http://www.bbckyrgyz.com

23 Октябрь, 2008 12:51 GMT

Ибраим Нуракун уулу
Би-Би-Синин Бишкектеги кабарчысы

Кыргызстанда сөз эркиндиги барбы?

"Чегарасыз кабарчылар” уюму жаны жарыялаган жылдык баяндамасына ылайык сөз эркиндигинин абалы боюнча Кыргызстан 170 мамлекет арасынан 111-орунду ээлеген.

Бул өткөн жылдан дагы бир тепкич артка кеткенин чагылдырат. Бир жыл ичинде бир журналист өлтүрүлүп, дагы бир нечеси ур токмокко туш болгон. Көз карандысыз “Дефакто” жана “Алиби” гезиттери жабылып, “Дефактонун” жетекчилери изин жашырууга мажбур болушкан.

Адистердин айтымында, бийлик маалымат каражаттарына жекебасарлык кылуу багытын улантууда. Бирок өздөрүн эркин атаган бир катар маалымат каражаттары жоопкерсиз, мыйзамдан тыш аракеттери менен өздөрүн жабууга шарт түзүп жатканына да көңүл бурушууда.

Кыргызстандагы басма сөз эркиндиги жөнүндөгү кабатыр ойлорун жергиликтүү медиаэксперттер буга чейин эле байма-бай айтып келишкен. “Журналист” коомдук уюмунун төрагасы Марат Токоев кыргыз басма сөзү өзүн анчейин эркин сезбей жатканына соңку жылдары өлкөдө журналисттердин коопсуздугу кыйла солгундаганын мисал келтирип жүрөт.

Бул уюмдун байкоосунда бир жыл ичинде эле оштогу өзбек гезитинин баш редактору Алишер Саипов киши колдуу болгондон сырткары, жетидей журналист ур-токмокко алынган.

Айрым байкоочулар бийлик өлкөдөгү маалымат каражаттарына жекебасар көзөмөл кылууга аракет кылганы дагы буга себеп болду дешет. Кыргыз журналистикасы боюнча университетте сабак берген Бакыт Орунбеков бир катар эркин гезиттердин кысымга алынышы, атүгүл эки гезит “Алиби” жана “Дефакто” басылмаларынын жабылып калууга чейин жеткирилишин буга мисал келтирди.

Бирок ошону менен бирге Орунбеков сөз эркиндигинин чектелип калышына кыргыз журналисттери өздөрү шарт түзүп берип жатканын кошумчалоодо.

“Кемчилик эки тараптан тең кетип жатат. Журналисттик кетирген катаачылыгынан пайдаланып, бийлик гезиттерге миллион сомдук жазаларды илип, жаптырууга мажбур кылып жатышат”, - деди ал.

Анткени менен күнөөнүн баарын бийликке же сөз эркиндигин туура пайдалана албаган журналисттерге эле оодара салууга каршы чыккандар дагы бар. Алардын бири саясат таануучу Улан Орозалиев басма сөздү басмырлоого Кыргызстан көп жылдардан бери жол салып келе жатат деп эсептейт. Ага бийлик гана эмес, көз карандысыз гезиттер жабылып жатканда кайдыгер карап олтурган оппозиция дагы, кайсы бир деңгээлде салым кошконун айтууда.

“Эгер бул жол менен кете берсек, анда анын арты басма сөздүн эле эмес, өлкөнүн тагдырын кайгылуу абалга алып келиши мүмкүн. Большевиктерге окшоп чет өлкөдөн “Искраны” чыгарып келүү, согушчул барактарды таратуу башталат. Анан кан төгүлөт”, - дейт Орозалиев.

Бирок бийлик өкүлдөрү өлкөдө сөз эркиндиги басмырланып калды деген пикирлерге кошулбайт. Президенттин басма сөз катчысы Нурланбек Шакиев Кыргызстанды Борбор Азиядагы эң демократиялуу өлкөлөрдүн бири деп эсептейт. Ал “Бийлик сөз эркиндигине кысым көрсөткөн эмес, эркин деп аталган гезиттер өздөрүнүн жоопкерчиликсиздиги үчүн гана сот аркылуу адилеттүү жазаларын алып жатат”, - деп ишендирүүдө.

Кыргызстан эгемендик алган алгачкы жылдары, же 1990-жылдардын башында Борбор Азиядагы демократиялык аралча атанып калганы бар.

Бирок, мурдагы президент Акаевдин тушунда эле башталган гезиттер менен соттошуу, журналисттери куугунтуктоо, атүгүл атып кетүү, ур-токмокко алуу сыяктуу окуялар азырга чейин уланып келе жатканы - эларалык уюмдар бул өлкөнү медиасы жарым жартылай гана эркин өлкөлөрдүн катарына кошуп келет.