BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 12 Ноябрь, 2008 18:07 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Эми, интернет сасык тумоону ооздуктайт
 
Гуугл интернеттик издөө компаниясы Америкада грип илдетинин жайылышын көзөмөлдөп, каттап туруучу интернеттик ыкманы ишке киргизди. Америкада грип менен ооруп калгандар адатта врачка кайрылаардан мурун, айыгуунун жол-жобосун интернеттен издешет эмеспи.

Доктурга бараардан мурун айыгуунун жол- жобосун өз алдыңызча издеп, интернетке отуруп көрдүңүз беле? Азыркы учурда ооругандардын копчулугу ушул ыкманы тандап алышкан.

Эми, Гуугл компаниясы "сасык тумоонун белгилери", "дене бойдун талыкшуусу" деп жазылган интернеттик издөөлөрдү каттап турууну чечти. Анын натыйжасында, Америкадагы грип илдетинин жайылышын, кайсы жерден башталгандыгын тактап турууга мүмкүнчүлүк ачылат.

Гууглдун "гриптин жайылышы" деп аталган интернеттик издегичи алдын ала эскертүүчү система катары иштейт.

Эгерде сиз жашаган аймакта грип илдетине чалдыккандардын саны көбөйсө, сиз дароо сактануу чарасын көрөсүз. Гууглдун бул системасы грип эпидемиясынын башталышын медициналык тармакка караганда он күн эрте каттоого мумкунчулук берет.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат