 |
|
| Би Би Си угармандары программа учурунда дилкаттарын жөнөтүп турушат |
Би-Би-Синин Кыргыз программасында чагылдырган окуялар боюнча берүү обого чыгып жаткан учурда угармандардан келип түшкөн кыскача
пикирлер.
УГАРМАНДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫНЫН ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРБЕЙТ
13 Ноябрь, 2008
Кыргызстанга Кытайдан келген унду Москвада текшерnип көрүп, анда мите курт жок, бирок, мите курттардын башка 8 түрүн жана
метал-магнит кошулмалар көп экени маалым болду. Бул мин тоннадан ашуун унду элеп, курттарын жоготууга жумшаган бир нече айда
унду пайдалануу мөөнөтү өтүп кетет, эми өкмөт бул унду жок кылышы керекпи же айласын таап зыяндуулугун азайтса болобу?
Анара. Бишкек: Меламин кошулган ун боюнча Кытайдан заказ берип, алып келген кишилерди жазага тартыш керек. 100 миллион сом зыян болот, деп
жатышат. Кенедей калкыбызды уулап жок кылышабы. Кыргыз эли бул окуяга дыкаттык менен көңүл буруп, карап турат. Ушуга жол берген
чиновниктерди камакка алыш керек, деп ойлойм.
Оңолбек Шаршеев: Кытайдан келген ундун сапаты начар болсо, тамак-ашка пайдаланууга болбойт. Эми ушинтип, начар экен, деп эле олтура бербей,
ошол унду ким алып келген болсо, ошолорду жоопко тартып, унга, лабораториялык текшерүүлөргө кеткен чыгымдарын төлөтүп алыш
керек. Андан сырткары, сырттан келген азык-түлүк мындан ары кооптуу болбойт деген кепилдик берип, элге жарыялаш керек.
Жаңыл: Эми ушул унду биздин чиновниктер элге сатып жибербесе экен. Сапатсыз унду эмне кылганын, кайра кайтарып бердиби, же тазаладыбы,
элге айтып коюшса жакшы болмок.
Рысмендиев, Кочкор Кытайдан келген мүшөгү 25 килограммдык ундарды 400 сомдон сатып жиберишпедиби. Эми кайсы унду айтып жатышат?
12 Ноябрь, 2008
Мектептерде зөөкүрдүк, рэкет көрүнүштөрүнөн кантип арылса болот?
Темир: Балдар арасында рэкеттик айылга жетиптир, деп атпайбы. Айылга эчак эле жеткен. Аны токтотуш мүмкүн эмес, токтотконго болбой
калды. Балдар ата-энесине айтпайт, эркек эмессин, деп кордошот. Ошондуктан, муну башка жол менен чечиш керек.
Үсөн Арстанбеков. Талас: Мектептеги рэкетчиликти токтото албаса, биздин мамлекет эмне деген мамлекет? Балдарды коргой албаса, анда бул мамлекетти жоюш
эле керек болуп калат ко.
Жамал: Балдар - бул коомдун күзгүсү да. Алар эмнени көрүшсө, ошону жасашат. Азыр эми алар эмнени көрүп атышат? Бир-бирин алдаганды,
токмоктогонду, алдуусу алсызынан каалаганын тартып алганды, колунда бары, колунда жогун кордогонду көрүп атпайбы. Анан алар
ошону туурашат. Ошондуктан балдарды эмес, биринчи коомду дарылаш керек.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек: Мектептердеги рэкеттик көрүнүштөр кокус чыга калган жок. Мектеп директорлору, ата-энелер кайдыгер болуп, катуу чараларды көрбөй,
бул жайылып кетти. Милициянын жардамы менен, ата-энелер жыйынына салып, андай көрүнүштөргө каршы активдүү күрөш жүргүзүү керек.
Бул эми айыл-кыштактарга да жетиптир. Муну токтотпосок, бул балдарыбыз кийин чыныгы рэкет болуп чоңоюшат.
6 Ноябрь, 2008
Дүйнөлүк финансалык кризис учурунда кыргыздар аш-тойлордогу ысырапкорчулукту кыскартып, сарамжалдуу болушу керекпи?
Гүлбүбү. Токмок: Аш-тойлордо көп чыгым кетирүүнү туура эмес көрөм. Менин оюмча, балээнин баарын баштап жаткан, акүй-көкүйдө олтурган чоңдор
болуп жатат. Алар арт-артынан мал сойбосо эле, карапайым атуулдар антпейт болчу.
Кубат, Тоң: Менимче, жөнөкөй элди коюп, мамлекеттик башчылар ар кандай тойлорду, юбилейлерди, бирөөлөрдүн туулган, көз жумган күндөрүн
белгилегенди токтосо болмок. Ошондо мамлекеттик каражатты үнөмдөп калмакпыз.
4 Ноябрь, 2008
АКШнын жардамы Кыргызстанга жуктубу?
Базаргүл Маманова. Ош Америкага биз эч убакта дос болгон эмеспиз, болбойбуз да. Демократия деп Кыргызстан эли Американын кулу болуп калбадыбы. 80
пайыз элибиз жаман жашайт, оору, өлүм, катастрофа, сабатсыздык жагынан дүйнөдө алдынкы орунда турабывз. Ушунун баары демократиянын
кесепети. Аны Америка жасабадыбы, анан кантип дос дейбиз. Бир ууч эле байларды чыгарып койду, капиталисттерди. Бирок, Барак
Обама келсе достошушубуз мүмкүн. Анын программасы абдан жакшы.
Оңолбек Шаршеев: Амеиркада беш айга жакын жүрүп келдим, деги корбөгөн нерсем калбады окшойт. Ал жерлдеги турмуш деңгээли кол жеткис деп айтсак
болот. Ал жерде гезиттери сынды бетке айтышат экен, кимиси болсун, президентиби, башка чиновниктериби чычалабйт экен. Биздин
коп балдар окушат ла жакта. Ошондуктан, Америка менен дайыма жакшы мамиледе болуу керек.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек: Мен Барак Обаманы колдойт элем. Эмне дегенде, ал демократ. Биздин Кыргызстан да демократиялык жолго түшпөдүбү.
2 - 3 Октябрь, 2008
Кайрадан бириккенин жар салган оппозиция эмне кыла алат?
Жамалбек Келдибеков. Сокулук:
Менин оюмча, бийлик менен оппозиция бирикпесе, кыргыздар тарап кеткени турат. Эми мындай ыр саптарын айтайын:
Кереги жок депутаттын токсону
Жетимиши Бакиевдин октору
Жарымысы оппозиция болгондо
Күйүп турмак Фрунзенин оттору
Урмат Абдумомунов. Кочкор: Оппозиция биригип туура кылды, бул учурдун талабы. Нарын эли оппозицияны колдойт.
Азиз: Оппозициянын биригип, үйбүлөлүк башкарууну талкалоочу учуру келди.
Нурзатова. Чүй облусу: Кыргызстанга элдин керегине жарай турган оппозиция зарыл. Мисалы, дачаларда жашап жаткан бей-бечаралардын маселелерин чечип
берсе, эл бир тыйынсыз эле артынан ээрчийт эле. Ал байкуштардын жерлерин мурдагы бийликте да тартып алып, өздөрүн Россияга
айдашчу, азыр деле ошол. Оппозиция ошолордун маселесин чечип берсинчи, артынан ээрчийт.
Баткенден Үсөн Жумабаев: Мен азыркы оппозицияга такыр ишенбейм. Алар Американын авиабазасын эмнеге кубалашат? Канттагы орус базасын дагы көбөйтүш керек.
Биз өзүбүздү өзүбүз коргой албайбыз.
Назгүл. Кемин: Оппозициянын келишин колдойм. Азыркы парламентте негизинен өз кызыкчылыгын ойлогон депутаттар отурушат. Мисалы, энергетика
көйгөйлөрүн, жумушсуздукту чечкендин ордуна өз коопсуздугу үчүн тапанча алып жүрөлү деп жатышат. А элди ким ойлойт?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек: Белгилүү инсандарыбыздын бириккен оппозиция түзөбүз дегени - утопия. Буга чейин да ушундай аракеттер болгон. Бирок ичара ынтымакка
келалбай жүрүшөт. Ким президент болот дегенге келгенде эле өзара ырылдашмайы бар. Ошондуктан ишенбей жатабыз.
Бактыгүл. Бишкек Оппозиция бизде бар, ал бизге керек. Бу бийлик башындагылардын бетине агын ак, карасын кара деп айткан жалгыз оппозиция. Оппозиция
сөз жок тилегине жетерине көзүм жетет. Мен аны колдоймун жана башкаларды да оппозицияны колдоого чакырамын.
Курманбек Даминов. Бишкек Оппозиция деген азыр жок. Алар алдамчылар, нукура оппозиция бизде жок. Булар негизинен бийликти ойлогон адамдар. Мисалы, Раззаков
сыңары кыргыздын тагдырын ойлогон адамдар жок.
Шерали. Ош: Квартираларга меш койгонго эл арга жоктон барып жатат. Азыркы бийликтин энергетический саясаты ушуга алып келди да.
Жамийла. Бишкек: Оппозициянын келечеги бар, бирок арасында кой терисин жамынган карышкырлар эле болбосо экен. Айрыкча парламенттеги оппозицияны
жакшы баалаймын. Бетке айтышат, кыргызча сүйлөшөт.
Гүлсүн Маматова. Ош: Азыркы оппозициядан эч убакта майнап чыкпайт. Себеби булар бийлик менен табакташ, сырдаш адамдар. Бизге жаңы, жаштардын оппозициясы
керек.
30 Октябрь, 2008
Энергия тартыш болуп жатканда токойлор кыйылабы?
Курманбек Даминов. Бишкек: Элдер чыны менен эле токойлорду кыят. Жан багыш керек да. Бул үчүн өкмөт көзөмөлдү күчөтүп, электр энергиясын жакшы бербейби.
Орузбай Мүсүралиев. Бишкек: Кыш келди, эл көмүрүн алды. Бирок, баары бир жыгачсыз от күйбөйт да, ошондуктан кыят бактарды баары бир. Ошондуктан, куурап
же жараксыз болгон бактарды элге кыйганга уруксат беришсе, алар ансыз да шамалда кулап атат.
Гулмира. Бактар кыйылат дегенге толук ишенем. Көмүр төрт миң болуп атат. Алган айлыгыбыз бир жарым миң сом. Азыр жан багыш үчүн керек
болсо киши өлтүргөнгө барат отун эмес. Ошондуктан, электр энергияны жайына эле койсо болмок биздин өкмөт.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек: Электр энергиянын өчүрүлүшүнөн, көмүрдүн кымбаттыгынан, токойлор эмес, тоо боорундагы бадалдарды кыйып келип жагып атканын
айылдагы туугандарыбыз деле айтып атышат. Керек болсо, чычырканакка чейин жетишет эми.
Жийде. Студент: Свет өчсө, албетте, бактар кыйылат. Мен буга ишенем. Анан элдер эмне жакмак эле?
Атын атабаган угарман: Совет убагында бактарды кыйбай эле куурай терип эле оокат кылып келгенбиз. Бул кризис эле дешет, мен буга түшүнбөй койдум.
Совет убагында эмне деген ишканалар иштеп, баары жакшы болчу. Айылдагыларга айтаарым, эл катары оокат кылып жыгач жаксак да
кыштан чыгабыз эптеп. Дүйнөдө кыйынчылык болуп атканда бизде деле болбой коймок беле? Бирок, элге кайрылаарым токойлорго тийбесин.
29 Октябрь, 2008
Дагы кандай жактан үнөмдөсө болот?
Кубанычбек: Үнөмдөөнүн дагы бир жолун айтып берейин. Өлкөдөгү бардык лампа накаливанияларды люминицентцый лампаларга алмаштырсак, лампа
накаливаниялар 100 ватт жейт, люминицентный лампалар 17 ватт жейт. Ошондо электр энергия, анын артынан каражат 80%га үнөмдөлөт
эле. Ушуну бирөө колго алып ишке киргизсе, жок дегенде ар бир үй-бүлө ушуну үйүнө киргизсе, чоң каражат үнөмдөлөт эле. Үйдөгү
лампочкаларды башкача атканда жаңы түрдөгү лампага алмаштырышыбыз керек.
Зарылбек. Токтогул, Чолпоната айылы: Бүт чиновниктердин машинелерин кыскартыш керек. Анын ичинде айыл өкмөттөрүнүн транспортторун дагы кыскартуу абзел. Мамлекеттик
каражаттын көбү ошого кетип жатат деп ойлойм. Эч пайдасы жок.
Атын атабаган угарман: Хрущев убагында бардык областтарды жоюп салган. Анда өнөржай, айыл чарба өсүп-өнүгүп турган. Эми Кыргызстандагы жети област
кайсы айыл чарба, кайсы өнөржайды жетектейт?! Областтык аткаминерлердин шайлоо, референдум учурунда жогорку бийликтердин тапшырмасын
аткаруудан башка иши жок. Областтарды тез арада жоюш керек, райондорду ирилештириш керек, президент менен премьердин администрациясын
бириктириш керек. Азыркы кризис күчөп турган убакта бул абдан керек.
Азат. Бишкек: Министрликтерди жоюу маселесине токтолсок. Азыр бийликтегилер өзүнө жаккан, колунда бар адамдарды калтырып коюп, жакшы адистерди
кетирип жатышат. Анан айланып келип эле электр энергиясын сатып жатышат.
Көкүмбай: Менин оюмча Айылчарба министрлигин март айына чейин отпускага жиберип ийиш керек деп ойлойм. Себеби, булар элдин үстүнөн жөн
эле жалган сводкаларды берип эле олтурат деп ойлойм.
Кубанычбек. Доцент: Үнөмдөөчү жай – бул жогорку окуу жайлар деп эсептейм. Анткени 150дөн ашуун жождордо 240 миң студент бар. Алардын теңинен
көбү башканы кой, жөнөкөй жадыбалды билишпейт. Аларды окутуп мамлекет бөөдө чыгым тартып жатат. Жарымын кыскартып салса, жылына
бир чоң завод курууга жеткидей акча үнөмдөп калмак.
Оңолбек Шаршеев: Министрликтер чыгымдарды кыскарт дегени туура эмес. Жумшак мамиле кылып жатат. Анын ордуна санын кыскартып, иштин сапатын
жогорулатууга аракет кылыш керек болчу. Маселен энергетиктер жылына отуз-кырк пайыз жоготуу болуп жатат дешет. Бирок, ага
жооп берген эч ким жок. Аларды кур дегенде теңинен көбүн кыскартса болбойт беле. Ушуга көөнүм ооруйт.
Жеңиш. Бишкек: Биздин чиновниктер элдин маңдай тери менен тапкан акчасын үнөмдөөрүнө ишенбейм. Антпесе, жакырчылык, жумушсуздук күчөп, карызга
баткан өлкөдө, министрлер, аким-губернаторлор, депутаттар он миңдеген доллардык джиптерди минип жүрүшөт беле?
28 Октябрь, 2008
Расмий той, майрамдарды кыскартуу сунушун колдойсузбу?
Оңолбек Шаршеев: Ар кыл тойлор, тойго байланыштуу иш-чаралар эскиликтин калдыгы десек болот. Мамлекетте да, үй-бүлөдө дагы ушуларды азайтпасак,
ансыз деле кыйналып турган элибизге зыян болот. Туулган күн тосуу, же өлүм житимге ашыкча чыгым кылуу сыяктуу нерселерди кыскартып,
акча-каражаттарыбызды билим берүү, окууга көбүрөөк жумшабасак болбойт.
Мукай Керимбаев: Мамлекеттик деңгээлдеги той-тамашаларды кыскартыш керек. Бул өнүгүп келе жаткан өлкө катары тоскоолдук болот. Биз өзүбуздү
ишкер мамлекет катары таанытышыбыз керек. Ак элечек, калпак кийип алып эле маарекелерди өткөрүп коюп, дүйнөдөгү элди тартабыз,
таң калтырабыз деген туура эмес.
Базаргүл: Оюн-шоок өтө көп болуп келди. Фестиваль, конференцияларды, концерттерди арт-артынан өткөрүп жатабыз. Свет жок болсо, курсагыбыз
ач болсо анан кантип, ырдап-чордойт элек. Андан көрө балдарга билим берген китептерди чыгарышпайбы.
27 Октябрь, 2008
Кыргыз армиясы
Чынара Абдыбекова: Коргоо министрине суроом: биздин армия бизди коргооруна ишенбейм. Анткени, кадимки эле аскер мектеби Суворов мектебин оңдоп
алышсынчы.
Тоңдон Кубат: Менимче, жоокерлер санын кыскартып, айлыгын көтөрүү эсебинен армия түзүү эларалык деңгээлде күчүн азайтпайбы деген ой бар.
Анан ар бир атуул эл-жерин коргоого милдетүү деген башмыйзамды кантебиз? Үчүнчүдөн, коргоо жөндөмдүүлүгүнө кыскартуунун эмес,
айлыктарын көтөрүү эсебинен жетишсе болот да. Армия канча күчтүү болсо, элдин бейкуттугу да ошончо жакшы камсыз болот. Жоокерлерди
кыскартабыз деп отуруп, ар кандай ички-тышкы карама-каршылыктарга туруштук бере албай калышыбыз да мүмкүн.
Гүлсүн: Армияда темирдей тартип жок. Офицерлер балдарды өзүнүн досторуна, тааныштарына жумушка жиберип жатышат, биз билгенден. Аскер
балдардын жеген тамак-ашы дагы дурус эмес. Мына ушундай болуп, жатса, алар бизди кайдан коргомок эле. Биринчи өз ичинде тартипти
оңдош керек.
Алым Акимов. Ош: Биздин армия жылына бир жолу полигонго чыгабы, өздөрүнө үй, казарма салып алууга кудурети жетеби деген суроолор туулат. Андан
соң, бизге мынча көп генералдын деле кереги жок деп ойлойм. Бир полковник болсо эле жетмек.
Жалдыз: Армияны профессионалдуу кылса жакшы болмок. Антпесе, аскер балдар арык, кичинекей болуп, анча ишеним туудурбайт.
24 Октябрь, 2008
Кытайдан келген ундан курт чыкты
Иляс. Бишкек: Кытайдан эмне продукт болсо да ташыганга каршымын. Ал Кытайдан ун апкелген уу апкелгенге тете.
Атын атабаган угарман: Зыяндуу ундарды кайра Кытайга жибериш керек. Кытайдын кийимдеринен да уу чыгып жатат. Ал эми унду такыр албаш керек да, өзүбүздүкү
эле жетет да.
23 Октябрь, 2008
Кытайдан келген эттин сапаты
Курманбек. Бишкек: Кытайдан эт алып келүү аракеттерин өкмөт көзөмөлдөш керек. Бизде өзүбүздө эт азыктары жетиштүү болуп жатса, сырттан алып келүү
туура эмес. Анын үстүнө сырттан келген эттин сапаты дагы шек туудурат. Биз өзүбүздүн келечегибизди ойлошубуз керек.
Гүлсүн. Ош: Биздин чиновниктер кыргыздын ден соолугун ойлойбу деген суроо туулуп жатат. Кытайда сапатсыз продуктулардан өздөрүнүн атуулдарынын
балдары деле жабыр тартканын көрдүк. Ошого карап, эт алып келүүнү тыйып коюшса болбойбу.
22 Октябрь, 2008
Кыз ала качуу салтпы?
Эркин Маматов, догдур. Бишкек: Кыз ала качуу эч качан салт болгон эмес, муну салт кылып жасап алышкан. Кыз уурдоо, ала качуу бул шермендечилик деп эсептейм.
Мисалы, айбанаттарды алалы, алар ургаачысын тартып кетүү деген жок да. Айбан болсо да ургаачысына жагып, жөндөмүн далилдеп,
анан баш ийдирет. Адамдар ошончо жокпузбу? Коомдо орду жок, өзүнө ишенбеген, карөзгөй адамдар гана ала качууга жөндөмдүү деп
ойлойм.
Абдраев: Үй-бүлөлүк зордук зомбулук боюнча Женевада өкмөттүк өкүлдөр отчет берип жатат дебедиңиздерби. Менин айтайын дегеним ал жерге
өкмөттүк эмес уюмдарда дагы катышып жатат. Кыргызстан боюнча аялдар форумунун өкүлү Нургуль Жанаева, ошондой эле дагы үчөө
катышып жатат.
Оңолбек Шаршеев: Кыз ал акачуу кыргыз элинин салтында илгертен болгон эмес.
21 Октябрь, 2008
Экономикалык кризис эмнеден көрүнүүдө?
Амантур. Бишкек: Кризис кымбатчылыктан көрүнүп жатпайбы. Былтыркы миң сом менен азыркы миң сомду салыштыра албайсың. Дагы бир тармак бул курулушта
болуп жатат. Шаардын чет жагында курулуп жаткан үйлөрдүн көбү токтоп калды. Анткени, тамак-ашка көп акча жумшалып жатат.
Гүлзина. Бишкек: Кафелерге киши аз барып калды. Былтыр 70-80 сомго тоё тамак жесең, азыр эки жүз сомсуз жакшырак кафеге кирбей эле койсоң болот.
Мен билгенден Бишкектин ортосунан эки-үч кафе-ресторан банкрот болду. Базарларда соода жайлап калды. Менин подружкам Дордойдогу
контейнерин сатып жатат.
20 Октябрь, 2008
Жетекчилер жол эрежесин көп бузабы?
Атын атабаган угарман: Мен депуттар жөнүндө айткым келип жатат. Кез-кезде токтотсоң, депуттардын өзү тилдейт. Айдоочусу унчукпайт. Мен депутатмын
деп опузалашат. Ошол депутаттарда консультация бериш керек деп ойлойм.
Ильяс: Чиновниктерди машинелери эрежелерди көп эле бузат деп ойлойм.
16 октябрь, 2008
Акча тартыш, азык түлүк баасы өскөн шартта, кантип сарамжалдап, үнөмдөп жашаса болот?
Канат: Бул жашоодо негизинен үнөмдөп жашоо такыр эле болбой калды. Бир жагына жетиштирейин десең, экинчи жагына жетишпейт. Негизинен
айлык маселеси чоң көйгөй болуп турат. Буга өкмөт көңүл бурса.
Арзыгулов. Бишкек: Студент балдардыкы чынында эле куурал. Студенттерге стипендиясын көтөрүш керек өкмөт. Чудинов, Айдаралиев дегендер эмне кылып
жүрөт?!
Фатима: Мен студентмин. Акчаң аз болсо, үйдө продукту жок болсо, айылдан алып келсең, көп болсо бир жумага жетет. Анан тоголок картөшкө
менен калабыз. Бирок ошол эле учурда эл кийген кийимди кийип кыялданып жашайбыз. Акчаны үнөмдөш үчүн диетага олтуруш керек.
Ден соолукка да пайдалуу.
Сатыбек. Бишкек: Мен дагы 80ге чыктым. Пенсионерлерге абдан кыйын болуп калды. Биринчиден, алып сатарларды тыйыш керек. Экинчиден, пенсиянын
көлөмүн жогорулатпаса, биздин жашообуз абдан кыйын болуп калды.
Гүлсүн: Менин төрт балам бар. Экөө мектепте окуйт. Экөө окубайт. Турмуш кыйын. Биз эки үч айлап эт жебейбиз. Эптеп-септеп жумуртка,
гречка менен тамактанабыз тапкан акчабызга. Неге бизди ушундай кааласаң жаша, каалабасаң жашаба дегендей оор абалга алып
келип коюшканын билбейбиз.
Кубат. Тоң: Студенттерди колдош керек. Айрыкча контракт менен окугандар акчасын төлөй албай күнү-түнү иштеп жатышат. Алар мындай абалда
кайдагы окууну ойломок эле. Кара курсак деп жүрүп, жаштарыбыздын билими аксап калбаса болду. Ушуну ойлошубуз керек.
Базаркүл. Ош: Биз чоң үй-бүлөбүз. Биздин каражатыбыз ун, май, шекерге эле иштеп калды. Калган тамак-ашты 2-3 айда бир көрөбүз. Жакында
эле биздин чиновниктер өлкө боюнча 18 миң бала майып деп жатышат. Алардын көбү ушул тамак-аш тартыштыгынан болот болушу керек.
Ушинтип олтурсак, биз майыптардын өлкөсү болуп калабызбы, деп корком.
15 октябрь, 2008
Оппозициянын системаны өзгөртүү керек деген ураанын көпчүлүк колдойбу? Оппозицияны оома саясатчылар булгап жатат деген көз
карашка мамилеңиз?
Жеңишбек Конушбаев. Арчабешик: Оппозицияда көрүнүктүү саясатчылар бар. Алар эмне десе, мен аларды колдоймун.
Атын атабаган угарман. Куртка айылы: Адахан Мадумаров кайрадан бийликке келүүгө кандай акысы бар?
Рыспек. Бишкек: Бакиевди мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн кол топтоп аткандарга мен эки колдоп кошулат элем. Бакиев кетмейин Кыргызстанда эзели
иш оңолбойт. Ошону менен бирге "Акжолдон" куралган парламент дагы кетиши керек.
Ильяс. Бишкек: Бакиев президент болгону көп нерсени деле кыйраткан жок.
Саид Абдрахман уулу: Системаны өзгөртүү керек деп Топчубек, Азимбек байкелер айтып жатат. Түп тамырынан өзгөртүп, башка бир системаны алып келиш
керек, дейт элем.
Атын атабаган угарман: Ар бир элдин мекенчил, акылдуу уул-кыздары болот. Кыргыз мындайлардан кур эмес. Ар нерсенин өйдө-ылдыйы болот дегендей, саясатта
дагы караөзгөйү, акылсыздары болот. Буларды жашоо өзү эле иргеп, таштандыга таштап коет. Мындан трагедия жасаштын кереги жок.
Булардын ордун башкалар ээлейт. Кептин баары - ошол мекенчил уул-кыздарды элдин колдошунда жана коргошунда жатат. Мамлекетти
ошол мекенчил уул-кыздар сактайт. Ар бир эл өз бактысы үчүн жан аябай күрөшүүсү керек.
Атын атабаган угарман: Оппозиционерлерге кошулам. Бакиевди кетириш керек.
Урмат Аскеров. Бишкек: Оппозицияны жаштар колдоп кетет деп эсептейм. Анткени көптөгөн жаштар жогорку окуу жайларда контрактын баасы жогорулаганы
нааразы болуп жатышат. Окууларын таштап, чет өлкөгө иш издеп кетип жатышат.
Таалай. Бишкек: Бакиевдин системасын эки жыл мурда эле өзгөртүш керек болчу. Азыр кеч болуп калды. Экономикалык оор абал түзүлдү. Электр өчүрүүлөрдөн
көптөгөн чет элдик фирмалар башка өлкөлөргө кетип калышты. Ишкерлерге кыйын болду. Башкаруу системасын өзгөртпөсөк, алдыга
жылбайбыз.
Базаргүл. Ош: Оппозицияны да, азыркы өкмөттү дагы колдобойбуз. Аларга ишенип олтуруп, азыркы абалга кептелдик. Жаштарды ишке тартып, өлкөнү
өнүктүргөндүн ордуна, аларды качыруу аркылуу өлкөнү артка тартып жатышат.
Асылбек. Талас: Оппозицияга жаңы кишилер келсе, эл ээрчимек.
Нуриля. Бишкек: Мындан үч жыл мурда чыныгы оппозиция бар эле. Аларга Кулов кошулгандан кийин оппозиция элге жаман көрүнүп калды. Бийликтин
акырынан жем жеп келгендерди оппозиция катарына кошпош керек эле.
14 октябрь, 2008
Эмне себептен жоголгон адамдардын саны көбөйүп жатат?
Базаргүл Маманова. Ош: Адамдардын жоголушу – милициялардын шалаакылыгы. Экинчиден, демократия, демократия деп алаксытышат. Кишилерди өлтүрүп, жаш
балдардын органдарын сатуу чоң бизнес экен.
Олжобек. Бишкек: Адамдардын баары эле кулчулукка сатылып кетип атат. Менин кошунам эле бир жылдай кулчулукта жүрүп келди. Жөн кетип бараткан
жерден эле кармап кетип, Казакстанга тамекиге иштетип коюптур. Туугандары аны өлдү го, деп үмүт үзүшкөн. Дагы эки Кыргызстандык
балдар менен качып чыгып, аман-эсен кайтып келди. Эми ушул чек араны деле жакшы карашпайбы, карабашыл киши өтүп кетип аткандан
кийин, анан эмне айтасың. Акча берип койсо болду экен да, каалаган нерсени алып өтө бер.
13 октябрь, 2008
Хизбут тахрирчилерге мамилеңиз кандай?
Шабдар. Бишкек: Динчилерге ар кандай ыплас нерселерди жабыштырып жатышпайбы. Бирок куран китепте кандай жакшы нерселер жазылган! Ошону эле
ачыкка чыгарабыз деген аракет.
Атын атабаган угарман: Экономикалык экспансия деген түшүнүк бар. Аны кыргызча чечмелегенде экономиканы акырындан басып алуу, дегенди билдирет. Мына,
алтыныбыздын күнүн чет жердиктер көрүп жатат. Эми суу-энергетика тармагын орустарга беребиз, деп жатышат. Ошентип, бара-бара
өз экономикабызга өзүбуз ээ боло албай калабыз. Уул-кыздарыбызды сыртка кетүүгө мажбурлап коюп, алар акча салып жатат, деп
кубанабыз. Экономикасына ээ болбой калган мамлекет эгемендигинен ажырайт. Ушуну кыргыз түшүнсө боло.
9 октябрь, 2008
Голбалдык финансалык кризис Сиздин турмушуңузга таасирин тийгизеби?
Нурбай. Таш-Дөбө айылы, Аламүдүн району: Дүйнөлүк кризиске чейин эле бизде тынымсыз кризис болуп келатпайбы. Биз көнүп деле калдык. Мага бир да таасирин тийгизген
жок. Банкта миллион долларым болсо, балким, күйүп кетмекмин.
Бектурган, аспирант. Бишкек: Дүйнөлүк кризис биз сыяктуу четтеги, финансы ресурстары чектелүү мамлекеттерге катуу зыянын тийгизген жок. Үйлөр гана арзандап
кетти. Бишкектеги үйлөр негизинен казакстандык банктардын ипотекалык саясатынан улам кымбаттап кеткен болучу.
8 октябрь, 2008
Нурадагы жер титирөөдөн кийин кыргыздар туруштук бере алган үйлөрдү курабы?
Гүлсүн Маматова. Ош: Нуралык туугандарга көңүл айтабыз. Ушундай жерлерди, үйлөрдү билип туруп, эч чара көрүлбөгөнүнө кабыргабыз кайышып жатат.
Шайыргүл. Бишкек: Бишкекте жаңы конуштарда деле коркунуч менен жашап атабыз. Кытайдын арзан материалдары менен эптеп үй салабыз, андан башкага
акча жетпейт.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек: Абдан кайгырып атабыз баарыбыз эле. Кыргызчылык кылып, эртеңки күндү эске албай жатпайбызбы. Эми берген акчаны туура пайдаланып,
жакшы үй салып алышса болду. Мына, Бишкектин четинде деле айылдан качып келип, эптеп топурактан үй салып алып, жашап жатышат.
Эми Кудай мындай кырсыкты бербесин, андан башка эмне айтабыз?
Айнура Мүдүнөва. Сокулук: Баарыбыз эле жер титирөөгө туруктуу үй салалы дейбиз. Бирок, ага каражатыбыз жок. Материал кымбат, ошондуктан, эптеп-септеп
үй салып жашап атабыз да. Эми Кудай эле сактабаса, андай бекем үй салганга мүмкүнчүлүк жок.
Атын атабаган угарман: Советтер союузунда үйлөр сейсмикалык нормада салынсын деп, жер-жерлерге цемент, кирпич заводдору курулду эле. Азыр алардын
баары жеке менчикке өтүп кетип, баасы асмандын башы. Эл айласыздан топурактан там сала баштады.
Таалай. Бишкек: Мамлекет көп кабаттуу үйлөрдүн салынышын караса жакшы болот эле. Азыр козу карындай жайнаган кабаттуу үйлөр эч кандай сейсмикалык
нормаларга жооп бербейт.
Каныбек Турдумамбетов. Бишкек: Кытайдын арматуралары сапатсыз деп жатышпайбы, эмне үчүн курулуш боюнча жетекчилик сертификат бербей, ташыганды токтотуп кобойт,
ушунун азабынан көп үйлөр кыйрап атпайбы.
6 октябрь, 2008
Нурада болгон жер титирөө жөнүндө
Базаргүл Маманова. Ош: Жакында эле күн тутулбады беле. Мурда бул бир каргаша болоордогу белги катары айтылчу эле, молдолор андай окуяларды көрө билип,
Кудайга жалынып, казан-аякты калдыратып бир ишаарат кылышчу эле. Азыркы молдолор мындай иш чараларды билишпейби, балким, кечээкидей
кырсыктар аз болот беле?
Орузбай Мусуралиев: Азыр салынып жаткан үйлөр өтө сапатсыз, сейсмикалык туруктуулукту сактаганга элдин каражаты жок, эптеп эле кирсек деген оокат
болуп атат. Кудай жаманчылыкты бербесин, болбосо жаман эле болот ко.
Үрүлкан. Кемин: Кырсыктан жапа чеккен Нура айлынын жашоочуларына кайрат кылгыла демекмин. Бечара кыргыздар же үйгө жетпей, же талаптарга жооп
берген үй салалбай жүрө берет экенбиз.
Жергиликтүү шайлоо тууралуу
Нурбек, байкоочу: Байкоочу катары айтсам, жергиликтүү кеңештерге шайлоо таза эмес өттү. Участкалык комиссиялар протоколдорго мөөр баспай коюп
жатышты, шайлоочулар болсо эки-үчтөн келип, добуш беришти. Буга элдин баарынын эле көзү жетти.
Ысык-Көл районунан атын атабаган угарман: Ысык-Көл районунун Кара-Дөбө айлында жергиликтүү эл администрацияга нааразы болуп, шайлоого келбей жатышат.
3 октябрь, 2008
Мугалимдерди саясий чараларда колдонушабы?
Атын атабаган угарман: Мен Бишкек мектептеринин биринде иштеймин. Аты-жөнүмдү атагым келбейт, анткени кызматсыз калуудан корком. Бизди – мугалимдерди
бийликтер шайлоо жана референдумдарда катуу пайдаланышат. Мисалы, автобустарга, маршруткаларга салып алып, мектептерди кыдыртып,
даяр баракчаларды салууга мажбурлашат.
Көчөрбай: Түптө мугалим болуп иштейм. Бизди шайлоо алдында пайдаланмак турсун, коркутушат бийликтегилер. Атымды да өзгөртүп койдум коркконуман.
2 октябрь, 2008
Айып жазаны көбөйткөнү, жол коопсуздугу жакшырдыбы?
Базаргүл Маманова. Ош: Байлардын, чоң чиновниктердин балдарынын баарында машине бар, атурсун мектептеги балдары да айдашат. Булардан ГАИ да коркот
болуш керек, көп токтотушпайт. Көбүнчө эрежелерди ушундай балдар бузушат. Ошондуктан айып жазаларды беш-он миңге чейин көтөрүүнү,
керек болсо, түрмөгө салууну сунуш кылат элем.
Марат. Ысык-Көл: ГАИден праваны сатып алып жатышат, аны баарыбыз эле билебиз. Ошол сатып алган немелер эрежелерди бузушат да. Бул өзүнчө система
болуп калбадыбы.
Таалай. Талас: Биздей кичинекей облуста бири-бирин таанышат, кимиси чоң, кимиси коммерсант, бүт билишет. Кээ беркилерден ГАИлер өздөрү чайга
тыйын таштай кет деп, ачык эле айтышат. ГАИ болсо чоңдордон коркот, анткени бир күнү иши түшөт да. Ошондуктан, Кыргызстанга
немистерден ГАИ апкелиш керек.
Жылдыз. Чоң-Арык айылы:
Мамлекеттик номуру барлар дале бузуп жатышат, кызыл светофорго өтүп кете беришет, аларды көрмөксөн болуп коюшат. Менин жолдошум
жакында курун тагынбай койгону учун кармалып, правасын араң алды. Ошолеле учурда мамлекеттик номурлар менен коркпой эле бузуп
жатышпайбы.
1 октябрь, 2008
Мусулмандар диний майрамын каалаган коомдук жерде өткөрө берсе болобу?
Чоро Осмонов. Бишкек: Орозо майрамын ар бир адам өз үйбүлөлөрүндө, же коңшу-колоңдору, же жакшы санаалаштары менен өткөргөнү жөндүү да. Кыргызда
эч качан көчөдө майрамдап, тамакаш таратуу деген болгон эмес.
Нурдин Исаев, пенсионер Бишкек: Менимче, динчил адамдардын өзү каалаган жерде өткөрөбүз дегени туура эмес, анткени биздин Конституцияга каршы келет. Конституцияда
болсо дин менен мамлекет бөлүнгөн эмеспи. Бишкектеги эски аянтта өткөргөндөрүнө да каршымын. Жанында мамлекеттик мекемелер
турса, Конституцияга каршы келип жатпайбы. Эски аянтка 70 миңдей адам келди, деп айтып жатышат. Эмне, дин жетекчилери Бишкекти
экинчи Мекеге айландырганы жатышабы?
Азат Акаев. Ош: Ноокатта бүгүн болгон окуя биринчиси эмес, андайлар Ошто көп эле болот. Бул деген дин агенттигинин Оштогу бөлүмүнүн чабал
ишинен кабар берет. Ошондуктан, мамлекет катуу көңүл бурушу керек.
Алишер. Бишкек: Мусулмандар – Кыргызстандын 80 пайыздан ашыгын түзөт, демек, алар чоң аянттарда өткөргөнү туура эле. Же мечитеттерге батпаса.
Исламдан коркуш кажет эмес, ислам тынчтыктын дини.
Кылыч. Бишкек: Мечиттерде майрам өткөрүлбөйт, намаз окулат. Майрам аянтта өткөрүлөт. Мунун биздин бийликке эмне зыяны тийип жатат? Менин
ушуга башым ооруйт. Бийликте отургандар мусулманбыз дешет, бирок алардын мусулман экенине күмөнүм бар. Бүгүн лотереяга да
тоскоолдук кылышты, белектерди милиция алып кетип калганы да жакшы болгон жок. Шаар бийликтери аянтта жарыкты өчүрүп салганы
да бизди капа кылды.
22 cентябрь, 2008
Кыргызстанда дин эркиндигин чектеш керекпи?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек: Машаяктарга каршы айтарым: өзүбүз аз сандуу эл болсок, төрт-беш динди тутунсак, арты жаман болот. Ливанды карагылачы, ар башка
диндер орун алып, өзара он жылдап чатактары басылбай жатат. Ошондуктан, бир эле динди тутунган туура болот эле.
Сарыбай. Бишкек: Кыргыз түпкүлүгүндө христиан болгон, бутпарас да болгон. Эмне үчүн баарыбыз исламды гана тутунушубуз керек? Эмне үчүн исламчыл
мамлекеттерде ушул ыйык делген рамадан айында киши өлтүрүүлөр токтобой жатат? Ушуга жооп беришсинчи.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек: Дин тууралу Карл Маркс дин бул апийим деген. Кыргыз болгондон кийин исламды тутунабыз дечи. Бирок мен эч качан беш маал намаз
окубайм. Азыркы жаштарды карагылачы: эчкиникиндей сакал коюп алышат, кыздарыбыз бети-башын чүмкөп алышкан. Бул жарашпаган
жорук да. Арыдан бери болуш керек да. Тек гана кудайга ишенип жүрө берсе деле болот да.
Динара. Башка диндерди чектеш керек. Мисалы, свидетели иегова деген бар, коңшубуздун келини өтүп кеткен да, кайненеси тыюу салганда
эки жаш ымыркайымды кечсем да, динимди таштабайм деп басып кеткен. Акыры эки бөбөк энесиз калды.
Бугубаев. Бишкек: Ислам дини менен өкмөт мыйзамы бир жолдо болушу керек. Экөө эки башка сөздү сүйлөсө, ары-бери тартыш болот. Андан көрө экөө
биригип, оң жолго салуу жагына кам көргөнү туура.
Урмат: Кыргызстанда дин эркиндигине кеңири жол берген жарабайт. Эки негизги динге ислам менен христиан динине жол бериш керек. Калган
майда-чүйдөлөргө тыюу салуу зарыл. Антпесе, бул мамлекет коопсуздугуна залакасын тийгизет.
18 сентябрь, 2008
Бийликтердин "түшүм көп" дегенине ишенесизби?
Базаргүл Маманова. Ош: Бул жалган, кагаз жүзүндө берген, президентти сүйүнтөйүн деген кабары акимдердин. Себеби, ичкенге суу таппай жатабыз, жети
километр жерден ташыйбыз. Жакында Аксы районуна Таш-Дөбө деген айылга бардык, суу жоктон огороду өспөй калыптыр, буудайды
айтпай эле коёлу. Эмнеге ушинтип жалган айтып, адамдарды алдашат?
Кубанычбек Жумалиев. Нарын: Чүйдү, анан түштүктү билбейт экемин. Ал эми Нарында эң мыкты чыкты дегенде 25 центнерден алынат.
Жумгалдан Насыралы Алыбаев: Мына бизде ар бир гектардан 3 мүшөктөн гана буудай алдык. Ал эми өкмөттөгүлөр бир гектардан 2-3 тоннадан алдык деп калп айтып
жатышат.
Тоңдон Кубат: 30-35тен алдык деген калп болушу керек. Андан көрө президенттин же премьердин ишенимдүү адамдары айыл-апага барып, өздөрү
текшерип, жанагы жалган кагаз жазгандарды жоопко тартышпайбы.
17 сентябрь, 2008
Кытайдан алынган азыктарды ылгабай жейсизби?
Сатыбек. Бишкек: Биз кайдан билебиз Кытайдан же башка жактан келгенин? Экинчиден, чынеле ылгабай эле жей беребиз. Ошондуктан, биз айрып тааныгандай
болсок жакшы болот эле.
Анара. Бишкек: Биз азыр Жалдагы балдар ооруканасында жатабыз. Азыр көп балдар ооруп жатат, нервинен шал болуп жаткандар айрыкча көп. Ошонун
баары көбүнчө врачтардын катасынан, же энесинин туура эмес тамактанганынан дешет. Кытайдан дарылар, тамактар келип жатканын
билебиз. Аларды болсо Германиядан келди деп, врачтар жазып берет, ичип жатабыз. Ошондон улам оорулар көбөйүп кеттиби деп ойлойм.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек: Кыргыз тилин жапондор эки-үч жыл арасында эле үйрөнүп жатышат, америкалыктар да тез эле билип алышат. Ал эми бизде көп жылдап
жашаган орустар үйрөнбөй жатканы өкүнтөт.
Учурдан пайдаланып айта кетейин: эгемендүү болгондон кийин биздин балдар-кыздар чет жакка чыгып жатышат, мен ошого кубанам.
Мына Гүлнара Америкадан сүйлөп жатат. Жолу байсалдуу болсун, алыстан аман-эсен, жолдуу кайтып келсин!
16 сентябрь, 2008
Кыргыз тилинин бир айлыгы өткөнү жатат. Оюңуз кандай?
Чыналы Касымбаев. Бишкек: Кыргыз тилинин бир айлыгын өткөргөнү жакшы. Бирок, бул куру далбас эле болуп калат го деп ойлойм. Президент Бакиев жана анын
өкмөтү кыргызча сүйлөбөйт. Алар жалаң гана орусча чогулуштарды өткөрүп жатса, өз өлкөбүздө өз тилибиз кантип өнүкмөк эле.
Бир эле мурдагы адилет министри Марат Кайыпов кыргызча так сүйлөйт. Калганы орусчага оор кетип жатышпайбы.
Осмонбек Иманалиев: Жаш улан-кыздарыбыз үйдө деле, сыртта деле орусча сүйлөп жаман болду. Орус, англис тилдерин деле үйрөнүшсүн, бирок көз тилибизге
ар дайым алдыңкы орун берилиши керек.
Элебес. Бишкек: Мамлекеттик тилди көтөрүү боюнча бир айлык жарыялаганы жакшы. Бирок, мындан майнап чыкпайт болушу керек. Анткени биздин чиновниктер
өз тилинде сүйлөбөйт. Москвага жасакерленип, орус тилине расмий деген статус дагы ыйгарып жиберишти. Ал эми ошол эле учурда
коңшу Өзбекстанда өзбек тилин билбегендер ашканадан тамак да алып иче алышпайт. Ал жерде Өзбекстанда жашагандан кийин өзбек
тилинде гана сүйлөш керек деген эреже бар.
Тургуналы Эшмуратов. Бишкек: Өзүбүздүн кыргыз тилибизди 17 жыл бою өнүктүрө албай, кайра төмөндөтүп жибердик. Азыр “Акжол” партиясы баштаган кыргыз парламентинде
70 пайыз орусча сүйлөшөт. Ал эми өкмөт менен президентти айтпай эле коелу. Аларды айылдагы эл түшүнбөйт деле.
Бакыт. Бишкек: Кыргыз тилинин айлыгын эмес, жылдыгын өткөрсө деле оңолбойт. Анткени биздин чиновниктер орусча сүйлөп жатышпайбы.
15 сентябрь, 2008
Эт сатып алаарда тазалыгын текшересизби?
Фархад. Талас: Ветеринардык кызматтар фермерлеге барып, малын текшербей эле таза деген справкаларды берип коюшат. Ошондон улам этте илдеттер
чыгып, элге дагы жугуп жатат. Ветеринарлар иштесе, анан мындай жугуштуу оорулар болмок эмес.
Оңолбек Шаршеев: Сибирь жарасы деген бир балээ болду го. Бир райондо басылса, башкасынан кайра чыгып жатат. Аны басуу үчүн жалпы прививка
кылып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Мындай илдеттерди жайылтып жибербөө үчүн жоопкерчиликти күчөтүшү керек. Айрыкча,
илдетке чалдыккан малдын этин таратып жибергендерди жазага тартыш керек.
Гүлсүн Маматова. Ош: Малдын күйдүргү илдетин айылда ветеринарлар жок болсо, ким көзөмөлдөмөк элек. Жетекчилер, акимдер деле ага көңүл буруп койгон
жери жок. Базарга барсак, эттин справкасы бар дешет. Бирок, анын чыны менен эле таза экенин ким текшермек эле? Билбей эле
ала беребиз. Анан оору ошондон жайылып жатпайбы.
Осмонбек Иманалиев: Колхоз-совхоздорду, кооперативдерди уюштуруш керек. Антпесе, жалаң жеке менчик чарбалар боло берсе, анда мал ылаңы азайбайт.
12 сентябрь, 2008
Кыргызстан Орусияны колдоп Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныш керекпи, же Грузиянын бүтүндүгүн урматташы абзелби?
Сарбагыш Кушчубеков. Жалалабад: Россия эгер суранса, Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныш керек. Анткени Грузиянын дагы катаасы бар. Олимпиада
оюндары башталган күнү согуш баштабадыбы. Бул байыртадан тынчтык күнү катары таанылган. Бизге Грузия, Америкага караганда,
Россия жакыныраак. Ал жерде он миңдеген атуулдарыбыз иштеп жүрөт. Өлкөсүнө пайда келтирип жатат. Ошондуктан биз чечкинсиз
болуп туруп албастан, бир жагына ооп, Россиянын колдошубуз керек.
Рашит. Таласта: Биз Түштүк Осетия жана Абхазия эгемендигин тааныбашыбыз керек. Анткени мындай туура эмес болуп калат. Россия менен кайнаса
каныбыз кошулбайт. Аларга колдоо көрсөтүүнүн кажети жок.
Осмонбек Иманалиев: Кыргызстанга Медведьев келет экен. Биз Орустардан көп эле пайда көрүп жатабыз. Билим жагынан, экономика жагынан жардам берип
жатышат. Биз андыктан Россияны колдогонубуз оң. Ал эми Грузиянын согуш аракеттери, аймактагы тынчтыкты сактоого каршы келген
туура эмес кадам болуп калды.
9 сентябрь, 2008
Дин пайдалуубу?
Зарина. Бишкек: Мен бүгүн эле абдан сонун кеп уктум. Европада ислам бар, бирок, мусулмандар жок, Чыгышка келсең мусулмандар бар бирок, ислам
жок дейт. Бул мага абдан жакты, анткени, буга толук кошулам.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек: Кийинки убакта динге ишенген жаштар кыштактардан баштап шаарга чейин көбөйдү. Ошол эле убакта дин менен иши жок жаштар андан
көп. Чынында, диндин адамзатка зыяны жок эрежелерин туура сактаса. Арак ичпе, жамандык кылба деген ар бир динде бар. Чыныгы
динди карманганда дүйнөдө эч кандай терроризм болбойт эле.
8 сентябрь, 2008
Вице-премьерге суроолор
Осмонбек Иманалиев. Бишкек: Президентибиз айткан да, 1-сентябрдан баштап автобус кое беребиз деп, ушундай эле убадалар көп. Жол акысы, кымбатчылык, көмүр
деп эл бири-бирин жеп атат.
Базаргүл. Ош: Электр энергия эмес, иче турган суубуз жок Кара-Сууда. Качан ушул кыйынчылыктардан чыгабыз?
Касымбек. Бишкек: Ар ким өзүнө эле ишенбесе, бийлик жасайт экен деп карап отургандар талаада калат. Ошондуктан, кеңешим эптеп көмүр алып, этаждагылар
башка варианттарды карап коюш керек. Былтыркы Тажикстанды көрбөдүкпү, бизде абал андан жакшы эмес.
Насыраалы Аалыбаев. Жумгал: Быйыл отун жакшы болот деп атышат, кайдан жүрүп жакшы болот. Биз Кара-Кечеден 50 метр алыс турабыз, көмүрдүн тоннасы ушул
жерде 2500 сом болуп атат, анан кайдан жүрүп Кыргызстан бойдон жыргап калабыз?
4 сентябрь, 2008
Электр энергиясынын өчүрүлүшү кыйнадыбы?
Айбек. Бишкек: Свет өчүп балдар сабагын окуй албай кыйналып атабыз, жок дегенде саат он –он бирден кийин өчүрсө жакшы болот эле.
Иляс Төрөгелдиев. Бишкек: Менин да тигүү цехим бар, анда 80 киши иштейт. Бишкекте мындай 5-6 миңдей цех бар. Аларда жүз миндеген кишилер иштейт. Азыр
негизги киреше ушундан түшүп жатат. Свет өчүп тышкы рынокко да чыга албай калдык. Ушуну бир ойлонуп көрүшсө жакшы болот эле.
Абдраим Бектемиров. Бишкек: Свет өчүргөндөн менин эки муздаткычым күйүп кетти, бирөө жаны 17 миң сомдук болчу. Мунун чыгымын ким төлөйт, үй-бүлөм чон,
тамак-аш ачып- кычып, алдыбыз ууланып атабыз, буга ким жооп берет?
Мария Алышпаева. Бишкек: Мен үч фазалуу линияны өчүргөнгө абдан каршымын. Мен анын документин 12 миң сомго жасаттым. Өзүмдүн эмгек акым болсо 100 долларга
жетпейт, ошого карабай 12 минге чыгым болдум, муну ким төлөп берет? Бул менин кирешем кеткен менин мүлкүм да, анан өкмөт морадер
болуп атпайбы.Оппозиция ушуну электр энергиясы боюнча чыкса, мен аларды колдоп чыгат элем.
Нуркан. Бишкек: Мен цехте тигүчү болуп игштейм. Светтин жоктугунан 2 аптадан бери жумушу жок отурам. Бул кымбатчылыкта кантип жашап, кантип
балдырыбызды окутабыз?
Кубат. Тоң: Быйылкы кышкы электр өчүрүүлөрдү жазгы өчүрүүгө алмаштырса болбойбу? Кышкыга караганда жаз-жайда электр азыраак колдонулат
да, ушул мезгил ичинде Токтогул суу сактагычын толтуруп алууга болбойбу? Ушуну өкмөт карап көрдү болду бекен?
3 сентябрь, 2008
Кымбатчылыкта кантип жатасыз?
Оштон Базаргүл: Кымбатчылыктан эл катуу кыйналып жатат, айрыкча айылдагыларга оор болду. Жөлөкпул берилбейт, ташкөмүр кымбат, отун кымбат.
Кыскасы, кыргызга кыйын болду, бул эмне деген программа? Мына азыр балдарды окууга жибербей, талаада иштетип жатышат. Кыйын
балдар айылдан чыгат эмеспи, эми алардын тагдыры эмне болот?
Адилет. Балыкчыдан: Кымбатчылык элди кыйнап жатат. Эми ал аз келгенсип, милиция органдары Тоңду кыдырып, малчылардын мылтыктарын тартып алып жатышат.
Эми карышкыр кычаганда эмне болот?
Пенсионер Анара. Бишкек: Мамлекеттик транспортто бекер жүрөт деп президент Бакиев айткан эле. Азыр Кытайдан автобустар келе электигин билебиз. Бирок,
бекер жүрөт экенбиз деген кары-картаңдар транспортко түшкөндө ызы-чуу чыгып жатат. Эми автобустар келгиче троллейбуста бекер
жүрөт деп жардык чыгарып койсо болот беле президент? Биз – пенсионерлер Ош базарына баралбай калдык.
Гүлбүбү. Бишкек: Би-Би-Си карапайым элдин үнүн берип жатасыңар. Эми ошол үндөрдү депутаттар, чоңдор угабы? Укса оңолот эле го? Элдин үнүн берип,
силер жараны чукуп жатасыңар.
2 сентябрь, 2008
Балдардын окуусуна кымбатчылык жолтообу?
Чынар. Бишкек: Кымбатчылыктын айынан канча бала окубай калды. Алардын келечеги эмне болот, буга ким жооп берет?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек: Кымбатчылык жана энергетикалык жетишпегендик албетте мектептерге чоң зыянын келтирет. Көпчүлүк эле ыйлай-сыктай, тамак-ашынан
арттырып кийимин, китебин алып берет. Эми көмүрү жетпесе, электр жарыгы өчүп калса, суукта балдар кантип окуйт. Же тамагы
жакшы болбосо, суукта отурушса, оорукчан болуп калышы мүмкүн. Өкмөт ушуга абдан жакшы көңүл бурушу керек.
|