http://www.bbckyrgyz.com

25 Август, 2008 07:01 GMT

Кыргызстанда авиакырсыкка байланыштуу аза күтүү

Каза болгон кишилердин сөөгүн таануу үчүн кыргызстанда ДНКны аныктоочу лабаратория жок. Ошондуктан улам, Кыргыз тарап Ирандан портативдүү лабаратория чакыртышып, сөөктөрдү таануу иштери эми гана башталды.

Буга чейин кыргыз судмедэксперттер өз күчү менен 11 кишинин сөөгүн таанышкан. Алар бул сөөктөрдү тиш түзүлүшү, денесинде калып калган, саат, чынжыр жана шакек сыяктуу белгилеринен улам таанып, туугандарына кайрып беришкен.

Ал эми тирүү калган 25 жүргүнчүнүн көбүн Иран өз атуулу болгондуктан алып кетти. 5 кыргызстандык дагы деле дарыланууда. Алардын экөөнүн абалын абдан оор деп баалап жатышат.

24-августта Бишкектеги аэропорттон Тегеранга багыт алган "Итек Эир" компаниясынын “Боинг-737” учагы абага көтөрүлгөндөн көп өтпөй кыйроого дуушар болуп, ичиндеги 90 кишинин 65и каза тапканы кабарланган.

Кырсыктын себептерин иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы, өкмөт башчы Игорь Чудинов жүргүнчүлөрдүн 51и чет өлкөлүктөр болгонун билдирген. Алардын көпчүлүгү ирандыктар, ошондой эле, АКШ, Канада, Түркия жана Кытай атуулдары да болгон.

Андан сырткары, баскетбол боюнча өспүрүмдөр командасынан 17 баланын жетөө гана аман калган.

Жекшемби күнү жергиликтүү саат боюнча 20:40та самолет асманга көтөрүлүп, 10 минуттан кийин учактын капитаны авариялык конууга уруксат берүүнү өтүнгөн. Андан соң “Боинг-737” бийиктикти кескин жоготуп, аэропорттон 10 чакырымдай алыстыктагы Сокулук районунун Жаңыжер айылынын талаасына кыйрап түшкөн.

Учактын куйрук жагынын башка бардык бөлүгү толугу менен күйүп кеткенин расмийлер билдирүүдө.

Өзгөчө кырдаал министрлиги кырсык болгон жерден 65 сөөктү капка салып, моргго өткөргөнүн билдирди.

Кырсыктын себептерин бийликтер азырынча айтпай жатышат. Атайын мамлекеттик коммиссиянын иликтөөлөрүнөн кийин гана толук маалыматтар белгилүү болмокчу. Ал ортодо кыргыз бийликтер бул окуяны террористтик акт эмес деп билдиришти.

Кыргызстан тарыхында бул эң ири авиакырсык катары аталууда. Буга чейин дагы кыргыз учуктары кырсыктап келишкен. Бирок, мынча көп сандагы адам өлүмүнө алып келген авиакырсык болгон эмес.

Кыргызстандын 20дан ашуун авиакомпаниялары, же дээрлик бардык авиакомпаниялары бир нече жылдардан бери Европа биримдигинин кара тизмесине кирип, Европа мейкиндигинен учууга тыюу салынган эле.