BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 18 Август, 2008 13:32 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
Жол кырсыктары кыскарабы?
 

 
 
Кыргызстанда жол эрежелерин бузган айдоочуларга айып пулдар мурдагыга караганда 6-7 эсеге чейин көтөрүлгөнүнө байланыштуу жол эрежесин бузуунун айрым түрлөрү кыскаргандыгын МАИ кызматкерлери билдирүүдө.

Расмий маалыматтар боюнча 2007-жылы Кыргызстан боюнча 1200дөн ашуун киши жол кырсыктарынан көз жумган.
Расмий маалыматтар боюнча 2007-жылы Кыргызстан боюнча 1200дөн ашуун киши жол кырсыктарынан көз жумган.

Айрыкча автоунаалар кымгуут жүргөн шаар жерлеринде машине ээлери коопсуздук кемерин тагына баштады. Жол тартибин көзөмөлдөгөн кызматкерлер коопсуздук кемери Кыргызстандан жолдорундагы киши өлүмүн дээрлик үч эсеге чейин кыскартышы ыктымал деп эсептешет.

Кыргызстандагы жаңы жол эрежелерине ылайык, коопсуздук кемерин тагынбаган айдоочулар 300 сом акчалай жаза төлөшөт. Бул мурдагыга караганда 6 эсеге жогору.

Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде МАИ кызматкерлери, жол эрежесин сактабаган айдоочуларды токтотуп, акчалай жазаларды салууда. Атын атагысы келбеген инспектор, жазалардын көлөмү жогорулаган бир апта ичинде, автоайдоочулардын көбү мурда анча элес албаган коопсуздук кемерлерин тагына баштаганын айтты.

Кыргызстанда жол эрежелерин бузгандарга акчалай жазалардын көлөмү дээрлик алты-жети эсеге чейин көтөрүлгөн. Мурда маселен мас абалында унаа колдонуу 500 сомдон миң сомго чейин жазаланса, азыр айып пул көлөмү 3000 миң сомго чейин жеткирилген. Коопсуздук кемерин тагынбагандар буга чейин 50 сом жаза төлөгөн болсо, азыр андай эреже бузуу менен кармалгандар 300 сомун камдай чыгышы керек. Өзүн Майрамбек деп тааныштырган таксичи маселен, мурда коопсуздук кемерин ойлоп да койчу эмес. Эми аны тагынууга аргасыз болгонун кеп айтты.

“Мен такыр коопсуздук кемерин тагынчу эмесмин. Штраф көбөйгөндөн бери такай тагынып жатам. Антпесе, болбойт”, - дейт таксист.

Мамлекеттик жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгы Кыргызстандагы киши өлүмүнө чейин алып келген жол кырсыктарынын көбү дал ушул коопсуздук кемерин такпай жүргөндүгүнө байланыштуу болоорун түшүндүрүүдө. Башкармалыктын начальниги Болотбек Борбиев, “айдоочулардын бардыгы коопсуздук кемерин тагынып жүрүү маданиятын сактаганда, жол кырсыктарынан өлүм-житимдер дээрлик үч эсеге аз болмок”, - деп эсептейт.

Расмий маалыматтар боюнча 2007-жылы Кыргызстан боюнча 1200дөн ашуун киши жол кырсыктарынан көз жумган. Мындай кырдаал бул өлкөдө көп жылдардан бери сакталып келет. Бириккен улуттар уюму жол кырсыгынан набыт болгон кишилердин саны боюнча Кыргызстанды дүйнөдөгү эң алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кошуп келгенине, кеминде 3-4 жылдан ашып калды.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат