|
АКШнын коргонуу системасы Польшада жайгаштырылат
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
Америка Кошмо штаттары менен Польша ракеталардан коргонуу боюнча америкалык системаны Польшада жайгаштыруу боюнча келишимге
кол коюшту.
Бул - Вашингтондун борбордук Европадагы ракеталык коргонуу планы үчүн абдан маанилүү кадам. Келишимге ылайык Вашингтон менен Варшаванын аскердик кызматташуусу дагы бир деңгээлге көтөрүлдү. Ошону менен бирге, бул макулдашуу НАТОнун ичиндеги мурунку социалисттик блокко кирген өлкөлөр түзгөн жаңы лагердин таасири жогорулап баратканынан кабар берет. Россия аскерлерин Грузияга киргизээрге чейин Американын ракеталык коргонуу системасын Польшада жайгаштыруу планы ишке ашаары белгисиз болчу. Варшава Америкадан андан тышкары дагы көп аскердик жардам алууну көздөгөн. Саясий бүдөмүк жагдайлар дагы бар болчу. Бирок, Россиянын Грузияга кирип келиши, маселенин чечилишине өбөлгө болду. Бир жарым жылдан ашуун сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген Вашингтон менен Варшава, келишимге дароо кол коюшту. Польша муну менен Москвага сес көрсөтүп, аскердик салмагын жоготкусу келбегенин билдирди. Польшанын чечими мурдагы Варшава келишимине кирген Польша, Чехия, Венгрия жана үч Балтика өлкөсү түзгөн НАТОдогу жаңы лагердин маанисин жогорулатат. Бул өлкөлөр бир кезде Советтик аймактын бир бөлүгү болгон. Алар Америкага ыктап, Россияга карата катуу позицияны карманууну жактап келишкен. Муну ракеталык коргонуу дейбизби, же НАТОнун кулач жаюусу дейбизби, же Россиянын Грузияга каршы чабуулуна карата жообу дейбизби, кандай болгон учурда дагы, НАТОнун жаңы мүчөлөрү катуу үн катышты. Бул өлкөлөр Россиянын күчкө таянган саясатын, НАТОнун эски мүчөлөрүнө караганда жакшыраак түшүнөбүз, деп эсептешет. Андан сырткары, алар географиялык жактан коркунучту жакындан сезишет. Мындай пикирди карманууга алардын НАТО мүчөсү катары толук укуктары бар. Бирок, жаңы мүчөлөр ошону менен бирге НАТОнун ичиндеги ички талаш-талкууларды дагы күчөтөт сыяктанат. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||