BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 19 Август, 2008 15:49 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Түштүк Осетиядагы жаңжал тууралуу так маалымат барбы?
 

 
 
Түшт үк Осетиядагы орус аскери
Россиянын күчтөрү тынчтыкты коргоо постуларын орнотуу максатында талашка калган Түштүк Осетиянын тегерегиндеги аныкталбаган буффердик зонада тура берээрин маалымдашты.
Грузиядагы чатак тууралуу маалыматты эки тарап тең бир жактуу берип жатат. Андыктан эл да, каалаган тарабына ишенди.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму - ЕККУнун Түштүк Осетияга жөнөтүлгөн байкоочуларынын алдындагы эң биринчи маселе - чындыкты аныктоо болмокчу.

Алар ак атышууну токтотуу жөнүндө келишимдин аткарылышына гана көз салбастан, 7-августтагы капысынан тутанган чатак тууралуу толугураак маалымат жыйнамакчы.

Америкалык саясатчы Гирам Джонсон айткандай, согуштун биринчи курмандыгы-бул чындык. Ар бир чатакта урушкан тараптар окуяны өз кызыкчылыгына жараша чагылдырат.

Түштүк Осетиядагы жаңжал тууралуу так эмнени айтууга болот?

Грузиянын президенти Михаил Саакашвилинин Түштүк Осетиянын баш калаасы Цхинвалиге аскерлерин жиберүү тууралуу чечими кагылышууларды тутандыргандыгы белгилүү. Бул үчүн ал катуу сынга алынды.

Бирок ага чейин эле бир апта бою шаардын тегерегиндеги аймактарда грузиндер менен осетиндердин ортосунда майда кагылышуулар болуп жаткан.

Чоң уруштун чыгышына эмне себеп болду?

Түштүк Осетиянын калкынын үчтөн экисин - осетиндер, үчтөн бирин грузиндер түзөт. Цхинвали шаарында негизинен осетиндер жашайт. Бирок, анын айланасында жалаң грузиндер жашаган айылдар бар.

Грузиялык жана осетин айылдарынын ортосунда тирешүү көп жылдардан бери өкүм сүрүп келген. Грузиндердин Цхинвалиге койгон чабуулу алдында тирешүү өзгөчө чыңалып турган.

Адегенде, грузиндерди тынчтыкка үндөп, осетиндерге, керек болсо, көбүрөөк автономияны сунуш кылган президент Саакашвили, күтүлбөгөн жерден танкаларын жөнөттү.

Осетиндер үчүн бул сокку болду. Бирок, грузиялык айылдардан чыккан качкындар президенттин кадамы осетин тарабынын провокациясына жооп болду, дешүүдө.

Алардын айтуусунда орустар келгенден тартып, осетиндер грузиялык айылдарды тоноп-талачу болгон. Мындан тышкары Цхинвали шаарындагы чабуул жана анын натыйжасындагы кыйроо эмне үчүн мынчалык катуу болгондугу тууралуу дагы эки башка пикирлер айтылууда.

Осетиндер буга грузиндер күнөөлүү, деп гана айтышат. Бул пикирди эларалык тергөөчүлөр да колдойт. Ошону менен бирге, осетиялык тараптан атылган ок дагы кыйроого салым кошконун белгилешет.

Орусиялыктардын 2000 киши өлдү жана бул жакта атайын кыргын жүрдү деген айыптоолору да, күмөн туудурат.

"Файнэншл Таймс" гезитинин Цхинвалидеги кабарчысы шаардын моргуна азырынча 72 сөөк жеткирилгенин айтып, балким бул сан өсөт, деп болжолдоду.

Мындан тышкары, Түштүк Абхазиядагы Галинин жана Түштүк Осетиянын учурда орустар көзөмөлдөгөн аймактарындагы грузин айылдарынын тагдыры тууралуу суроолор көп.

Ошентип, так маалымат алуу өтө кыйын. Бул чатакта бери дегенде үч журналист - грузиялык, орусиялык жана голландиялык кабарчынын каза тапканы муну ырастап турат.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат