскоолдук болот. Биз өзүбуздү ишкер мамлекет катары таанытышыбыз керек. Ак элечек, калпак кийип алып эле маарекелерди өткөрүп коюп, дүйнөдөгү элди тартабыз, таң калтырабыз деген туура эмес.

Базаргүл:
Оюн-шоок өтө көп болуп келди. Фестиваль, конференцияларды, концерттерди арт-артынан өткөрүп жатабыз. Свет жок болсо, курсагыбыз ач болсо анан кантип, ырдап-чордойт элек. Андан көрө балдарга билим берген китептерди чыгарышпайбы.


27 Октябрь, 2008

Кыргыз армиясы

Чынара Абдыбекова:
Коргоо министрине суроом: биздин армия бизди коргооруна ишенбейм. Анткени, кадимки эле аскер мектеби Суворов мектебин оңдоп алышсынчы.

Тоңдон Кубат:
Менимче, жоокерлер санын кыскартып, айлыгын көтөрүү эсебинен армия түзүү эларалык деңгээлде күчүн азайтпайбы деген ой бар. Анан ар бир атуул эл-жерин коргоого милдетүү деген башмыйзамды кантебиз? Үчүнчүдөн, коргоо жөндөмдүүлүгүнө кыскартуунун эмес, айлыктарын көтөрүү эсебинен жетишсе болот да. Армия канча күчтүү болсо, элдин бейкуттугу да ошончо жакшы камсыз болот. Жоокерлерди кыскартабыз деп отуруп, ар кандай ички-тышкы карама-каршылыктарга туруштук бере албай калышыбыз да мүмкүн.

Гүлсүн:
Армияда темирдей тартип жок. Офицерлер балдарды өзүнүн досторуна, тааныштарына жумушка жиберип жатышат, биз билгенден. Аскер балдардын жеген тамак-ашы дагы дурус эмес. Мына ушундай болуп, жатса, алар бизди кайдан коргомок эле. Биринчи өз ичинде тартипти оңдош керек.

Алым Акимов. Ош:
Биздин армия жылына бир жолу полигонго чыгабы, өздөрүнө үй, казарма салып алууга кудурети жетеби деген суроолор туулат. Андан соң, бизге мынча көп генералдын деле кереги жок деп ойлойм. Бир полковник болсо эле жетмек.

Жалдыз:
Армияны профессионалдуу кылса жакшы болмок. Антпесе, аскер балдар арык, кичинекей болуп, анча ишеним туудурбайт.

24 Октябрь, 2008

Кытайдан келген ундан курт чыкты

Иляс. Бишкек:
Кытайдан эмне продукт болсо да ташыганга каршымын. Ал Кытайдан ун апкелген уу апкелгенге тете.

Атын атабаган угарман:
Зыяндуу ундарды кайра Кытайга жибериш керек. Кытайдын кийимдеринен да уу чыгып жатат. Ал эми унду такыр албаш керек да, өзүбүздүкү эле жетет да.

23 Октябрь, 2008

Кытайдан келген эттин сапаты

Курманбек. Бишкек:
Кытайдан эт алып келүү аракеттерин өкмөт көзөмөлдөш керек. Бизде өзүбүздө эт азыктары жетиштүү болуп жатса, сырттан алып келүү туура эмес. Анын үстүнө сырттан келген эттин сапаты дагы шек туудурат. Биз өзүбүздүн келечегибизди ойлошубуз керек.

Гүлсүн. Ош:
Биздин чиновниктер кыргыздын ден соолугун ойлойбу деген суроо туулуп жатат. Кытайда сапатсыз продуктулардан өздөрүнүн атуулдарынын балдары деле жабыр тартканын көрдүк. Ошого карап, эт алып келүүнү тыйып коюшса болбойбу.

22 Октябрь, 2008

Кыз ала качуу салтпы?

Эркин Маматов, догдур. Бишкек:
Кыз ала качуу эч качан салт болгон эмес, муну салт кылып жасап алышкан. Кыз уурдоо, ала качуу бул шермендечилик деп эсептейм. Мисалы, айбанаттарды алалы, алар ургаачысын тартып кетүү деген жок да. Айбан болсо да ургаачысына жагып, жөндөмүн далилдеп, анан баш ийдирет. Адамдар ошончо жокпузбу? Коомдо орду жок, өзүнө ишенбеген, карөзгөй адамдар гана ала качууга жөндөмдүү деп ойлойм.

Абдраев:
Үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюнча Женевада өкмөттүк өкүлдөр отчет берип жатат дебедиңиздерби. Менин айтайын дегеним ал жерге өкмөттүк эмес уюмдарда дагы катышып жатат. Кыргызстан боюнча аялдар форумунун өкүлү Нургуль Жанаева, ошондой эле дагы үчөө катышып жатат.

Оңолбек Шаршеев:
Кыз ал акачуу кыргыз элинин салтында илгертен болгон эмес.

21 Октябрь, 2008

Экономикалык кризис эмнеден көрүнүүдө?

Амантур. Бишкек:
Кризис кымбатчылыктан көрүнүп жатпайбы. Былтыркы миң сом менен азыркы миң сомду салыштыра албайсың. Дагы бир тармак бул курулушта болуп жатат. Шаардын чет жагында курулуп жаткан үйлөрдүн көбү токтоп калды. Анткени, тамак-ашка көп акча жумшалып жатат.

Гүлзина. Бишкек:
Кафелерге киши аз барып калды. Былтыр 70-80 сомго тоё тамак жесең, азыр эки жүз сомсуз жакшырак кафеге кирбей эле койсоң болот. Мен билгенден Бишкектин ортосунан эки-үч кафе-ресторан банкрот болду. Базарларда соода жайлап калды. Менин подружкам Дордойдогу контейнерин сатып жатат.

20 Октябрь, 2008

Жетекчилер жол эрежесин көп бузабы?

Атын атабаган угарман:
Мен депуттар жөнүндө айткым келип жатат. Кез-кезде токтотсоң, депуттардын өзү тилдейт. Айдоочусу унчукпайт. Мен депутатмын деп опузалашат. Ошол депутаттарда консультация бериш керек деп ойлойм.

Ильяс:
Чиновниктерди машинелери эрежелерди көп эле бузат деп ойлойм.

16 октябрь, 2008

Акча тартыш, азык түлүк баасы өскөн шартта, кантип сарамжалдап, үнөмдөп жашаса болот?

Канат:
Бул жашоодо негизинен үнөмдөп жашоо такыр эле болбой калды. Бир жагына жетиштирейин десең, экинчи жагына жетишпейт. Негизинен айлык маселеси чоң көйгөй болуп турат. Буга өкмөт көңүл бурса.

Арзыгулов. Бишкек:
Студент балдардыкы чынында эле куурал. Студенттерге стипендиясын көтөрүш керек өкмөт. Чудинов, Айдаралиев дегендер эмне кылып жүрөт?!

Фатима:
Мен студентмин. Акчаң аз болсо, үйдө продукту жок болсо, айылдан алып келсең, көп болсо бир жумага жетет. Анан тоголок картөшкө менен калабыз. Бирок ошол эле учурда эл кийген кийимди кийип кыялданып жашайбыз. Акчаны үнөмдөш үчүн диетага олтуруш керек. Ден соолукка да пайдалуу.

Сатыбек. Бишкек:
Мен дагы 80ге чыктым. Пенсионерлерге абдан кыйын болуп калды. Биринчиден, алып сатарларды тыйыш керек. Экинчиден, пенсиянын көлөмүн жогорулатпаса, биздин жашообуз абдан кыйын болуп калды.

Гүлсүн:
Менин төрт балам бар. Экөө мектепте окуйт. Экөө окубайт. Турмуш кыйын. Биз эки үч айлап эт жебейбиз. Эптеп-септеп жумуртка, гречка менен тамактанабыз тапкан акчабызга. Неге бизди ушундай кааласаң жаша, каалабасаң жашаба дегендей оор абалга алып келип коюшканын билбейбиз.

Кубат. Тоң:
Студенттерди колдош керек. Айрыкча контракт менен окугандар акчасын төлөй албай күнү-түнү иштеп жатышат. Алар мындай абалда кайдагы окууну ойломок эле. Кара курсак деп жүрүп, жаштарыбыздын билими аксап калбаса болду. Ушуну ойлошубуз керек.

Базаркүл. Ош:
Биз чоң үй-бүлөбүз. Биздин каражатыбыз ун, май, шекерге эле иштеп калды. Калган тамак-ашты 2-3 айда бир көрөбүз. Жакында эле биздин чиновниктер өлкө боюнча 18 миң бала майып деп жатышат. Алардын көбү ушул тамак-аш тартыштыгынан болот болушу керек. Ушинтип олтурсак, биз майыптардын өлкөсү болуп калабызбы, деп корком.


15 октябрь, 2008

Оппозициянын системаны өзгөртүү керек деген ураанын көпчүлүк колдойбу? Оппозицияны оома саясатчылар булгап жатат деген көз карашка мамилеңиз?

Жеңишбек Конушбаев. Арчабешик:
Оппозицияда көрүнүктүү саясатчылар бар. Алар эмне десе, мен аларды колдоймун.

Атын атабаган угарман. Куртка айылы:
Адахан Мадумаров кайрадан бийликке келүүгө кандай акысы бар?

Рыспек. Бишкек:
Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн кол топтоп аткандарга мен эки колдоп кошулат элем. Бакиев кетмейин Кыргызстанда эзели иш оңолбойт. Ошону менен бирге "Акжолдон" куралган парламент дагы кетиши керек.

Ильяс. Бишкек:
Бакиев президент болгону көп нерсени деле кыйраткан жок.

Саид Абдрахман уулу:
Системаны өзгөртүү керек деп Топчубек, Азимбек байкелер айтып жатат. Түп тамырынан өзгөртүп, башка бир системаны алып келиш керек, дейт элем.

Атын атабаган угарман:
Ар бир элдин мекенчил, акылдуу уул-кыздары болот. Кыргыз мындайлардан кур эмес. Ар нерсенин өйдө-ылдыйы болот дегендей, саясатта дагы караөзгөйү, акылсыздары болот. Буларды жашоо өзү эле иргеп, таштандыга таштап коет. Мындан трагедия жасаштын кереги жок. Булардын ордун башкалар ээлейт. Кептин баары - ошол мекенчил уул-кыздарды элдин колдошунда жана коргошунда жатат. Мамлекетти ошол мекенчил уул-кыздар сактайт. Ар бир эл өз бактысы үчүн жан аябай күрөшүүсү керек.

Атын атабаган угарман:
Оппозиционерлерге кошулам. Бакиевди кетириш керек.

Урмат Аскеров. Бишкек:
Оппозицияны жаштар колдоп кетет деп эсептейм. Анткени көптөгөн жаштар жогорку окуу жайларда контрактын баасы жогорулаганы нааразы болуп жатышат. Окууларын таштап, чет өлкөгө иш издеп кетип жатышат.

Таалай. Бишкек:
Бакиевдин системасын эки жыл мурда эле өзгөртүш керек болчу. Азыр кеч болуп калды. Экономикалык оор абал түзүлдү. Электр өчүрүүлөрдөн көптөгөн чет элдик фирмалар башка өлкөлөргө кетип калышты. Ишкерлерге кыйын болду. Башкаруу системасын өзгөртпөсөк, алдыга жылбайбыз.

Базаргүл. Ош:
Оппозицияны да, азыркы өкмөттү дагы колдобойбуз. Аларга ишенип олтуруп, азыркы абалга кептелдик. Жаштарды ишке тартып, өлкөнү өнүктүргөндүн ордуна, аларды качыруу аркылуу өлкөнү артка тартып жатышат.

Асылбек. Талас:
Оппозицияга жаңы кишилер келсе, эл ээрчимек.

Нуриля. Бишкек:
Мындан үч жыл мурда чыныгы оппозиция бар эле. Аларга Кулов кошулгандан кийин оппозиция элге жаман көрүнүп калды. Бийликтин акырынан жем жеп келгендерди оппозиция катарына кошпош керек эле.


14 октябрь, 2008

Эмне себептен жоголгон адамдардын саны көбөйүп жатат?

Базаргүл Маманова. Ош:
Адамдардын жоголушу – милициялардын шалаакылыгы. Экинчиден, демократия, демократия деп алаксытышат. Кишилерди өлтүрүп, жаш балдардын органдарын сатуу чоң бизнес экен.

Олжобек. Бишкек:
Адамдардын баары эле кулчулукка сатылып кетип атат. Менин кошунам эле бир жылдай кулчулукта жүрүп келди. Жөн кетип бараткан жерден эле кармап кетип, Казакстанга тамекиге иштетип коюптур. Туугандары аны өлдү го, деп үмүт үзүшкөн. Дагы эки Кыргызстандык балдар менен качып чыгып, аман-эсен кайтып келди. Эми ушул чек араны деле жакшы карашпайбы, карабашыл киши өтүп кетип аткандан кийин, анан эмне айтасың. Акча берип койсо болду экен да, каалаган нерсени алып өтө бер.


13 октябрь, 2008

Хизбут тахрирчилерге мамилеңиз кандай?

Шабдар. Бишкек:
Динчилерге ар кандай ыплас нерселерди жабыштырып жатышпайбы. Бирок куран китепте кандай жакшы нерселер жазылган! Ошону эле ачыкка чыгарабыз деген аракет.

Атын атабаган угарман:
Экономикалык экспансия деген түшүнүк бар. Аны кыргызча чечмелегенде экономиканы акырындан басып алуу, дегенди билдирет. Мына, алтыныбыздын күнүн чет жердиктер көрүп жатат. Эми суу-энергетика тармагын орустарга беребиз, деп жатышат. Ошентип, бара-бара өз экономикабызга өзүбуз ээ боло албай калабыз. Уул-кыздарыбызды сыртка кетүүгө мажбурлап коюп, алар акча салып жатат, деп кубанабыз. Экономикасына ээ болбой калган мамлекет эгемендигинен ажырайт. Ушуну кыргыз түшүнсө боло.


9 октябрь, 2008

Голбалдык финансалык кризис Сиздин турмушуңузга таасирин тийгизеби?

Нурбай. Таш-Дөбө айылы, Аламүдүн району:
Дүйнөлүк кризиске чейин эле бизде тынымсыз кризис болуп келатпайбы. Биз көнүп деле калдык. Мага бир да таасирин тийгизген жок. Банкта миллион долларым болсо, балким, күйүп кетмекмин.

Бектурган, аспирант. Бишкек:
Дүйнөлүк кризис биз сыяктуу четтеги, финансы ресурстары чектелүү мамлекеттерге катуу зыянын тийгизген жок. Үйлөр гана арзандап кетти. Бишкектеги үйлөр негизинен казакстандык банктардын ипотекалык саясатынан улам кымбаттап кеткен болучу.


8 октябрь, 2008

Нурадагы жер титирөөдөн кийин кыргыздар туруштук бере алган үйлөрдү курабы?

Гүлсүн Маматова. Ош:
Нуралык туугандарга көңүл айтабыз. Ушундай жерлерди, үйлөрдү билип туруп, эч чара көрүлбөгөнүнө кабыргабыз кайышып жатат.

Шайыргүл. Бишкек:
Бишкекте жаңы конуштарда деле коркунуч менен жашап атабыз. Кытайдын арзан материалдары менен эптеп үй салабыз, андан башкага акча жетпейт.

Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Абдан кайгырып атабыз баарыбыз эле. Кыргызчылык кылып, эртеңки күндү эске албай жатпайбызбы. Эми берген акчаны туура пайдаланып, жакшы үй салып алышса болду. Мына, Бишкектин четинде деле айылдан качып келип, эптеп топурактан үй салып алып, жашап жатышат. Эми Кудай мындай кырсыкты бербесин, андан башка эмне айтабыз?

Айнура Мүдүнөва. Сокулук:
Баарыбыз эле жер титирөөгө туруктуу үй салалы дейбиз. Бирок, ага каражатыбыз жок. Материал кымбат, ошондуктан, эптеп-септеп үй салып жашап атабыз да. Эми Кудай эле сактабаса, андай бекем үй салганга мүмкүнчүлүк жок.

Атын атабаган угарман:
Советтер союузунда үйлөр сейсмикалык нормада салынсын деп, жер-жерлерге цемент, кирпич заводдору курулду эле. Азыр алардын баары жеке менчикке өтүп кетип, баасы асмандын башы. Эл айласыздан топурактан там сала баштады.

Таалай. Бишкек:
Мамлекет көп кабаттуу үйлөрдүн салынышын караса жакшы болот эле. Азыр козу карындай жайнаган кабаттуу үйлөр эч кандай сейсмикалык нормаларга жооп бербейт.

Каныбек Турдумамбетов. Бишкек:
Кытайдын арматуралары сапатсыз деп жатышпайбы, эмне үчүн курулуш боюнча жетекчилик сертификат бербей, ташыганды токтотуп кобойт, ушунун азабынан көп үйлөр кыйрап атпайбы.


6 октябрь, 2008

Нурада болгон жер титирөө жөнүндө

Базаргүл Маманова. Ош:
Жакында эле күн тутулбады беле. Мурда бул бир каргаша болоордогу белги катары айтылчу эле, молдолор андай окуяларды көрө билип, Кудайга жалынып, казан-аякты калдыратып бир ишаарат кылышчу эле. Азыркы молдолор мындай иш чараларды билишпейби, балким, кечээкидей кырсыктар аз болот беле?

Орузбай Мусуралиев:
Азыр салынып жаткан үйлөр өтө сапатсыз, сейсмикалык туруктуулукту сактаганга элдин каражаты жок, эптеп эле кирсек деген оокат болуп атат. Кудай жаманчылыкты бербесин, болбосо жаман эле болот ко.

Үрүлкан. Кемин:
Кырсыктан жапа чеккен Нура айлынын жашоочуларына кайрат кылгыла демекмин. Бечара кыргыздар же үйгө жетпей, же талаптарга жооп берген үй салалбай жүрө берет экенбиз.

Жергиликтүү шайлоо тууралуу

Нурбек, байкоочу:
Байкоочу катары айтсам, жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза эмес өттү. Участкалык комиссиялар протоколдорго мөөр баспай коюп жатышты, шайлоочулар болсо эки-үчтөн келип, добуш беришти. Буга элдин баарынын эле көзү жетти.

Ысык-Көл районунан атын атабаган угарман:
Ысык-Көл районунун Кара-Дөбө айлында жергиликтүү эл администрацияга нааразы болуп, шайлоого келбей жатышат.


3 октябрь, 2008

Мугалимдерди саясий чараларда колдонушабы?

Атын атабаган угарман:
Мен Бишкек мектептеринин биринде иштеймин. Аты-жөнүмдү атагым келбейт, анткени кызматсыз калуудан корком. Бизди – мугалимдерди бийликтер шайлоо жана референдумдарда катуу пайдаланышат. Мисалы, автобустарга, маршруткаларга салып алып, мектептерди кыдыртып, даяр баракчаларды салууга мажбурлашат.

Көчөрбай:
Түптө мугалим болуп иштейм. Бизди шайлоо алдында пайдаланмак турсун, коркутушат бийликтегилер. Атымды да өзгөртүп койдум коркконуман.


2 октябрь, 2008

Айып жазаны көбөйткөнү, жол коопсуздугу жакшырдыбы?

Базаргүл Маманова. Ош:
Байлардын, чоң чиновниктердин балдарынын баарында машине бар, атурсун мектептеги балдары да айдашат. Булардан ГАИ да коркот болуш керек, көп токтотушпайт. Көбүнчө эрежелерди ушундай балдар бузушат. Ошондуктан айып жазаларды беш-он миңге чейин көтөрүүнү, керек болсо, түрмөгө салууну сунуш кылат элем.

Марат. Ысык-Көл:
ГАИден праваны сатып алып жатышат, аны баарыбыз эле билебиз. Ошол сатып алган немелер эрежелерди бузушат да. Бул өзүнчө система болуп калбадыбы.

Таалай. Талас:
Биздей кичинекей облуста бири-бирин таанышат, кимиси чоң, кимиси коммерсант, бүт билишет. Кээ беркилерден ГАИлер өздөрү чайга тыйын таштай кет деп, ачык эле айтышат. ГАИ болсо чоңдордон коркот, анткени бир күнү иши түшөт да. Ошондуктан, Кыргызстанга немистерден ГАИ апкелиш керек.

Жылдыз. Чоң-Арык айылы:

Мамлекеттик номуру барлар дале бузуп жатышат, кызыл светофорго өтүп кете беришет, аларды көрмөксөн болуп коюшат. Менин жолдошум жакында курун тагынбай койгону учун кармалып, правасын араң алды. Ошолеле учурда мамлекеттик номурлар менен коркпой эле бузуп жатышпайбы.


1 октябрь, 2008

Мусулмандар диний майрамын каалаган коомдук жерде өткөрө берсе болобу?

Чоро Осмонов. Бишкек:
Орозо майрамын ар бир адам өз үйбүлөлөрүндө, же коңшу-колоңдору, же жакшы санаалаштары менен өткөргөнү жөндүү да. Кыргызда эч качан көчөдө майрамдап, тамакаш таратуу деген болгон эмес.

Нурдин Исаев, пенсионер Бишкек:
Менимче, динчил адамдардын өзү каалаган жерде өткөрөбүз дегени туура эмес, анткени биздин Конституцияга каршы келет. Конституцияда болсо дин менен мамлекет бөлүнгөн эмеспи. Бишкектеги эски аянтта өткөргөндөрүнө да каршымын. Жанында мамлекеттик мекемелер турса, Конституцияга каршы келип жатпайбы. Эски аянтка 70 миңдей адам келди, деп айтып жатышат. Эмне, дин жетекчилери Бишкекти экинчи Мекеге айландырганы жатышабы?

Азат Акаев. Ош:
Ноокатта бүгүн болгон окуя биринчиси эмес, андайлар Ошто көп эле болот. Бул деген дин агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн чабал ишинен кабар берет. Ошондуктан, мамлекет катуу көңүл бурушу керек.

Алишер. Бишкек:
Мусулмандар – Кыргызстандын 80 пайыздан ашыгын түзөт, демек, алар чоң аянттарда өткөргөнү туура эле. Же мечитеттерге батпаса. Исламдан коркуш кажет эмес, ислам тынчтыктын дини.

Кылыч. Бишкек:
Мечиттерде майрам өткөрүлбөйт, намаз окулат. Майрам аянтта өткөрүлөт. Мунун биздин бийликке эмне зыяны тийип жатат? Менин ушуга башым ооруйт. Бийликте отургандар мусулманбыз дешет, бирок алардын мусулман экенине күмөнүм бар. Бүгүн лотереяга да тоскоолдук кылышты, белектерди милиция алып кетип калганы да жакшы болгон жок. Шаар бийликтери аянтта жарыкты өчүрүп салганы да бизди капа кылды.



 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат