|
Пакистанда эки жанкечти жардыруусу болду
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Пакистандын баш калаасы Исламабаддан алыс эмес жердеги курал-жарак заводунда эки бомба жардыруусунда кеминде 55 киши набыт
болду. Жардыруу жанкечти чабуулу болгону айтылууда.
Чабуулчулар Пакистандын эң талылуу аскердик аймагына жакын жерге кол салган. Өлкөнүн эң ири курал-жарак заводдору Исламабаддан отуз километр аралыктагы Вах шаарында жайгашкан. Күбөлөр жанкечти бомбачылардын бирөөсү заводдун жумушчулары иш бүтүп, негизги дарбазадан чыгып, үйлөрүнө бараткан чакта өзүн жардырып жибергенин айтышууда. Экинчи жардыруу ошол эле убакытта аскердик заводдун дагы бир дарбазасынын жанында болду. Катуу жаракат алгандарды гарнизондук шаар Равалпиндинин ооруканаларына алып кетишкен. Бул эки чабуул өлкөнүн түштүк -батыш тарабындагы уланып жаткан кагылышууларга удаа өткөрулдү. Өкмөттүк күчтөр Пакистандын уруулар жашаган аймагында талибдерге каршы чара көрүп келген. Первез Мушарраф дүйшөмбү күнүпрезиденттик кызматтан чегингенине карабастан бул кырдаал уланууда. Пакистан эли өкмөттө бир-бири менен ыгы келише албай жаткан коалициялык партиялар, саясий күрөштү токтотуп, көңүл борборун зордук-зомбулуктарды басууга бурса, деп үмүттөнөт. Жума күну партиялар сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Өкмөттөгү эң чоң партия маркум Беназир Бхуттонун күйөсү Азиф Зардарини президенттике сунуштап жатат. Партиялар негизинен, Мушарраф кызматтан кетирген сотторду кайрадан өз орундарына алып келүү керекпи, деген суроонун айланасында
келише албай жатат. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||