|
Америка күндөлүгү
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Би-Би-Си Дүйнөлүк кызматы Кошмо штаттарында ноябрда өтүүчү президенттик шайлоодо чечүүчү маселелерди иликтөө максатында кабарчылары үчүн автобус менен саякат уюштурууда.
Техасты негизинен мунайзаты менен жакшы таанышат. Бирок, биз таң эртең менен жетип барган Свитвоте шаарчасы жөнүндө антип айтууга болбойт. Биринчи караганда абдан эле ээн жана чакан шаарчадай туюлду. Иш жүзүнө келгенде калаа башкача болуп чыкты. Фермер үй-бүлөөлөрдүн бири менен жолугушууга бара жатып, келиштириле салынган жол жана чыкыйган үйдү көрдүк. Алар пахта өндүрүшөт экен. Менин жерди кантип иштетесиңер? - деген суроомо жөнөкөй жооп кайтарылды: "жаан-чачын жакшы болсо, түшүм дагы жакшы болот, жаан жаабаса, түшүм дагы начарлайт”, - дешти. Фермерлердин айтымында, пахтаны мурдагы Советтик өлкөлөрдөй кол менен өстүрбөстөн, баштан аяк техниканын жардамы менен өндүрүп, жыйнашат экен. Андан сырткары мал чарбачылык дагы бар экен. Маселен, кирешелүү уй этин сатуу бизнеси Америка да эле эмес, Кытай жана Жапония сыяктуу өлкөлөрдө дагы кеңири тарап, суроо-талап күчөп келет. Андан сырткары “Бургулоочу Джэк” менен да тааныштым. Бул жери Техаска мүнөздүү экен. Башкача айтканда ферманын мунай бургулоочу
жагдайы да бар экен. Чакан бургулоочу аркылуу фермер мунайзатка өз керектөөсүнүн 25 пайызын турган жеринен алууга мүмкүнчүлүгү
бар. Ушул аймакта эле он беш миң турбиналар бар экен. Алар өлкөгө шамал энергиясын бергенден тышкары, фермерлерге өз талааларын
колдонууга бергени үчүн киреше да алып келет. Ошентип, Свитвотедеги фермерчилик бул жөн гана мал чарбачылык же пахта эгүү менен чектелбесин көрдүк. Айтмакчы, шамал турбиналарын фермадагы мал дагы жакшы көрөт окшойт. Анткени көлөкөлөп жатканга аларга турбинадан башка дээрлик эч нерсе жок экен.
Родео Өмүрүмдө биринчи жолу Америкалыктардын родео деген оюнун көрдүм. Циркке окшоп ортосуна топурак төшөлгөн ири стадиондо өттү. Шаан-шөөкөт менен коштолуп аренага биринчи атчан чыкты. Адегенде ал аренаны тегеренип чыгабы деп күтүп жатсам, ат үстүндөгү кишини кулатып жиберчүдөй мөңкүп кирди. Кооптубу деп сурасам , анчейин эмес дешти. Болуптур деп тынчтып, оюнду көрүп отурдум. Кайсы ковбой аттан кулабай узагыраак турса ошол жеңүүчү. Ковбойлордун кээ бири жыгылып түшкөндө жардамчылар чыга калып аттын белин бошотуп жиберет экен. Бул оюн кыргыздардын көкбөрүсүн эске салды. Борбор Азияда көкбөрүнү казактар, өзбектер жана башкалар да ойношот. Көкбөрү менен родеонун окшоштугу эки оюнда тең атчандар ойногону болбосо, айырмасы көбүрөөк. Көкбөрүдө атчандар бири-бирин жөөлөп, ээ-жай бербей улакты тартышса, родеого катышкандар башын, көлу-бутун коргоп, атайын материал менен оронуп алышат. Эң кызыгы оюнга букалар киришкенде башталды. Буканы аренага айдап чыгышканда атчан ковбой анын артынан түшүп, укурук менен кармап алууга аракет кылат. Кармагандан кийин ал буканы капталына жыгып, бутуп чалып байлап салышы керек. Бул ишти ким тезиреек жасаса ошол жеңүүчү деп табылат. Баса ковбой жыгылып калганда бука аны сүзүп кирет, андыктан аренага дароо кызыл-тазыл кийинген жардамчылар чыгып буканын алакды кылганда ковбой качып чыгууга тийиш. Чоң кишилер ойноп бүткөндө, аренага кичинекей балдар чыгып, кой-эчки миңип жарышат. Булар да бир күнү ковбой болуп, чон оюнга түшөбүз деп кыялданса керек.
Нью-Мексико жармаңкеси Альбукерке шаарына келип токтодук. Бул жер Нью-Мексикогу иссукстводон баштап, жашоо тирилик, жылкылардын көргөзмөсүнө чейин
камтыган жармаңкеси менен белгилүү. Аттракциондордун ичинде балдар үчүн тепкич дубал, кооз сепилдин арасынан бир күркөгө кирип калдым. Ал жөнүндө айтып берейин. Көрсө, бул улуттук гвардиянын күркөсү экен. Ал жердеги униформачан жаш аскерлер чечилип сүйлөп, кишилерди өзүнө тартып жатышты. Андан сырткары бул курал-жарактар Ирак жана Афганистанда колдонулуп жаткан жабдуулардай эле чыныгы экенин, өздөрү да керек
болгон учурда ал аймактарга жармаңкеден соң дароо жөнөп кетүүгө даяр экенин айтып беришти. Жармаңке бул штаттын көп улуттуу аймак экенинен дагы кабар берет. Күркөлөрдүн көбүн испан тилдүүлөр ээлеген. Алар Нью-Мексико калкынын кырк пайыздан ашуунун түзөт. Нью-Мексикодо иммиграция маселеси дагы чоң көйгөйгө айланган. Муну мен Альбукеркеге келе жаткан жолдо индеецтер жашаган аймактан
байкадым. Анын айтымында көптөгөн арзан жумушчу күчтөр Мексикадан жаап келишип, натыйжада жергиликтүүлөрдүн өздөрү жумушсуз калыптыр. Бул бир гана окуя болгону менен иммиграция темасы АКШнын келерки президентинин эң чоң маселелеринин бири.
Америка космодрому Чындык же Кесепеттер деп аталган шаарчадан элүү чакырымдай алыстыктагы талаада дүйнөдөгү космос туризмин баштоо мүдөөсүн ишке ашыра турган коммерциялык космодром курулмакчы. Бардыгы пландагыдай өтчү болсо, бул жерден 2010-жылдары туристтер космоско саякат башташат. Андай туристтердин тизмесине азыр эле 275 киши жазылып алган. Алардын арасында Кытайдын жана Индиянын капчыгы калың атуулдары бар. Курулуш башталган эмес, бирок бул жер жакынкы жылдары Казакстандын Байконур космодромунун Америкалык үлгүсү болчудай. Биздин таңкы сапар “өлүм жолу” деп аталган жол менен уланды. Бирок, коркууга негиз жок, анткени ага келечекте космос же ушуга байланышкан наам берилиши ыктымал. Биздин гид Брэнт Зиарнактын айтымында, мындан бир нече кылым мурда алгачкы испандар келип отурукташканда бул жер ээн талаа болуп, Онейт аттуу чакан көлдөн башка бир тамчы суусу жок аймак болгон экен. Көптөгөн кишилер сууга жетпей кырылып калганда, бул жолду “өлүм жолу” деп атап алышыптыр. Ээн талаа, жер кыйыры чексиздей аймакта сапарыбызды улап бара жаттык. Брэнттин айтымында, бул жерде эч нерсе көрүнбөгөнү менен көптөгөн муундар бою атадан балага калган испан малчылыгы сакталган. “Эгер машинеңиз бузулуп калчу болсо, сизге атчан киши келип жардам бериши ыктымал”, - дейт гид. Чынында эле бирин-серин мал жайылып жүргөнүн да көрүүгө болот эле. Коммерциялык космодромдун ордун камдоо үчүн бульдозерлер жерлерди эмитеден эле түрттүрө баштаптыр. Дагы бираз жүрүп олтургандан кийин гид бизди чакан портко алып барды. Бул порттон төрт ракета учурулуптур. Бирок, бул ракеталар кишилерди ташыбайт. Анткени менен каттамдар башка коммерциялык суроо-талаптарды аткарат экен: Айрымдар оо дүйнөгө узагандан кийин сөөгүн өрттөп, күлүн космоско сапырып жиберүүнү каалашат, кээбири сувенир тыйындарды жолдошот, атүгүл дарыларды же сууну космоско чыгартып келгендер да болот. Андай сууларды “энергияланган суулар” деп коюшат экен. Биз жакындап калган Albuquerque аттуу жерде дүкөндөрдө ошондой сууларды сатышат деп калышты. Биздин гид ошондой сууну бир
жолу ичип да көрүптүр. “Доктордук диссертациямды жактап жатканда ал суу бир күн бою мага кубат берип турду”, - дейт ал.
Чындык же Кесепеттер шаарында Саякаттын алгачкы бир күнү артта калды. Биз азыр Аризона штатындагы Фоникс калаасынан жети сааттык алыстыктагы Нью-Мексиконун Truth or Consequences - Чындык же Кесепеттер деп аталган шаарына баратабыз. Жолдон биз абдан бир кызыктуу жерге токтодук. Бул Томбстоун деген шаарча. Вестерн фильмдеги ковбойлор менен индеецтер кайсы жерге эле жашырынып алат деп ойлочу элем. Капыстан дал ошол фильмдерде тартылган жерлердин чок ортосуна түшүп калгандай сездим. Эки чоң көчө кесилишип, ага бойлото чакан дүкөндөр салынган. Бул Америкага мүнөздүү, башкача айтканда дал ошол Вестерн фильмдериндеги көрүнүш. Каякты караба, кишилер, балдар жана аялдар ковбойлордой жасанып, кадимкидей башына шляпа кондуруп, белине револьвер асынып алышкан. Көрсө бул чакан шаар ковбой маданиятын даңазалоо аркылуу Америкадан эле эмес, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан туристтерди тартып турат экен. Чыныгы ковбой жок болсо дагы, ошондой маанайды чагылдырып турууга аракет кылышат. Чакан музейге бардык. Ал жерде Вестерн фильмдеринин көбүндө көрсөтүлүп жүргөн 1881-жылдагы айтылуу О.К.Корралдагы атышуу окуясынын инценировкасына күбө болдук. Жергиликтүү тарыхчы ошол мезгилде эмне болгонун айтып берди. Ал АКШнын президенттик шайлоо өнөктүгүн кээде ошол эзелки жапайы батыш окуяларына окшоштураарын кошумчалады. Кечинде Чындык же Кесепеттер деп аталган шаарчага барып токтоду. Бул чакан аймактын тургундары болгону 7 миңдей киши. Элдин маанайы башкача экенин байкадым. Буга чейин биз жолуккан америкалыктар финансылык кризис, баалардын өсүшү сыяктуу көйгөйлөргө түйшөлсө, бул жердегилер эмнегедир оптимисттик маанайда. Көбү пенсия жашындагы кишилер. Алар бул шаарчада жашоо арзаныраак деп келишиптир. Биздин угушубузча шаарча дүркүрөп өнүгүү алдында туруптур. Анын негизги себеби – космос туризми. Биз билгендей космос туристтери Казакстандагы Байконур космодромунан учуп жүрүшөт. Ал эми 2010-жылдан баштап, дал ушул Чындык же Кесепеттер деп аталган шаарчадан туристтер космоско уча башташат. Калоочулардын тизмесинде азыр эле 300 киши бар деп уктук. Космодром куруу чечими кабыл алынган. Ошондон улам шаарга жаш муун өкүлдөрү агылып келе баштаптыр. Анткени бул долбоор үчүн компьютердик инженерлер жана башка кызматкерлер керек. Ошентип, биз Түштүк Америкадагы эки штаттын эки шаарында эки башка жашоону көргөндөй болдук. Бири өткөнгө таянса экинчиси – келечекке көз чаптырат.
Фоникс калаасы Би-Би-Синин АКШ президенттик шайлоосуна карата жиберген автобусуна олтурганыма бир нече саат болду. Азыр Truth or Consequences - Чындык же Кесепеттер деп аталган шаарга бет алдык. Бирок, мен Аризона штатындагы Фоникс калаасына келгендеги алгачкы таасирлерден дагы деле арыла албай турам. Учак коноор алдында бул аймакка көз чаптырып, Борбор Азияга түспөлдөш экенин байкадым. Эгер колумдагы билетим болбогондо, Ташкентке конуп жаткандай сезмекмин. Тоо кыркалары, жылгаалар, талаалар, мунун бардыгы биз жакка окшошуп турду. Бул аймактын Борбор Азиядан бир гана айырмасы үстүнөн караганда терең-терең оюлуп, көз мелжиткен Улуу Каньону демек элем. Фоникс шаарына жакындаганда да, Ташкентти дагы бир жолу элестеттим. Анткени көчөлөрү түз, узун, жана жакшы пландалганы көрүнүп турду. Ал эми аэропортко жетип, учактан түшөөрүм менен мончого киргендей болдук, сырттагы 40 градус ысык Борбор Азияны дагы бир жолу эске салды. Отельге кетип бара жатып, өзүн Мухаммед деп атаган таксист менен баарлашып калдым. Ал түбү Египедден экен. Бул өлкөгө эмнеге келдиңиз деп сурасам, келгенине он жылдай болуп калыптыр жана андан бери Американын атуулдугун алганына сыймыктанат экен. Бирок, ошол эле учурда бактылуу да, бактысыз да экенин айтып берди. Туулган жерин абдан сагынат. “Бул жерде көптөгөн досторум болгонуна карабастан, көп байланыша албайбыз. Кол телефонум дээрлик чалбайт. Анткени алардын баары жумушта, иштебесең бул жакта жашаш кыйын”, - дейт ал. Мен андан мусулман болгондон кийин намаз окуганга мечитиңер барбы деп сурадым. Анын айтымында, бар экен. Бирок, ошого карабастан бул жерде мусулмандар өздөрүн өгөйлөнгөндөй сезишээрин айтты. “Өкмөт биз менен, айрыкча тышкы саясатка келгенде, эсептешпейт”, - деди ал. Отельге барганда кечки Фониксти кыдырып көрүүнү чечтим. Гидден Борбор Азияга байланыштуу бир нерсе барбы десем, коңшу көчөдө Самаркан деген ресторан бар деди. Ал жерге барып көрсөм, кечки ондо жабылып калыптыр. Терезесинен шыкаалап карасам, Самаркандын көзгө жылуу көк оймо чиймелүү мечиттеринин сүрөттөрү илинип туруптур. Гид мага бул жерде “лепёшка” деген тамакты абдан жактырышат деди. Мен ага бул Борбор Азиянын бардык жеринде кеңири тараган токоч экенин түшүндүрүп бердим. Фоникс калаасында Борбор Азияга дагы бир окшош нерсени жолуктурдум. Аймакта обочолонуп бир тоо турат. Ал Оштогу Сулайман тоосуна окшош экен. Дагы бир таң калтырганы жергиликтүү индеецтер бул тоону дал Сулайман тоодой ыйык тутунат экен. Кеч болуп калганына карабастан, 24 саат бою иштеген супермаркеттерге келип-кетип жатышкан жергиликтүүлөр менен дагы баарлашып көрдүм. Алардан Америка чыны менен эле Голливуд филмдеринде көрсөтүлгөндөй өлкөбү деп сурадым. Маектештеримди көбү андай эмес, бизди деле баалардын көтөрүлүшү, айрыкча күйүүчү майлардын кымбатташы түйшөлтөт деп жашоо-турмушу демейдегидей экенин айтып беришти. Көрсө, алар деле Борбор Азиянын карапайым тургундары сыяктуу күнүмдүк жашоонун арабасын тартып жатышыптыр.
Кетээр алдында Салам. Менин атым - Гүлнара Касмамбетова. Мен бир аптага Америкага барып, Би-Би-Си уюштурган саякатка катышканы жатам. Муну Дүйнөлүк кызматта иштеген кесиптештерим "эпикалык" саякат деп мүнөздөшүүдө. Себеби анын маршруту өлкөнүн чыгыш жээгинде Лос Анжелес шаарынан башталып, батыш жээгиндеги Нью Йорк шаарына Би-Би-Си кабарчылары 25 000километр аралыкта 12 штат аркылуу автобус менен кыдырышат. Би-Би-Синин ар башка кызматтарындагы кесиптештерим автобус маршрутунун ар башка бөлүктөрүндө кошулуп турушат. Мен болсо 14 сентябрдан тартып 23 сентябрга чейин Аризона штатынан Техаска чейин барам. Саякаттын мен кошулган бөлүгүндө Феникс (Phoenix), Чындык же Кесепеттер (Truth or Consequences), Абукёрке (Albuquerque), Свитвотер (Sweetwater) жана Даллас (Dallas) шаарлары аркылуу өтөбүз. Бул автобус менен ири жана чакан шаарларды, элет жерлерин жана борборлорду кыдырып, коомдун ар кыл катмарындагы адамдар менен жолугабыз. Албетте, барган жерлеримден Би-Би-Синин угармандары жана Интернет окурмандары менен пикир бөлүшүп турамын. Бул саякаттын максаты эмне болот? АКШнын эл аралык аренада ойногон ролуна байланыштуу бул жерде ноябрда өтүүчү президенттик шайлоонун жыйынтыктары бүтүндөй дүйнө үчүн абдан маанилүү эмеспи. Америкалыктар эле эмес дүйнө жүзүндөгү бардык элдер АКШнын эмки президенти ким болот? - деп кызыгып кулак түрүп турган чагы. Америкалыктар алардын жаңы президенти кандай болуусун каалашат? Бул жолу дүйнөлүк коомчулук Кошмо штаттарынын жаңы лидеринен эмнени күтүшөт? Мен бул саякатка катышкан Би-Би-Сидеги башка кызматтардагы кесиптештерим менен бирге барган жерлерибизде жолуукан америкалыктар менен баарлашып, жаңылыктардын алдынкы сабында чагылдырылбаган алардын күнүмдүк турмушу, көйгөйлөрү, кыял, максаттары жөнүндө сурайм.
Америкага биринчи жолу баратам. Андыктан мен кызыккан суроолор бул өлкөгө бара элек угармандарыбыз жана интернет окурмандарыбыз үчүн деле кызык болсо керек. Американы көпчүлүк кишилер Голливуд тарткан тасмалар аркылуу билишет. Мен ал жерге барганда, бул өлкөдө турмуш ошол киндокудайбы же айырмаланып тураарын билип келем. Мисалы, вестерн тасмаларында мен бараткан түштүк аймактары жапайы Батыш катары сүрөттөлүп, экиден револьвьер көтөрүп жүргөн ковбойлор, ат минип, жаа асынган индеецтерди көргөнүбүз бар. Азыркы турмуш бул имиджден канчалык айырмаланып турат? Ошол ковбойолр менен индеейцтер азыр эмне кылып жүрүшөт? Эмне эле мигранттар Америкага барууга куштар? СССР ыдыраганда пайда болгон эгемен жаңы мамлекеттер Американы өз өлкөлөрү үчүн демократиянын үлгүсү катары санашат. Бирок, үстүбүздөгү жылдын март айында жүгрүзүлгөн сурамжылоону карасак, ар бир беш америкалыктын төртөөсү алардын өлкөсү "туура эмес" багытта баратат, деп эсептейт экен. Демек, мен алар менен жолукканда, эмне үчүн Сиздин өлкөңүз туура эмес багытта баратат, деп ойлойсуз? - деп суроо салам. Америкалыктардын өздөрү туура эмес багытта баратабыз, деп жатса, анда эмне үчүн АКШ бүтүндөй дүйнө жүзүнө өз өлкөсүндөгүдөй демократияны башка жактарга "экспорттоого" умтулуп келет? Учурдан пайдаланып, Би-Би-Синин угармандары жана Интернет окурмандарына кайрыла кетейин: Сиз жөнөкөй америкалык тургунга эмне суроо бергиңиз келет? Биздин Бишкектеги 627805 автожооп телефонуна жана www.bbckyrgyz.com интернет баракчабызга сурооңузду, пикириңизди жаздырып коюңуздар, мен аларды Сиздин атыңыздан америкалыктарга жолдоп көрөм. Ал ортодо, албетте, мен басып өткөн чоң жана чакан шаарлар жана элет турмушу, базарлары, тамак ашы жана элинин кулк-мүнөзү, адаттары тууралуу баяндап турмакчымын. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||