18 Август, 2008 16:27 GMT
Роб Ватсон
Би -Би-Синин кабарчысы
11-сентябрдан кийинки катаал күндөрдөгү Мушаррафтын Талибандарга болгон Пакистандын жардамын токтотуу жөнүндөгү чечими өтө тайманбас кадам болгону жана ал чечүүчү роль ойногону өзгөчө белгиленген.
Президент Мушаррафты Америка терорризмге каршы күрөштө Кошмо Штаттарынын эң маанилүү өнөктөшү катары баалап келген.
Чындыгында эле, Америка менен Британия расмийлери Мушаррафтын катаачылыктарын байкамаксанга салып, мындан да жаман болсо эмне болмок, деп көз жаздымда калтырышчу.
Бирок, соңку бир нече ай ичинде мындай мамиле өзгөрдү. Азыр көпчүлүк серепчилер, Мушарафттын кетиши тероризмге каршы согушта эч нерсени деле өзгөртпөйт, деп баалап жатышат.
11-сентябрь окуяларынан кийинки Ал-Каиданын жогору өкүлдөрүнүн камакка алынышы мурдагы президент үчүн чоң упай болгону менен, Мушарраф азыр пайдасы аз өнөктөш катары бааланууда.
Батыштын чалгындоо кызматтарынын маалыматына караганда, 2005-жылдан бери Ал-Каида кайрадан Пакистандын уруучул аймактарына
орношо баштаган.
Бирок, муну Исламабад четке кагып келген.
Чалгындоо кызматтары жана Пакистандын коопсуздук органдары Ал-Каида жана жергиликтүү экстермисттер менен болгон күрөштө эч качан активдүүлүгүн көрсөткөн эмес, деп ырасташууда.
Исламабад Афганстанга болгон таасирин сактоону көздөп турганда, Мушаррафтын бары-жогуна карабай, абал олуттуу деле өзгөрбөйт көрүнөт.
Анын кызматтан кетиши Исламабад менен Вашингтондун мамилелериндеги чыңалуу күчөгөн маалга туш келүүдө.
Америка согушкерлерге каршы активдүү күрөш жүргүзүүгө басым жасап жаткан чакта, Исламабад тероризмге каршы күрөш карапайым
калк арасында маанилүү эмес жана бул ички туруктуулукка кесепетин тийгизиши мүмкүн, деп эскертүүдө.