|
Малдив өлкөсүн суу астында кала электе көчүрүү зарыл
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Аралдарда жайгашкан Малдив өлкөсү деңиз денгээлинин көтөрүлүшүнүн айынан суу астында калышы мүмкүн, андыктан өкмөт ата-журтка
ылайык жаны жерди сатып алуу үчүн атайын фонду түзөт деп жарыялады өлкөнүн жаңы шайланган президенти.
Жаңы президент Нашииддин айтуусунда туризмден түшкөн акча атайын фондуга чогултулат. Малдив аралдарынын көпчүлүк аймагы деңиздин деңгээлинен бар болгону бир эле метрге көтөрүлүп турат. Эгерде, жер бетиндеги абанын ысышы токтобосо, анда Малдив аралдары жакын арада Инд океанынын астында калат деп эскертишүүдө жаратылышты коргоочулар. Ал эми өлкөнүн жаңы президенти башка континенттен жаңы жер сатып алып, бүтүндөй өлкөнү көчүрүп кетүү идеясын көтөрүүдө. Жакын жайгашкан Шри Ланкадан же Индиядан жер сатып алышыбыз керек, анын үстүнө маданияттары да жакын деди жаңы президент Нашиид. Анын айтуусунда, жери кенен Австралиядан да жер сатып алуу маселесин карап көрсө болот. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||