|
Томбстоун шаары
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Аризона штатындагы Томбстоун шаарын 1879-жылы Эд Шеффелин негиздеген. Тегерегин аңгыраган чөл курчаган бул шаар Батыштагы эң катаал аймактардын бири катары белгилүү.
Шаар тегерегинде минералдар, күмүш кендери табылгандан бери көптөгөн мигрант жумушчулар келген. Азыркы учурда Томбстоун шаарына жылына беш жүз миңдей турист келип кетет. Бул - шаардын ар бир тургунуна 300 киши дегенди билдирет.
Шаардыктар келгиндер үчүн OK Corral - Окей Корралда болгон ок атышууну кайра-кайра коюп беришет. Бул окуя көптөгөн документалдык жана вестерн кино-фильмдеринде чагылдырылган.
Бул ок атышуу 1881 жылдын 26 октябрында болгон. 30 секунд ичинде отуз жолу ок атылган. Атышты ким баштаганы ушуга чейин белгисиз. Көпчүлүктүн оюнча атышкан тараптардын бири тартип орнотуучулар, беркилери болсо мыйзамга баш ийбеген ковбойлор болгон.
Катышуучулардын бири гана Вижил Ирп аттуу ковбой абдан тажрыйбалуу аткыч эле. Ал аталган урушка камынып, биртуугандары Уайат жана Морган Ирпти жана досу Док Холлидейди чакырган.
Окей Кораллдагы атышууну ойноп берген актерлор Том Маклари, Билли Клаптон жана Франк Маклари өлүмүш болуп жатышат. Атышта 3 эле киши курман болгону менен бул окуя америкалыктардын эсинде терең орун алган.
Бүгүнкү күнү Томбстоун тынч шаар, аз гана мекемелер түнү бою иштейт. Ал эми учурунда сойкулар үйлөрү жана башка түркүн салондор эч жабылбай 24 саат бою иштечү экен. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||