|
Нью-Мексико штаты
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
АКШдагы илгерки канжолдордун бири 66-багыт бир кезде Лос-Анжелестен Чикагого дээрлик төрт миң чакырымды камтып барчу. БиБиСинин шайлоо автобусу ушул жол менен Нью-Мексико штатына келди.
Штаттын башкалаасы Санта Фе шаарындагы Сан Мигуэль чиркөөсү (San Miguel Chapel) АКШдагы эң илгерки чиркөө имараты деп саналат. Анын топурактан салынган дубалдары 1610-жылы тургузулган деп айтышат.
Нью-Мексикодо теги испаниялык америкалыктар көп санда. Алар испан колонизаторлорунун урпактары жана өлкөгө соңку учурларда келген эмгек мигранттары. Штатта Американын түпкү калкынын өкүлдөрү да жашап, өзгөчө бир маданий таасирлер жаралган.
Бул жактын климаты абдан кургак, орто эсеп менен жылдын дээрлик 300 күнү бул жакта күн тийип турат. Айланада негизинен тоолор жана чөлдөр. Тамак ашты кургатууга ыңгайлуу.
Альбукерке шаарында Нью-Мексиколук айтылуу жарманке өтүп турат. Жарманке сентябрь айында 17 күн бою өтөт. Анда концерттер, жарыштар, родео оюндары, карнавал жүрүштөрү, айыл-чарба, мал көрсөтмөлөрү уюштурулат.
Түпкү америкалыктардын салттуу бийлери туристтерди кызыктырган негизги оюн-зоок. АКШда маргиналдашып бараткан түпкү калк өкүлдөрү президенттик шайлоодо өзгөрүүлөрдү убада кылган Обама жеңип чыкса экен деп эңсешүүдө.
Эл сүйгөн дагы бир кызыктуу оюн-зоок бу родео таймаштары. Ал мал тейлөөдөн улам келип чыккан спорттун түрү. Ковбойлор арасында ар кандай өнөрлөрдү тез аткаруу боюнча таймаш жүрөт. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||