|
Кыргызстан: Көз карандысыз гезит жабылуу коркунучунда
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Оппозициячыл маанайдагы “Алиби” гезити бир миллион сом доого жыгылып, басылманын мүлкү камакка алынды.
Өлкө президентинин бир тууганынын баласы Асылбек Салиев “Алиби” гезити жарыялаган макала ар-намысыма шек келтирди деген доо арыз менен кайрылып, сот анын арызын канааттандырды. “Алиби” гезитинин баш редактору Бабырбек Жээнбековдун айтымында, гезит соттун чечимине моюн сунуп, доо арызды төлөп берүүгө макулдук берген. Бирок, бүт сумманы төлөөгө мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, ар айда гезиттен түшкөн акчаны которуп турууну сунушташкан. Бирок, доочу ага макул болгон эмес. “Алиби” гезити соттун чечимин аткарууга мажбур экенин, бирок, тагылган айыпты моюндабай турганын билдиришүүдө. Алар доочунун максаты доо өндүрүү эмес, гезитти жабуу деп далилдешүүдө. Президенттин бир тууганынын баласы Асылбек Салиевдин Бишкектеги бир жол кырсыгына катышы бар болушу мүмкүн деген божомолун
“Алиби” гезити жарыялап, ал макаланы кийин оппозициячыл “Дефакто” гезити да басып чыгарып, ал да бир миллион сом доо айыпка
жыгылган. Аталган басылмалар мындай аракеттерди саясий куугунтук деп баалашат. Бирок, бийлик өкүлдөрү көз карандысыз гезиттерде жалган маалыматтарды таратып, атайын тапшырма менен кимдир бирөөлөрдүн ар-намысына шек келтирген макалаларды жарыялоо өнөкөт болуп баратканын айтышат. Жаны мындай мыйзам бузууларга каршы көрүлгөн чаралар саясий куугунтук катары бааланбаш керек деп эсептешет. Ал ортодо байкоочулар өлкөдө көз карандысыз массалык маалымат каражаттарынын катары суюлуп баратканын белгилешүүдө. “Алиби” гезити жабылса, эл арасына кенири белгилүү оппозициячыл басылма дээрлик калбайт дешет алар. Серепчилердин баамында, Кыргызстанда сөз эркиндиги, анын жоопкерчилигин түшүнүү маданияты дале калыптануунун башталгыч денгэээлинде.
Андыктан көз каранды эмес басылмалар айрым учурларда өздөрү жарыялаган фактыларды далилдей албай, кээде үстүрт маалыматтарды
жарыялап алышып, ар кандай сот иштерине аралашып келишет. Ал ортодо өкмөттүк гезиттердин гана үстөмдүк кылышы сөз эркиндигине
залакасын тийгизет деген кооптонуулар пайда болууда. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||