|
КМШ өлкөлөрү ыдырап кетеби?
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Баш кеңсеси Москвада жайгашкан эларалык "Евразия монитору" аттуу уюм КМШ өлкөлөрүнүн интеграциялык маанайын иликтеген сурамжылоосун
жар салды. Ага ылайык, КМШ өлкөлөрүнүн ичинде жашаган элдер барган сайын бири-биринен алыстап бара жатат. Алар негизинен өз
өлкөлөрүнүн эгемендүүлүгүн колдошуп, КМШ сыяктуу уюмга анчейин ишенишпейт. Бул өз кезегинде КМШнын алсырашына алып келиши
мүмкүн дешет социологдор.
Бирок ошол эле учурда иликтөөгө ылайык эки же үч тараптуу союздарды жактаган маанайлар күчөп жатыптыр. Маселен Кыргызстандыктар Россия, Казакстан же Өзбекстан менен союздарды колдогон пикирлерин билдиришкен. Сурамжылоого мурдагы советтер союзунун аймагындагы 13 республакынын атуулдары катышкан. Аларга КМШ ичиндеги өлкөлөргө барып жашап, иштөөнү каалар белеңиз, орус тилинде сүйлөсүзбү? Шериктеш өлкөлөрдүн маданий жайлары, китептери сизди кызыктырабы дегендей ондогон суроолор берилген. «Евразия монитор» атту эларалык изилдөө агенттигинин директору Игорь Задорин сурамжылоо КМШ аймагында жашаган атуулдардын пикири шериктештикти жакындатуу маанайынан азырынча алыс экенин көрсөткөнүн айтууда. «Азыр жаңы муун келди. Мурдагыдай союзду эңсөө улуу муунга мүнөздүү болчу. Жаш муун болсо, эгемендүү өлкөлөрдө жашап көнүп калышты. Ошондуктан көпчүлүк өз алдынчалыкты жактаган пикирлерди айтып жатышат. Бул, жакынкы келечекте көзкарандысыздык маанайлары күчөп, союздардын, алянстардын ролу терең болбойт дегенди билдирет”, - дейт Задорин. Задориндин, айтымында, айрыкча балтика жана кавказ республикалары КМШга ишенбөөчүлүк менен карашат. «Андыктан, шериктештик мындан ары мурдагыдай кеңири эмес болот, айрым саясатчылар көздөп жүргөндөй Европалык союздун деңгээлине жептейт», - деген божомолду ортого салды. Бирок, ошол эле учурда социологдор КМШ өлкөлөрүнүн ичинде эки же үч жактуу союздарды колдогон маанайлар күчтүү экенин суромжылоолор көрсөткөнүн айтып жатышат. Айрыкча Борбор Азия өлкөлөрү Россияга ыкташат. Ал эми Кыргызстан, Россия, Казакстан жана Өзбекстан менен союз кургусу келет. Сурамжылоо жайынтыгы башка КМШ өлкөлөрүндөгүдөй эле Кыргызстандагы дагы шериктештик мындан ары бирдиктүү уюм катары калабы же ыдарап кетеби деген суроонун айланысында талаш-талкуулар кызуу журуп жаткан учурга туш келүүдө. Кыргызсатанда КМШ формалдуу гана уюм катары жашап калды деген пикирлер буга чейин эле айтылып келген. Кыргызстандагы саясий серепчилер КМШнын формалуу уюм экенине жакында Грузия-Туштүк Осетия чатагында пассивдүу позицияны ээлегенин мисал келитрип жатышат. Европалык биримдиктин төрагасы болуп эсептелген Франция президенти Николя Саркози Грузия менен Орусиянын ортосунда ортомчулук милтетти аткарса, КМШга төрага Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев шериктештикке мүчө өлкөлөр менен кеңешме өткөрүү менен гана чектелген эле. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||