|
Дүйнөлүк экономикалык абал
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Бүгүн дагы дүйнө боюнча фондулук биржаларда акциялардын баасы кескин төмөндөдү.
Эл аралык валюта фонду оор абалга кептелген мамлекеттерге финансылык колдоо сунуш кылууда. Буга чейин финансы системасы дээрлик кыйрап калган Исландияга Фонд бир нече миллиард доллар каражат бөлүп берди. Экономикалык кризистин терендеши бай мамлекеттер гана эмес жарды өлкөлөрдүн да финансы системасын кыйынчылыкка кептөөдө. Мындай өлкөлөрдүн бири Украина менен Венгрия дагы Эл аралык валюта фондунан жардам сурашты. Эл аралык валюта фонду менен Европа Биримдиги Венгрияны куткарууга канча каражат берээри тактала элек. Мындан мурдараакта глобалдык экономиканын тез жардам кызматына айланган Эл аралык валюта фонду Украинага он алты жарым миллиард доллар берүүгө макул болгон. Венгрия мындан көп алышы ыктымал. Анткени өлкө чет элдик банктарга кыйла көз каранды. Венгриянын өкмөтү да атуулдарына да өз алдынча евро менен көптөгөн кредиттерди алышкан. Венгриянын тышкы карызы 100 миллиард долларды түзөт. Украинаныкы ушунун жарымындай. Андыктан Украина үчүн финансы кризисинин кесепеттери анча курч эмес. Ошол эле учурда Украинанын экономикасы ички темир өндүрүшүнө көз каранды. Темир -болоттун баасынын арзандашы Украинанын соода кирешесин кыйла кыскартты. Ошентип бул эки мамлекет тең банктардын кредиттеринин кыскарышы менен бирге реалдуу экономикалык кесепеттерден жапа чегүүдө. Эл аралык валюта фонду Пакистан менен Беларуска дагы кредит бериши ыктымал. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||