29 Октябрь, 2008 15:18 GMT
Учурда дүйнөнүн дээрлик ар бир мамлекетинде экономикалык өнүгүүнүн басандашы кымбат баалар, жумушсуздук аркылуу сезиле баштады. Бирок биз дүйнөлүк табигый ресурстарды көнгөн адатыбызча колдоно берсек, анда келерки 30 жыл үчүн бизге дээрлик эки планета керектелет.
Дуйнөлүк ресурстарды иликтеген уюмдар ушундай тыянак жасап, финансы кредиттик кризисинен тышкары дүйнө экологиялык кредит кризисине туш келгенин эскертишти.
Бул экологиялык кредит кризисинин кесепеттери экономикалык кризистен алда канча оор болушу ыктымл деп эскертти жаратылышты коргоо уюмдары.
Тирүү Планета билдирүүсү учурда дүйнөнүн көңүлү экономикалык маселеге кадалганы менен мындан да олуттуурак экологиялык кредит кризиси келатканын белгиледи.
Акциялар рыногунда бууга айланып кеткен 2 триллион доллар акча жыл сайын адамзат колдонуп жаткан төрт жарым триллион долларга тете табигый ресурстардын жанында суу кечпей калат.
Мындайча айтканда дүйнө калкынын 75 пайызы экологиялык карызга баткан кишилер десек болот. Кишилер сууну, абааны, жер ресурстарын өтө көп өлчөмдө пайдаланууда.
Токойлор кайра өсүүгө, балыктар санын калыбына келтирүүгө жетишпей калып жатат. Жаратылышты коргоо уюмдары жүргүзгөн билдирүүдө түркүн мисалдар келтирилген.
Пахтадан тигилген бир эле көйнөк чыгарууга 3 миң литр суу жумшалат. Жашоодо көнгөн адаттарын өзгөртүү аркылуу, үнөмдүү, сарамжал болуу аркылуу ар бир адам салым кошо алат деп ишенет бул уюмдар.
Ресурстарды эң көп өлчөмдө короткон мамлекеттер катары Кытай менен Америка аталды. Эң аз колдонгондор Афганистан менен Малави.
Акчаны үнөмдөбөй жашоо канчалык туура эмес болсо табигый байлыктарды коротуп жашоо андан да жаман, азыркы экономикалык кризистин кесепеттеринен экологиялык кризистин запкысы алда канча оор болот деп эскертүүдө жаратылышты коргоо уюмдары.