|
Президенттик жарыш
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
АКШ президенттигине талапкер Барак Обама шайлоого алты күн калганда улуттук телеберүү боюнча жарым сааттык саяий өнөктүгүн жүргүздү. Телеберүүнүн прайм-тайм - эң көп көрарман чогулган учурунда добуш берүүчүлөргө кайрылуу өнөктүк жүргүзүүнүн эң жигердүү жана эң кымбат жолу. Обаманын теле боюнча жарым саат түз эфирге чыгышы масштабы жана кымбаттыгы боюнча мурда болуп көрбөгөндөй окуя болду. Обаманын кайрылуусу АКШдагы жети негизги канал, алардын ичинде Фокс, CBS, NBC каналдары аркылуу Америкалыктардын сүйүктүү бейсбол оюнунун алдында берилди. Жарым саат ичинде Обама добуш берүүчүлөргө сөзүн айтып, өз жашоолору тууралуу баяндаган Америкалыктардын маектери, орчундуу саясий жана бизнес лидерлердин пикирлери менен коштолуп берилди. Обама негизги сунуштарын чечмелеп берди: Обама: "Президент болгондо мен жылына 200 миң доллардан аз майана тапкан үй-бүлөөлөрдүн салыктарын кыскартам. АКШдагы мекемелер келерки эки жыл бою ар бир жаңы жумуш ордун жараткан сайын салык жеңилдигин алып турат. Тетирисинче ишканасын чет өлкөдо түзүп жаткан компаниялардын салык жеңилдиктери кыскартылат. Ипотекаларын төлөп жаткан үй-бүлөөлөргө көмөк көрсөтүп, чакан бизнестерге арзан кредиттер берилет. Бул аракеттер өкмөттү чоңойтпостон, экономиканы өстүрөт. Американын экономикасын жана элдин ишенимин биз ушундай жол менен бекемдейбиз." 1992-жылы өз алдынча чыккан Росс Перот жарым сааттык обо убактысын сатып алгандан бери президенттикке талапкердин мындай формат тандап алышы алгач ирет болууда. Обама шайлоо өнөктүгү үчүн болуп көрбөгөндөй өлчөмдө каражат жыйнады. Анын өнөктүгүнө жумшалып жаткан 660 миллион доллар сенатор Маккейндикинен эки эсеге көп. Бүгүнкү теле-кайрылуусуна чейин эле Обама сонку апталарда медияда үстөмдүк кылып келди. Кайрылууга чейин Барак Обама мурунку президент Билл Клинтон менен чогуу Флорида штатында жыйынга барган. Аялы Хиллари демократтардын талапкери болуу жарышында Обамадан калып калган эле. Билл Клинтон элге мындай сөзү менен кайрылды: Клинтон: "Эмики экинчи күнгө чейин сиздер эки нерсени кыла аласыздар. Биринчиси, добуш берип, Обама менен Биденти колдогон башкаларды да тезиреек добуш берүүго үндөгүлө. Эгерде өлкөнүн келечегине кайдыгер болбосоңор сөзсүз добуш бергиле. Экинчиси, кимди колдошту билбей тургандарды биз менен болгула деп ишендиргиле." Ал эми республикачыл талапкер Жон Маккейн Обаманын экономикалык программасы менен коопсуздукту камсыздоо жөндөмүн сынга алды. Обама башкы командачы боло албайт жана салыктарды көтөрөт, деди Маккейн: "Сенатор Обама сунуш кылган салык саясаты азыркы экономикалык басаңдоо учурунда мүмкүн эмес. Мен эч кимдин салыктарын көтөрбөйм. " Коомдук пикирди сурамжылоого караганда Сенатор Обама өлкө боюнча жана эки-анды шаттардын көбүндө алдыда келатат. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||