|
Кытай мындан ары жарды өлкө эмес
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Кытай киши башына кирешеси өтө төмөн өлкөлөрдүн катарынан кирешеси ортодон төмөн өлкөлөрдүн катарына кошулганын ырастады. Бирок, жакырчылыкты жоюу эң татаал милдет бойдон калууда дейт Бээжин. Расмий алганда Кытай мындан ары жакыр өлкө эмес. Дүйнөлүк банк аны кирешеси ортодон төмөн өлкө атайт. Соңку отуз жылдык мээнет ушинтип үзүрүн берди. Азыр Кытайдын улуттук дүң продукциясы дүйнөлүк экономиканын алты пайызын түзөт, башкача айтканда улуттук дүң продукциянын көлөмү боюнча Кытай Американын жыйырма үч пайызына, Жапониянын жетимиш беш пайызына жетип, Германия менен дээрлик теңелди. Учурдагы глобалдык кризистин шартында Кытайга кошуча жоопкерчилик дагы артылууда. Бирок, өлкөнүн жетекчилиги мамлекеттин "өнүгүп келаткан" деген статусунан баш тарткылары келбейт. Кытайдагы экономикалык революциянын натыйжасында миллиондогон кишилердин турмушу өзгөрдү, отуз жыл илгери орточо кирешелүү кытайдын велосипед же машиненин дөңгөлөгүн сатып алууга чамасы жетчү эмес. Азыр, орточо кирешеси эки миң үч жүз алтымыш долларга жеткен орточо кытай жок эле дегенде эски машине сатып алууга жарайт. Азыр Кытайдагы орто тап өкүлдөрүнүн үй, машине сатып алууга, чет өлкөгө саякатка чыгууга мүмкүнчүлүгү бар. Балдарын чет өлкөгө окууга жөнөткөн кытайлардын саны жылдан жылга артууда. Бирок, күнүнө бир долларлык киреше таап жашаган жакырлардын саны дале арбын. Кедейлердин саны Британиянын жалпы калкынан эки эсеге көп, жүз отуз беш миллионду түзөт. Жакырлар менен байлардын ажырымы, чыгыш аймактардын бай жашап, батыш аймактарынын жакырчылыкта күн көрүшү өлкөдөгү стабилдүүлүккө коркунуч келтирген көрүнүш. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||