BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 16 Октябрь, 2008 12:16 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Кыргызстанда майда диндер көмүскөгө кетеби?
 

 
 
Кыргызстандагы майда, айрыкча христиандык багыттагы диний конфессиялардын өкүлдөрү дин жөнүндө мыйзамдагы жаңы чектөөлөр атуулдардын конституциялык укуктарын бузарын жана дин уюмдарынын арасында нааразылыктарды пайда кыларын айтышууда.

Катаал чаралар ондогон майда дин уюмдарын көмүскөгө кетишине мажбур кылат деп Кыргызстандагы христан уюмдары кабатырланып жатышат. Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, динге байланыштуу мындан мурдагы  мыйзамдар эскирди жана өзгөртүүлөргө муктаж болгон.
Катаал чаралар ондогон майда дин уюмдарын көмүскөгө кетишине мажбур кылат деп Кыргызстандагы христан уюмдары кабатырланып жатышат. Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, динге байланыштуу мындан мурдагы мыйзамдар эскирди жана өзгөртүүлөргө муктаж болгон.

Кыргызстандын парламенти биринчи окууда кабыл алган жаңы мыйзам өзгөртүүсүз калып, президент кол койсо, дин уюмдарын, анын ичинде мечит жана чиркөөлөрдү каттоо үчүн буга чейинки он кишинин ордуна 200 уюштуруучу болушу талап кылынат. Ошондой эле диний билим берүү мекемелеринин бардыгы тең милдеттүү түрдө каттоодон өтүп, Дин агенттиги алардын окуу программасын тешкерет.

Мындай катаал чаралар ондогон майда дин уюмдарын көмүскөгө кетишине мажбур кылат деп Кыргызстандагы христан уюмдары кабатырланып жатышат. Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин билдиришинче, динге байланыштуу мындан мурдагы мыйзамдар эскирди жана өзгөртүүлөргө муктаж болгон.

Валерий Назимко деген киши өз уюму - Кыргызстандагы адвентисттердин 7-күн чиркөөсүсүнүн таржымалын айтып берди. “Христианчылыктын бул агымы жөнүндө кыргызстандыктар биле бербегени менен, бул дин кыргыз жергесинде жашап келе жатканына 100 жылдан ашып бара жатат. 7-күндүн алгачкы адвентисттери бул жерде 1890 жылдары эле пайда болгон. Алар Орловка айылы, Талас, анан Карабалтага келишкен” - дейт ал.

Назимконун айтымында жетинчи ааламдын адвентисттерин ээрчигендер Кыргызстан боюнча бир жарым миң кишиге араң жетет. Эгер диний уюм катары катталуу үчүн 200 уюштуруучу болушун талап кылган жаңы эрежелер күчүнө кирип калса, анда эки кылымдан бери сакталып келген бул агымдын жер жерлердеги бирин-серин өкүлдөрү мыйзамдан тышкары болуп калышы ыктымал.

Кыргызстанда диний азчылык деп саналган – католиктер, протестанттар, жөөттөр, евангелдик, анын ичинде Евангелдик-Лютерандык христиандар, евангелдик баптист-христиандардын чиркөөлөрү, Иисус Христостун чиркөөсү сыяктуу 300 чамалуу уюм мындан ары көмүскөгө кетип калабызбы деп кабатырланышууда. Евангель чиркөөсүнүн пастору Анатолий Кирюхин диний экстремизмди ооздуктоого багышталган мыйзам долбоору эми мыйзамга баш ийген адамдардын укуктарын бузганы жатат деп айтып жатат.

“Бул мыйзам коомдо чоң кыймылды пайда кылышы ыктымал. Анткени өлкөдөгү 2158 диний уюм, жаңы эреже боюнча эки жүздөн уюштуруучусун каттоо үчүн 400 миңден ашуун киши нотариустарга чуркашы керек. Ал эми экстремисттик диний уюмдар өзүн ансыз деле каттагысы келбейт. Кыскасы, диний экстремизмге каршы багытталган бул мыйзам, Кыргызстандын мыйзамга баш ийген атуулдарына каршы болуп калып жатат”, - дейт ал.

Бирок, өкмөт алдындагы дин агенттиги эрежелердин катаалдашы диний эркиндикке доо кетирбейт деп ишендирип келет. Агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев, дин боюнча мурдагы мыйзамдар эскирип, өзгөртүүлөргө муктаж болгону үчүн мындай кадамдар жасалып жатканын түшүндүрүүдө.

“Диний уюмдар абдан көбөйүп кетти. Аларды көзөмөлдөп, иретке келтирүүгө аракет кылып жатабыз” – дейт Осмоналиев.

Коом ичинде “өз диндер” – деп саналган ислам жана христанчылык менен Советтер союзу урагандан кийин сырттан таңууланып келген делип жүргөн “өзгө диндер” ортосундагы айырмачылыктарга карабастан, Кыргыз өкмөтү коңшу өлкөлөргө караганда аларга чыдамдуулук көрсөтүп келген.

Негизги дини мусулманчылык болгон кыргыздарды өзүнө имерип алууга аракет кылат дегендей сындарга дуушар болуп келген майда христиандык конфессиялар эми жаңыдан кабыл алынганы жаткан катаал эрежелерге абдан нааразы болуп жаткан чагы.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат