BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 03 Ноябрь, 2008 16:08 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
АКШ: өнөктүктүн соңку күнү
 
Кимге добуш береери анык болбогон Флорида, Невада сыяктуу штаттарда элди өзүнө тартуу үчүн талапкерлер бардык аракеттерин жумшап жатат.

Коомдук пикирди сурамжылоо боюнча Жон Маккейн артта, андыктан ал вице-президенттик талапкери Сара Пейлин экөө өнөктүгүн тынымсыз өткөрүп жатат.

Ал эми Барак Обама мындан төрт жыл мурун республикачылдарды колдоп чыккан штаттарды кыдырууда.

Түн ортосунан түн ортосуна дейр, Чыгышынан Флорида, батышынан өзүнүн кичи мекени Аризона штатына чейин, Джон Маккейн бардыгы болуп жетидей штатка жыйынтыктоочу сапарын арбытууда.

Ал өнөгү Сара Пейлин бир катар башка аймактарды кыдырат. Бир нече айлар бою ушундай тыгыз график менен ат салышып келатышат.

Сурамжылоолор болсо, чын эле Джон Маккейн, согушта жүрүп бышкан адам жеңе албайбы? - деген суроолорду берүүгө аргасыз кылууда.

Соңку күндөрдөгу сурамжылоолор Маккейидин абалын бираз жакшырткансыды. Ал сурамжылоолор учурунда эсепке алынбай калган добуштардын арты менен жеңем деп жатат. Жеңе алабы? Джон Маккеийн өзү президенттик кызматка ат салышууда сөзсүз жеңээрин айтып жатат.

21 ай мурда башталган Барак Обаманын кампаниясы жыйынтыкталат. Бүгүн ал Флорида, Түндүк Каролина жана акырында Виржинияда болот. Бул штаттардын баарында соңку шайлоолордо Жорж Буш женишке жетишкен.

Ошентип, Барак Обама өз атаандашынын аймагында күч сынашууда. Соңку жолугушууларда ал кылкылдаган элди чогултуп жатты.

Адатта өтө сак Обама бул жолу оптимисттик маанайын көрсөттү. "Ар бирибиздин жүзүбүздө жылмаюу турат. Балким, 4-ноябрдагы шайлоодо биз женебиз деп ойлой баштасаңыздар керек, - деди Обама.

Обаманын жардамчыларынын айтымында, мурдагы кампанияларга караганда, Обаманын кампаниясына өз эрки менен катышууга келген волонтерлордун саны өтө көп.

Соңку сурамжылоолор көрсөткөндөй, Обама учурда 6 пайызга алдыда келе жатат. Дагы али белгисиз добуштар кимдин пайдасын чечилээрине тынчсыздануу күч.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат