http://www.bbckyrgyz.com

31 Октябрь, 2008 16:12 GMT

Кытайда мал жемине меламин кошуп беришет


Кытайдын мамлекеттик маалымат каражаттары жакында бул өлкөдө сүт менен жумурткадан табылган меламин өндүруштүк химикаты малдын жемине кадыресе түрдө кошулуп келгенин моюнга алды.

Синхуа агенттиги маалымдагандай, меламиндин жандыктардын жемине кошулушу ачык сыр болуп келген.

Меламинди азык-түлуккө кошкондо ал тоюмдуурак көрүнүп калат. Бирок андан азык тоюмдуурак болуп калбайт, тетирисинче ден соолукка зыян келтирет.

Кытайдын азык түлүк коопсуздук стандарттары өто төмөн экени ашкереленди дейт Бээжиндеги кабарчыбыз.

Химиялык фирмалар меламиндин калдыктарын кайрадан белок порошогу катары ороп, бул порошокту тамакка кошкондо, ал тамактын азыктуулугун көбөйтөт деп сатышкан.

Бирок меламин азыкты болгону тоюмдуулугу жогору кылып көрсөтөт.

Кытайдагы меламин чатагы сүт азыктарынан башталды. Химикаттар кошулган сүттөн 5 наристе каза болуп, 20 мин бала ооруканага жаткырылган.

Бул аптада болсо Гонконг бийликтери Кытайдын жумуртка өндүргөн белгилүү 4 фирмасынын продукциясында меламин бар экенин аныкташты.

Жумурткаларга бул уулуу зат меламин кошулган жем аркылуу өткөнү айтылууда. Кытайдын азык-түлүк коопсуздук системасы өзүнүн алсыздыгын көрсөтүүдө.

Чыгарган тамак-аштары зыяндуу болуп чыккан компаниялардын бети массалык маалымат каражаттары тарабынан ачылып отурат.

Жергиликтүү инспекторлор муну билишкен эмеспи, же атайын көз жаздымда калтырышканбы?