|
Путин кайрадан президенттикке келиши мүмкүн
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Орусия парламентинин төмөнкү палатасы - Дума эмки президенттин бийлик мөөнөтүн төрт жылдан алты жылга узартуу жөнүндөгү мыйзамды
көпчүлүк добуш менен колдоду. Өткөн жумада президент Медведев конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн зарылдыгын айтып, эми
тийиштүү мыйзам долбоору чукулунан парламенттин кароосуна коюлду.
Эксперттердин баамында мурдагы президент, азыркы премер-министр Владимир Путин Кремльдеги бийликке кайтып келиши ыктымал. Добуш берүүнүн жыйынтыгы эч качан шек туудурган эмес. Бийликтеги Бирдиктуу Орусия партиясы парламентте көпчүлүктү түзөт. Думанын төрт жүз элүү депутатынын алтымышка жетпеген мүчөсү гана мыйзамга каршы добуш беришти. Мыйзам жогорку палатага жөнөтүлгөнгө чейин дагы эки ирет окулат. Андан кийин аймактык ассамблеяларга таратылат. Кыскасы, бир нече жуманын ичинде ишке кириши мүмкүн. Миң тогуз жүз токсон үчүнчү жылы кабыл алынган конституция эч качан өзгөртүлгөн эмес эле. Эмне себептен конституция азыр шашылыш өзгөртүлүүдө. Өкмөт жаңы өзгөртүүлөр эмки президентке гана тиешелүү дейт. Экинчиден, төрт жылдык мөөнөт реформаларды жүзөгө ашыруу үчүн өтө кыскалык кылат деп түшүндүрүүдө. Кыязы, Владимир Путин эмки шайлоо аркылуу бийликке кайтып келууну пландаштырууда дейт серепчилер. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||