BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 03 Ноябрь, 2008 16:16 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Кыргызстан: Оппозиция ынтымагы бекем болобу?
 
Оппозиция ынтымагы бекем болобу?

Ибраим Нуракун уулу, Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Бир катар оппозициячыл кыймылдар өзара биригүү меморандумуна кол коюшту. Алар парламенттик республика тибиндеги башкаруу системасын түзүп, президенттин жекебасар жана үйбүлөлүк башкаруу жолоюна жол бербөө идеясынын тегерегинде баш кошоорун жарыялашты.

Бириккен оппозиция азыр туш-туштан басып жаткан кризистен чыгуу боюнча өз программасын сунуштамак болуп жатышат. Биригүү ниетинде Текебаев, Атамбаев, Сариев, Эркебаев, Муралеив сыяктуу белгилүү саясатчылар бар.

Бирок “Жаңы Кыргызстан”, “Арнамыс” партиялары, элдик революция кыймылы өңдүү бир катар оппозициячыл топтор биригүү ниетине кошулган жок.
2004-жылы дал ноябрда да чачылган оппозиция Кыргызстан элдик кыймылына биригип, кийинки жылы Акаевди күч менен кетирүүгө чечүүчү салым киргизген эле.

Меморандумга онго жакын оппозициялык партиялар, бир катар коомдук ишмерлер кол коюшту. “Атамекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев муну өлкөнүн кийинки тарыхындагы эң урунтуу окуялардын бири катары баалоодо.

“Жаңы бирикме эми конституциялык реформалар аркылуу өлкөдөгү президенттик башкаруудан парламенттик башкарууга өткөрүүнү жактайт”, - дейт Текебаев. Ал эми Социал демократиялык партиясынын лидери Алмазбек Атамбаев “жаңы кыймыл өз максатына жетет” деп баарын ишендирип жатты.

Бирок башкаруу системасын конституциялык жол менен өзгөртүү идеясы оппозициянын бардыгынын эле башын кошоору арсар көрүнүүдө. Өздөрүн оппозициячыл эсептеген - революциялык комитет, “Жаңы Кыргызстан”, “Арнамыс” сыяктуу партиялар бул бирикмеге кошулган жок.

Меморандумга кол коюудан баш тарткандар ичинде белгилүү коомдук ишмер Мирослав Ниязов бар.

“Бул чийки концепция болуп жатат. Биз президенттик башкарууну көрдүк. Аны ооздуктай албай калат экенбиз. Эми парламенттик башкарууга өткөндө, маселен парламенттин жүз мүчөсү, өкмөт башчы аркылуу жүз башка үй-бүлөлүк саясат жүргүзбөйт деп ким кепилдик бере алат?”, - деди ал.

2005-жылы президент Акаев күч менен кызматынан кетирилген соң бийликке келген оппозиция бара-бара ыдырап, бир тарабы өкмөттү ээлесе, бир тарабы жаңы оппозицияга оогон.

Жаңы оппозиция президент Бакиев үй-бүлөлүк башкарууга жана коррупцияга жол берди деп айыптап, ага каршы “Реформа үчүн” кыймылы, “Бирдиктүү фронт” сыяктуу биримдиктерди түзүшкөн.

2006, 2007-жылдары президентти кетирүү боюнча чоң акциялары максатына жетпей, күч менен таркатылган. Анын башкы себеби катары оппозиция ичинде ырктын болбогону менен түшүндүрүп келатышат. Эми бул жолку ынтымагы бекем болоор бекен?

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат