BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 22 Август, 2008 16:04 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Россия - Грузия
 
Жогорку кызамттагы россиялык генералдын айтымында, Москва Грузиядагы чыгыш-батыш автожолун жана негизги аба базасын камтыган Тбилисиден Кара деңизге чейинки аймакты көзөмөлдөш үчүн Грузияда аскерлерин кармап турууну көздөп жатат.

Россиянын генералдык штаб башкармасынын орун басары генерал Анатолий Ноговицын брондолгон унаалар жана тик учактар менен жабдылган 2000 ден ашуун орус аскери жикчил Абхазиянын тегерегиндеги, анын сөзү менен айтканда, "алардын жоопкерчилик зонасында" жайгаштырылат.

Россиянын аскерлери, ошону менен бирге, Туштүк Осетиянын тегерегиндеги буффердик зонада да турмакчы.

Президент Саакашвили муну баскынчылык, деп баалап жатат.

Би-Би-Си Кыргыз кызматы "Эл аралык кризистик топ" аттуу уюмдун Европалык долбоорунун директору Сабрин Фрейзер менен маектешип, оболу, Россия өз аскерлерин чыгарып кеткенден кийин, ал айтып жаткан коопсуздук зонасында аскерлерин калтыруу чечими эмне негизге таянат? - деген суроону узатты:

Сабрин Фрейзер: Менимче, Россия бул ишти аткарып жатканда, Түштүк Осетия боюнча мурдагы документтерге таянууга аракеттенип, аны Түштүк Осетия жана Грузиянын аймагында калууга жүйөө келтиришүүдө. 1992-жылы Түштүк Осетиядагы биринчи кагылышуудан кийин коопсуздук коридору аныкталган. Ал 14 километрге созулат. Анын 7 километри Туштүк Осетия, 7 километри Грузиянын аймагынан өтөт. Орустар аскерлерин чыгарып кеткенден кийин, ошол коридорду кармап калууну көздөп жатат. Бирок, мен бул жерде так мыйзамдуу негизди көрбөй турам.

Би-Би-Си: Мурун келишим кабыл алынбады беле, эмне себептен азыр негиз жок, деп ойлойсуз?

Сабрин Фрейзер: Келишим кабыл алынган. Бирок, ал 1992-жылы түзүлгөн. Андан соң бул документ 1999-жылы жаңыланган эле. Бриок, бул келишимдер 1990-жылдан баштап 1992-жылга чейинки чатакка байланыштуу түзүлгөн документтер болчу. Башкача айтканда, азыркы чатакка тиешеси жок. Андан сырткары, башка жагдайларды дагы айтууга болот. Келишимде биргелешкен тынчтык күчтөрү бул коридордо коопсуздукту сактамак. Эгер орустар бул келишимге таяна турган болсо, анда Грузиянын тынчтыкты коргоо күчтөрү дагы ал коридорду көзөмөлдөп турушу керек.

Би-Би-Си: Грузиндер, президент Саакашвилинин сөзү менен айтканда, муну баскынчылык катары баалап жатышат. Сиз кандай баа бересиз?

Сабрин Фрейзер: Менимче, орус аскерлеринин грузин аймагында турушу абдан кабатырлантат. Мунун мурдагы келишимдерге же окуяларга байланышы жок. Түштүк Осетиядагы тынчтыкты коргоо күчтөрүнүн катарында эң көп дегенде 500 орус, 500 түштүк осетиялык аскер болсо, түшүнүүгө болот. Бирок, аскерлердин саны андан ашып кетсе, олуттуу саясий маселеге айланат. Муну баскынчылык деп айтуу эрте, бирок бул олуттуу саясий жана юридикалык суроолорду пайда кылат.

Би-Би-Си: Бул - француз президенти ортомчу болуп түзүп кеткен тынчтык келишиминде кандайдыр бир чала жерлери болгон дегенди билдиреби?

Сабрин Фрейзер: Ооба, менимче, алты пункттан турган келишимде көптөгөн чала жерлери болгон. Айрыкча, орустардын аскерин алып чыгып кетүү маселесинде түшүнүксүз жерлер бар. Анда - аскерлер качан чыгарылышы керек, кантип чыгарылышы керек экени так көрсөтүлгөн эмес. Президент Саркозинин келишим боюнча түшүндүрмө катында дагы кемтиктер бар. Ошондуктан, тез аранын ичинде эл аралык тынчтыкты коргоо күчтөрүн жайгаштырып, орус аскерлеринин чыгарылышына байко жүргүзүү абдан маанилүү болуп турат.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат