26 Июнь, 2008 19:22 GMT
Би-Би-Синин Кыргыз программасында чагылдырган окуялар боюнча берүү обого чыгып жаткан учурда угармандардан келип түшкөн кыскача пикирлер.
УГАРМАНДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫНЫН ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРБЕЙТ
22 cентябрь. 2008
Кыргызстанда дин эркиндигин чектеш керекпи?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Машаяктарга каршы айтарым: өзүбүз аз сандуу эл болсок, төрт-беш динди тутунсак, арты жаман болот. Ливанды карагылачы, ар башка
диндер орун алып, өзара он жылдап чатактары басылбай жатат. Ошондуктан, бир эле динди тутунган туура болот эле.
Сарыбай. Бишкек:
Кыргыз түпкүлүгүндө христиан болгон, бутпарас да болгон. Эмне үчүн баарыбыз исламды гана тутунушубуз керек? Эмне үчүн исламчыл
мамлекеттерде ушул ыйык делген рамадан айында киши өлтүрүүлөр токтобой жатат? Ушуга жооп беришсинчи.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Дин тууралу Карл Маркс дин бул апийим деген. Кыргыз болгондон кийин исламды тутунабыз дечи. Бирок мен эч качан беш маал намаз
окубайм. Азыркы жаштарды карагылачы: эчкиникиндей сакал коюп алышат, кыздарыбыз бети-башын чүмкөп алышкан. Бул жарашпаган
жорук да. Арыдан бери болуш керек да. Тек гана кудайга ишенип жүрө берсе деле болот да.
Динара.
Башка диндерди чектеш керек. Мисалы, свидетели иегова деген бар, коңшубуздун келини өтүп кеткен да, кайненеси тыюу салганда
эки жаш ымыркайымды кечсем да, динимди таштабайм деп басып кеткен. Акыры эки бөбөк энесиз калды.
Бугубаев. Бишкек:
Ислам дини менен өкмөт мыйзамы бир жолдо болушу керек. Экөө эки башка сөздү сүйлөсө, ары-бери тартыш болот. Андан көрө экөө
биригип, оң жолго салуу жагына кам көргөнү туура.
Урмат:
Кыргызстанда дин эркиндигине кеңири жол берген жарабайт. Эки негизги динге ислам менен христиан динине жол бериш керек. Калган
майда-чүйдөлөргө тыюу салуу зарыл. Антпесе, бул мамлекет коопсуздугуна залакасын тийгизет.
18 сентябрь, 2008
Бийликтердин "түшүм көп" дегенине ишенесизби?
Базаргүл Маманова. Ош:
Бул жалган, кагаз жүзүндө берген, президентти сүйүнтөйүн деген кабары акимдердин. Себеби, ичкенге суу таппай жатабыз, жети
километр жерден ташыйбыз. Жакында Аксы районуна Таш-Дөбө деген айылга бардык, суу жоктон огороду өспөй калыптыр, буудайды
айтпай эле коёлу. Эмнеге ушинтип жалган айтып, адамдарды алдашат?
Кубанычбек Жумалиев. Нарын:
Чүйдү, анан түштүктү билбейт экемин. Ал эми Нарында эң мыкты чыкты дегенде 25 центнерден алынат.
Жумгалдан Насыралы Алыбаев:
Мына бизде ар бир гектардан 3 мүшөктөн гана буудай алдык. Ал эми өкмөттөгүлөр бир гектардан 2-3 тоннадан алдык деп калп айтып
жатышат.
Тоңдон Кубат:
30-35тен алдык деген калп болушу керек. Андан көрө президенттин же премьердин ишенимдүү адамдары айыл-апага барып, өздөрү
текшерип, жанагы жалган кагаз жазгандарды жоопко тартышпайбы.
17 сентябрь, 2008
Кытайдан алынган азыктарды ылгабай жейсизби?
Сатыбек. Бишкек:
Биз кайдан билебиз Кытайдан же башка жактан келгенин? Экинчиден, чынеле ылгабай эле жей беребиз. Ошондуктан, биз айрып тааныгандай
болсок жакшы болот эле.
Анара. Бишкек:
Биз азыр Жалдагы балдар ооруканасында жатабыз. Азыр көп балдар ооруп жатат, нервинен шал болуп жаткандар айрыкча көп. Ошонун
баары көбүнчө врачтардын катасынан, же энесинин туура эмес тамактанганынан дешет. Кытайдан дарылар, тамактар келип жатканын
билебиз. Аларды болсо Германиядан келди деп, врачтар жазып берет, ичип жатабыз. Ошондон улам оорулар көбөйүп кеттиби деп ойлойм.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Кыргыз тилин жапондор эки-үч жыл арасында эле үйрөнүп жатышат, америкалыктар да тез эле билип алышат. Ал эми бизде көп жылдап
жашаган орустар үйрөнбөй жатканы өкүнтөт.
Учурдан пайдаланып айта кетейин: эгемендүү болгондон кийин биздин балдар-кыздар чет жакка чыгып жатышат, мен ошого кубанам. Мына Гүлнара Америкадан сүйлөп жатат. Жолу байсалдуу болсун, алыстан аман-эсен, жолдуу кайтып келсин!
16 сентябрь, 2008
Кыргыз тилинин бир айлыгы өткөнү жатат. Оюңуз кандай?
Чыналы Касымбаев. Бишкек:
Кыргыз тилинин бир айлыгын өткөргөнү жакшы. Бирок, бул куру далбас эле болуп калат го деп ойлойм. Президент Бакиев жана анын
өкмөтү кыргызча сүйлөбөйт. Алар жалаң гана орусча чогулуштарды өткөрүп жатса, өз өлкөбүздө өз тилибиз кантип өнүкмөк эле.
Бир эле мурдагы адилет министри Марат Кайыпов кыргызча так сүйлөйт. Калганы орусчага оор кетип жатышпайбы.
Осмонбек Иманалиев:
Жаш улан-кыздарыбыз үйдө деле, сыртта деле орусча сүйлөп жаман болду. Орус, англис тилдерин деле үйрөнүшсүн, бирок көз тилибизге
ар дайым алдыңкы орун берилиши керек.
Элебес. Бишкек:
Мамлекеттик тилди көтөрүү боюнча бир айлык жарыялаганы жакшы. Бирок, мындан майнап чыкпайт болушу керек. Анткени биздин чиновниктер
өз тилинде сүйлөбөйт. Москвага жасакерленип, орус тилине расмий деген статус дагы ыйгарып жиберишти. Ал эми ошол эле учурда
коңшу Өзбекстанда өзбек тилин билбегендер ашканадан тамак да алып иче алышпайт. Ал жерде Өзбекстанда жашагандан кийин өзбек
тилинде гана сүйлөш керек деген эреже бар.
Тургуналы Эшмуратов. Бишкек:
Өзүбүздүн кыргыз тилибизди 17 жыл бою өнүктүрө албай, кайра төмөндөтүп жибердик. Азыр “Акжол” партиясы баштаган кыргыз парламентинде
70 пайыз орусча сүйлөшөт. Ал эми өкмөт менен президентти айтпай эле коелу. Аларды айылдагы эл түшүнбөйт деле.
Бакыт. Бишкек:
Кыргыз тилинин айлыгын эмес, жылдыгын өткөрсө деле оңолбойт. Анткени биздин чиновниктер орусча сүйлөп жатышпайбы.
15 сентябрь, 2008
Эт сатып алаарда тазалыгын текшересизби?
Фархад. Талас:
Ветеринардык кызматтар фермерлеге барып, малын текшербей эле таза деген справкаларды берип коюшат. Ошондон улам этте илдеттер
чыгып, элге дагы жугуп жатат. Ветеринарлар иштесе, анан мындай жугуштуу оорулар болмок эмес.
Оңолбек Шаршеев:
Сибирь жарасы деген бир балээ болду го. Бир райондо басылса, башкасынан кайра чыгып жатат. Аны басуу үчүн жалпы прививка
кылып, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Мындай илдеттерди жайылтып жибербөө үчүн жоопкерчиликти күчөтүшү керек. Айрыкча,
илдетке чалдыккан малдын этин таратып жибергендерди жазага тартыш керек.
Гүлсүн Маматова. Ош:
Малдын күйдүргү илдетин айылда ветеринарлар жок болсо, ким көзөмөлдөмөк элек. Жетекчилер, акимдер деле ага көңүл буруп койгон
жери жок. Базарга барсак, эттин справкасы бар дешет. Бирок, анын чыны менен эле таза экенин ким текшермек эле? Билбей эле
ала беребиз. Анан оору ошондон жайылып жатпайбы.
Осмонбек Иманалиев:
Колхоз-совхоздорду, кооперативдерди уюштуруш керек. Антпесе, жалаң жеке менчик чарбалар боло берсе, анда мал ылаңы азайбайт.
12 сентябрь, 2008
Кыргызстан Орусияны колдоп Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныш керекпи, же Грузиянын бүтүндүгүн урматташы абзелби?
Сарбагыш Кушчубеков. Жалалабад:
Россия эгер суранса, Түштүк Осетия менен Абхазиянын эгемендигин тааныш керек. Анткени Грузиянын дагы катаасы бар. Олимпиада
оюндары башталган күнү согуш баштабадыбы. Бул байыртадан тынчтык күнү катары таанылган. Бизге Грузия, Америкага караганда,
Россия жакыныраак. Ал жерде он миңдеген атуулдарыбыз иштеп жүрөт. Өлкөсүнө пайда келтирип жатат. Ошондуктан биз чечкинсиз
болуп туруп албастан, бир жагына ооп, Россиянын колдошубуз керек.
Рашит. Таласта:
Биз Түштүк Осетия жана Абхазия эгемендигин тааныбашыбыз керек. Анткени мындай туура эмес болуп калат. Россия менен кайнаса
каныбыз кошулбайт. Аларга колдоо көрсөтүүнүн кажети жок.
Осмонбек Иманалиев:
Кыргызстанга Медведьев келет экен. Биз Орустардан көп эле пайда көрүп жатабыз. Билим жагынан, экономика жагынан жардам берип
жатышат. Биз андыктан Россияны колдогонубуз оң. Ал эми Грузиянын согуш аракеттери, аймактагы тынчтыкты сактоого каршы келген
туура эмес кадам болуп калды.
9 сентябрь, 2008
Дин пайдалуубу?
Зарина. Бишкек:
Мен бүгүн эле абдан сонун кеп уктум. Европада ислам бар, бирок, мусулмандар жок, Чыгышка келсең мусулмандар бар бирок, ислам
жок дейт. Бул мага абдан жакты, анткени, буга толук кошулам.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кийинки убакта динге ишенген жаштар кыштактардан баштап шаарга чейин көбөйдү. Ошол эле убакта дин менен иши жок жаштар андан
көп. Чынында, диндин адамзатка зыяны жок эрежелерин туура сактаса. Арак ичпе, жамандык кылба деген ар бир динде бар. Чыныгы
динди карманганда дүйнөдө эч кандай терроризм болбойт эле.
8 сентябрь, 2008
Вице-премьерге суроолор
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Президентибиз айткан да, 1-сентябрдан баштап автобус кое беребиз деп, ушундай эле убадалар көп. Жол акысы, кымбатчылык, көмүр
деп эл бири-бирин жеп атат.
Базаргүл. Ош:
Электр энергия эмес, иче турган суубуз жок Кара-Сууда. Качан ушул кыйынчылыктардан чыгабыз?
Касымбек. Бишкек:
Ар ким өзүнө эле ишенбесе, бийлик жасайт экен деп карап отургандар талаада калат. Ошондуктан, кеңешим эптеп көмүр алып, этаждагылар
башка варианттарды карап коюш керек. Былтыркы Тажикстанды көрбөдүкпү, бизде абал андан жакшы эмес.
Насыраалы Аалыбаев. Жумгал:
Быйыл отун жакшы болот деп атышат, кайдан жүрүп жакшы болот. Биз Кара-Кечеден 50 метр алыс турабыз, көмүрдүн тоннасы ушул
жерде 2500 сом болуп атат, анан кайдан жүрүп Кыргызстан бойдон жыргап калабыз?
4 сентябрь, 2008
Электр энергиясынын өчүрүлүшү кыйнадыбы?
Айбек. Бишкек:
Свет өчүп балдар сабагын окуй албай кыйналып атабыз, жок дегенде саат он –он бирден кийин өчүрсө жакшы болот эле.
Иляс Төрөгелдиев. Бишкек:
Менин да тигүү цехим бар, анда 80 киши иштейт. Бишкекте мындай 5-6 миңдей цех бар. Аларда жүз миндеген кишилер иштейт. Азыр
негизги киреше ушундан түшүп жатат. Свет өчүп тышкы рынокко да чыга албай калдык. Ушуну бир ойлонуп көрүшсө жакшы болот эле.
Абдраим Бектемиров. Бишкек:
Свет өчүргөндөн менин эки муздаткычым күйүп кетти, бирөө жаны 17 миң сомдук болчу. Мунун чыгымын ким төлөйт, үй-бүлөм чон,
тамак-аш ачып- кычып, алдыбыз ууланып атабыз, буга ким жооп берет?
Мария Алышпаева. Бишкек:
Мен үч фазалуу линияны өчүргөнгө абдан каршымын. Мен анын документин 12 миң сомго жасаттым. Өзүмдүн эмгек акым болсо 100 долларга
жетпейт, ошого карабай 12 минге чыгым болдум, муну ким төлөп берет? Бул менин кирешем кеткен менин мүлкүм да, анан өкмөт морадер
болуп атпайбы.Оппозиция ушуну электр энергиясы боюнча чыкса, мен аларды колдоп чыгат элем.
Нуркан. Бишкек:
Мен цехте тигүчү болуп игштейм. Светтин жоктугунан 2 аптадан бери жумушу жок отурам. Бул кымбатчылыкта кантип жашап, кантип
балдырыбызды окутабыз?
Кубат. Тоң:
Быйылкы кышкы электр өчүрүүлөрдү жазгы өчүрүүгө алмаштырса болбойбу? Кышкыга караганда жаз-жайда электр азыраак колдонулат
да, ушул мезгил ичинде Токтогул суу сактагычын толтуруп алууга болбойбу? Ушуну өкмөт карап көрдү болду бекен?
3 сентябрь, 2008
Кымбатчылыкта кантип жатасыз?
Оштон Базаргүл:
Кымбатчылыктан эл катуу кыйналып жатат, айрыкча айылдагыларга оор болду. Жөлөкпул берилбейт, ташкөмүр кымбат, отун кымбат.
Кыскасы, кыргызга кыйын болду, бул эмне деген программа? Мына азыр балдарды окууга жибербей, талаада иштетип жатышат. Кыйын
балдар айылдан чыгат эмеспи, эми алардын тагдыры эмне болот?
Адилет. Балыкчыдан:
Кымбатчылык элди кыйнап жатат. Эми ал аз келгенсип, милиция органдары Тоңду кыдырып, малчылардын мылтыктарын тартып алып жатышат.
Эми карышкыр кычаганда эмне болот?
Пенсионер Анара. Бишкек:
Мамлекеттик транспортто бекер жүрөт деп президент Бакиев айткан эле. Азыр Кытайдан автобустар келе электигин билебиз. Бирок,
бекер жүрөт экенбиз деген кары-картаңдар транспортко түшкөндө ызы-чуу чыгып жатат. Эми автобустар келгиче троллейбуста бекер
жүрөт деп жардык чыгарып койсо болот беле президент? Биз – пенсионерлер Ош базарына баралбай калдык.
Гүлбүбү. Бишкек:
Би-Би-Си карапайым элдин үнүн берип жатасыңар. Эми ошол үндөрдү депутаттар, чоңдор угабы? Укса оңолот эле го? Элдин үнүн берип,
силер жараны чукуп жатасыңар.
2 сентябрь, 2008
Балдардын окуусуна кымбатчылык жолтообу?
Чынар. Бишкек:
Кымбатчылыктын айынан канча бала окубай калды. Алардын келечеги эмне болот, буга ким жооп берет?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кымбатчылык жана энергетикалык жетишпегендик албетте мектептерге чоң зыянын келтирет. Көпчүлүк эле ыйлай-сыктай, тамак-ашынан
арттырып кийимин, китебин алып берет. Эми көмүрү жетпесе, электр жарыгы өчүп калса, суукта балдар кантип окуйт. Же тамагы
жакшы болбосо, суукта отурушса, оорукчан болуп калышы мүмкүн. Өкмөт ушуга абдан жакшы көңүл бурушу керек.
25 август, 2008
Жекшемби күнкү авиа кырсыктан жабыркагандарга, алардын жакындарына кандай жардам берсе болот? Кыргызстан аба жолдорунун коопсуздукгун кантип оңоого болот?
Атын атабаган угарман:
Биздин аэропортко көңүл бурулбайт, самолеттор оңдолот, бирок, кандай оңдолушун эч ким билбейт. Илгерки СССР убагындагы самолеттор.
Рашид. Талас:
Кырсыкка байланыштуу бир нерсе бар. Жөндөн болгон жок. Чоңдор ойгонсун, дейт элем.
Гүлсүн Маматова. Ош:
Кырсыкка кабылгандарга көңүл айтабыз. Аларга эле эмес, Кыргызстан үчүн кайгылуу окуя болду. Биздин аэропортту ар түрдүү менчик
фирмаларга бербей, мамлекеттин колуна берип, жогорку профессионал адистер иштесе мындай болбойт эле. Манас аэропорту эл аралык
болбой эле, бизнес клубуна айланды. Учуу өтө коркунучтуу болуп калды.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Жабыр тарткандарга 1 миллион сом жардам беребиз, деп айтып жатышпайбы. Ал эми чет мамлекеттик жарандардын өмүрү миллиондогон
акчага камсыздандырылган, эми аларды Кыргызстан кайдан, кантип төлөп берет? Ушунун айынан эл аралык чатак чыгышы мүмкүн.
Базаргүл Маманова. Ош:
Эмнеге эле Иранга учуп бараткан самолет кырсыкка учурайт, Ирандан келаткан поездден уулу заттар табылат? Муну кандай түшүнсө
болот? Ганси ошол жерде турганда ар кандай ой кетет.
Улукбек. Бишкек:
Кудай дагы бизди сактап келди. Ушунча учуп келгенине дагы рахмат. Себеби, таламайга түшүп, учактардын абалы өтө начар да.
Ушуга көңүл буруп койсо жакшы болмок, бул сабак болуш керек.
Эски базардан эмнеге кеткиси келишпейт?
Акматбек:
Баткен базарында алып сатаарлар иштейт да. Аларды муниципалдык базарга алып барганда эмне өзгөрмөк эле. Андан көрө, бул базарга
тийбей, жаңы базарды жалаң дыйкандар үчүн гана ачып берсе болмок.
Оңолбек Шаршеев:
Баткен базарын жабаар алдында, ал жердеги миңдеген соодагер атуулдарыбызга үгүт иштерин жүргүзүш керек болчу. Антпесе, кишилер
чоң чатак чыгарат. Көчүргөндөн пайда чыкпайт. Анын ордуна, Баткен базарын калтырып, жаңы базарды өзүнчө эле ача бериш керек
болчу. Атаандашуу болуп, ошондо баалар бираз арзандамак. Бир базарды жаап, экинчисин ачканда баалар арзандабайт.
Жылдыз. Жалалабад:
Эски базар деген бул - эл көнүп калган базар. Жаңы үйгө көчкөндө деле аз буюмдар менен канча чыгым тартабыз. Андыктан базарды
шашылыш көчүрө коебуз деген туура эмес.
Сатыбек Бугубаев:
Менин оюмча, жаңы товарларды жаңы базарга коюп, эскисин ордунда калтырып, акырындык менен көчүрүш керек. Антпесе, элди жөн
жерден кыйнап коюшат.
Россия КМШ мейкиндигинде таасирин күчөтө баштайбы?
Рашид. Талас:
Россиядан сөзсүз сак болушубуз керек, даяр турушубуз керек.
Базаргүл Маманова. Ош:
Россия КМШ өлкөлөрүнө сөзсүз таасирин күчөтө баштайт. Себеби Россия КМШнын чек араларында жайгашкан. Америка ракета системасын
орнотуу үчүн Грузияны согушка түрттү. Грузия ушул жагынан чоң катаа кетирди.
Кытайдын түрмөсүндө он кыргыз атуулу бар. Мамлекет аларга жардам бере алабы?
Жылдыз. Жалалабад:
Кытайдын мыйзамдары катуу. Тартиби бекем. Андыктан, биздин атуулдар ал жакка барып алышып, өзүбүздүн жерде жүргөндөй иштерди
кылып жатышса керек. Бизге дагы Кытайдагыдай бекем тартип, жана мыйзамдар керек, деп ойлойм.
Оңолбек Шаршеев:
Кытай түрмөсүнө биздин атуулдар бекер түшкөн эмес. Алар ал жерде Кытайдын мыйзамдарын, тартибин бузушкан. Айрымдар чоң суммадагы
карыз болуп, калып калышкан. Андыктан, бул маселени эки өлкө ортосундагы укук коргоо органдары сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, чечсе
болот.
Кыргызстанда жол эрежесин бузган айдоочуларга болгон айыппул 6-7 эсеге өстү. Бул жол кырсыктарын азайтабы?
Жээнбек. Бишкек:
Айып пулдары жогорулагандан кийин жол кырсыктары азаят болуш керек. Бирок, МАИ кызматкерлерин ичинде коррупция да көбөйөт
деп ойлойм. Анткени алар эреже бузгандардан акча алмайды токтотоору белгисиз.
Жылдыз:
Мас абалында айдагандарга жазаны чоңураак кылып, маселен 10000 сомдон жогору кылып, камап коюуга чейин жазалар каралса жакшы
болмок.
КМШ өлкөлөрү Грузиядагы чатактан кандай асбак ала алат?
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Советтер союзу тарагандан бери эле Кавказда коңшу өлкөлөр ортосунда согуш уланып келатат. Эми Россия менен Украинанын мамилеси
бузулууда. Мындайлар боло берет. Кыргызстан болсо коңшулары менен мамилесинде сак жана өзүнө тың болушу керек.
Сарбагыш Кушчубеков. Каракөл:
Кыргызда жакшы макал бар. “Орус менен дос болсоң, ай балтаңды ала жүр” деген. Бирок, Россия стратегиялык өнөктөш болгондон
кийин, алар менен мамилени чыңдаш керек. Тилекке каршы, биздин дипломаттардын деңгээли өтө төмөн. Россия Ганси авиабазасын
алып кет деген талап койсо, ага макул болбош керек. Себеби, биздин армия өтө алсыз, чек араларыбыз ачык.
Орузбай Мүсүралиев. Бишкек:
Кошуна мамлекеттер менен дос болуш керек, бирок, сак болуш керек. Эгерде бирдеме болсо, Кыргызстанга жардам берген эч ким
чыкпайт ко, деп ойлойм.
Грузия жана Түштүк Осетиядагы конфликт учурунда маалымат каражаттарынын ролу тууралуу эмне деп ойлойсуз?
Тынчтык Түлөбердиев. Тоң:
Төлөкан Исмаилова Кыргызстандын атынан Россиянын кадамдарын туура эмес деп баалап жатпайбы. Анын бүт элдин атынын сүйлөгөнгө
укугу жок. Россиянын да туура жактары бар, деп ойлойм.
Осмонбек Иманалиев:
Саакашвили келгени согуш басыла элек. Орустар тарыхта эч качан бирөөгө кол салган эмес. Бирок, катылгандын катыгын берет.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Медианын ролу Гузия-Туштүк Осетия чатагында эле эмес, деги эле өтө маанилүү. Мына азыр биз Орусиянын массалык маалымат каражаттары
аркылуу маалымат алсак, Европа башка өз медиасы берген маалыматка ээ болуп, ортодо эки тараптуу көз караштар пайда болууда.
Россиянын грузин президенти кетсе болмок дегени туурабы? Бул башка өлкөнүн ишине кийлигишүүсүнө жатпайбы? Президент Саакашвилинин өткөн аптада Түштүк Осетиядакы иш аракети анын позициясына доо кетирдиби?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Россиянын тышкы иштер министри Лавровдун Саакашвилини иштен кеткени жакшы, деп айтканы туура эмес. Ал мамлекеттин эли чеччү
маселени, тыштан туруп коркутканы туура эмес. Аны грузин эли өзү чечет.
Базаргүл Маманова. Ош:
Россиянын кичинекей мамлекетке кийлигишүүсү деп ойлобойм. Себеби чоң аталар балдарга акыл үйрөткөндөй, чоң мамлекеттер кичинекей
мамлекеттерге жардам көрсөтүп келген СССР убагында эле. Демократияны курам, деп Америка кийлигишип жатат. Россия эч кимге
согуш ачкан эмес. Америка болсо демократия деп эле, ар кай жерлерде согуш ачып келатат.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Россиянын чачылганды чогултам деген аракетиби? Эмне үчүн Осетияга кийлигишип жатат? Баарыбыз эле көз карандысыздык албадык
беле. Эми баарын тынчтык жолу менен чечип, тынч жашабайбызбы?
Түштүк Осеитядагы окуялар дүйнө, анын ичинде Кыргызстан үчүн олуттуу, деп ойлойсузбу?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Бул согуш кокусунан чыгып жаткан жери жок. Көптөн бери мамилелер чыңалып, бул жеткен чеги болду. Грузия менен Россия дароо
сүйлөшүп, тынчтык жолу менен чечсе, адамдардан да чыгым болбойт эле. Эми башка мамлекеттер киришип, ортомчулук кылып чатакты
басышы керек. КМШга Кыргызстан төрагалык кылып жаткандыктан, дароо кайрылуу кылып, делегацияны ортомчулукка сүйлөшүүлөр үчүн
жибериши керек болчу.
Сарбагыш Кушчубеков. Каракөл:
Биздин мамлекеттин кеч реакциясы тышкы иштер министрлигинин адистеринин деңгээлинин төмөндүгун көрсөтүп турат. Анын үстүнө
Россия менен Американын ортосунда Кыргызстан чайналып турган чагы. Анткени, бул эки өлкөнүн тең көзүн карайбыз.
Чынаалы Касымбаев. Бишкек:
Бул окуя Кыргызстан үчүн өтө маанилүү. Анткени, милитаристтик Россия менен демократиялык батыштын ортосундагы мамилеси тирешип
жатат. Кыргызстан көрмөксөн эле мамиле кылыш керек. Грузияга болушса, Россиянын каарына калат. Россияга да болушпашы керек,
анткени, Россия агрессивдүү мамлекет. Россия болгон жерде согуш эч качан токтогон эмес. Кавказдагы проблема Евросюз же НАТО
аркылуу гана чечилиши мүмкүн. Кыргызстан сырттан байкоо салып турушу гана зарыл.
Кыгрызстанда митинг-жүрүштөр жөнүндө мыйзамга чектөөлөрдү киргизүү керек беле?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Митингдерди өткөрүүнү сот аркылуу чечүү тактыр токтотуу дегенге барабар. Демократиядан толук артка кеткендик.
Базаргүл. Ош:
Жүрүштөрдү чектөө керек. Себеби, президент элге көп эле жакшылыктарды жасап жатпайбы. Эмне кылсын мындан артык. Оппозицияны
деле көрбөдүкпү. Акырында балдарды таштап баса беришпедиби.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Президент алынын келишинче иштеп жатат. Пенсионерлерге 1-сентябрдан баштап бекер жолдо жүргүлө, деди. Чаржайыт митингдердин
кереги жок. Баары бир отуруп, чогулуп акылдашып, оокат кылганы туура. Президентке тынчтык бербей, иштегенге мүмкүнчүлүк бербесе
кол коет да.
Сулайманов Рашид:
Азыр тамак-аштын кымбатташы дүйнөдө болуп жаткан проблема, экинчиден, энергия жок болгонуна өкмөт да, президент да кыйын акыбалда
калып, элге улам чыгып кайрылып жатат. Эми ушуну саясий оюнга айлантып, чыр чыгаруунун, элди көчөгө чыгаруунун эмне кереги
бар. Мыйзамга баш ийиш керек.
Рыскул:
Митингдерди чектеген мыйзам бул президенттин өз элин сыйлабаганы жана корккону да. Өз элинен коркпосо, эмне үчүн элдин оюн
тыйышы керек эле.
Шерикбек:
Мен Бакиев кол койгон Конституцияга каршымын. Бул Конституция кыргыздарга ылайык келбейт.
Канат. Бишкек:
Пикет-митингдерге чектөө коюу болбойт. Акаевдин убагында деле чектөө коюлбады беле. Эл менен ойногон болбойт. Элдин кыжыры
келгенде каалаган жерине чыга беришет.
Атын атабаган угарман:
Кыргызстанда митингдерди ыксыз эле өткөрө берүүнүн кереги деле жок өндөнөт азыр.
Олимп оюндары саясаттан тышкары болушу керекпи, же эл аралык коомчулук көңүл буруп турганда, көйгөйлүү маселени көтөрүп калыш керекпи?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Олимп оюндарынын мекени болгон Грецияда бул оюндар мезгилинде бардык чыр-чатактар токтотулуп, өзгөчө шаң менен өткөрүлүп келгени
тарыхта белгилүү. Эми азыр да саясат дегенди унутуп, жеңгени кубанып, жеңилгени ызаланып таарынбай, эмки жолу мыкты даярданууга
шык алып, баары тынч тарайт деген үмүтүбүз бар.
Осмонбек Иманалиев
Бул өзүнчө майрам да. Кыргызстандан кетип жаткан кыздар-балдарга ийгилик каалап, жакшы жеңиштер менен келишин тилеп жатабыз.
Президент да чоң көңүл бурду, ал өзү да барат экен, эми беш-алты медаль алып келишсин, деп тилейм.
Бишкекте америкалык кызматкердин үйүнөн курал жарак табылганы тууралуу, жана кыргыз-америкалык мамилелер тууралуу эмне деп ойлойсуз?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Биринчиден, бажычылар курал-жарактарды караш керек болчу да. Аны кармаган күндө да жашыруун тактап туруп, анан жарыялаш керек
болчу. Америка бизге жакшы эле жардам берип жатпайбы, анан майда-чүйдөдөн эле мамиле бузуп алганыбыз туура эмес.
Базаргүл. Ош:
Биздин тартип коргоочулардын деңгэээли өтө төмөн, саясатка киришип алып элдин укугун коргобойт. Экинчиден, депутаттардын эң
чоң күнөөсү Ганси базасындагы америка аскерлерине кол тийбестик берип койгону - биздин өзүбүздүн башыбызга муш болуп тийип
атат. Алар самолет менен эмне алып келип атканын эч ким билбейт. Үчүнчүдөн, Кыргызстандагы демократияны хаос деп койсо болот.
Мындай демократиянын бизге кереги жок. Алыскы туугандан жакынкы кошуна жакшы да, бизге Американын кереги жок эле, Казакстан,
Россия, Кытай менен мамиле түзгөнүбүз оң.
Саякбаев:
Курал-жаракты ташуу, сактоо, колдонуу эрежелери деген бар да, анан эмне үчүн бир жеке үйдөн табылып калышы керек, баары түшүнүксүз.
Бир ведомство чакырып келгени мүмкүн эмес, эч кайтаруусу жок бир жаңы конушта курал-жаракты сактап турганы мүмкүн эмес. Буга
кандай актануу болушу мүмкүн?
Сарбагыш Кушчубеков
Америка бизди мамлекет катары карабай, өзүнүн географиялык кызыкчылыгы үчүн гана карайт.
1 август, 2008
Кыргыздар жалкообу же иштерманбы? Жамбаштап жатсам сонун да, деген ырды чыгарган калкка азыркы учкул заман кандай таасирин тийгизди?
Эрнис. Бишкек:
Кыргыздар жалкоо дегенге кошулбайм. Себеби: он жашар баладан тарта 60ка чыккан кишиге чейин иштеп жатпайбы. Бир миллион калкыбыз
болсо сыртта иштеп жүрөт. Бул деген кыргыз иштерман экенин билдирет, деп ойлойм.
Оңолбек Шаршеев:
Ата-бабаларыбыз чынында өтө эле жалкоо болгон, бир да көзгө көрүнөөрлүк эстелик тургузушкан эмес. Совет маалында да жалкоо
болгонбуз, колхоз-совхоздун байлыгын кымырып кетүү менен жан сакташкан. Эми рынок заманы абдан жакшы келиптир, азыр кыргыздар
иштерман боло баштады. Бул кыргызга абдан керек заман болуп жатат.
Өкмөттүн электрди үнөмдөө чаралары натыйжа берет, дейсизби? Сиз өзүңүз кышка отун сууну кантип даярдап жатасыз?
Буланбек Султанов. Тоң району:
Кыргыздар свети жок деле жашаган. Андан да жаман шартта жашап көнгөн, демек, свет болбосо, андан кыйналбайбыз. Свет болсо
жакшы, болбосо андан бетер жакшы.
Таалай:
Былтыркы сууктан кийин быйылкыга эртелей кам көрүп жатам. Анын үстүнө, президенттин тезек тергиле дегенинен да үшүбөйлү, деп
турабыз.
Тоңдон атын атабаган угарман:
Эми мектептерде светти убактылуу өчүрсө чыдаса болот. А бирок ооруканаларда өчүрсө шордуу оорулар кантер экен? Өкмөт бардык
күч-аракетин ташкөмүргө жумшабаса, айылдагы бак-дарактар кандай абалда калар экен? Азыркы күн жылууда светсиз деле жашай беребиз.
Андан көрө, өкмөт солярканы арзандатса, көп ташкөмүр болсо дейбиз.
Үрүлкан. Кемин шаарчасы:
Мен кышка даярданган жокмун, себеби, менин пенсиям 854 сом, аны менен бир ай да жашай албайсың. Ал акчага кайдагы ташкөмүрдү
сатып алмак элем? Бул тегеректе тезек жок болсо, кайдан терет элем? Эгер кышында тоңуп калсам, убалым бийликке, андан башка
эмне дейм.
Токтомат Шеримбеков. 80 жаштагы карыя:
Менин уулум экинчи группадагы майып. Биздин светти өчүрүп салды. Кышында көмүр менен жылынгыла деп жатат. Менин пенсиям көмүргө
жетпейт. Бизге окшош үй-бүлөлөр эмне кылат?
Жылдыз. Бишкек:
Светти өчүргөндөн кийин, элге арзаныраак көмүрдү камсыз кылбаса кыйын болот. Колунда барлар даярданып алат. Ал эми жалаң
күнүмдүк оокатын кылгандар үчүн кышында абдан эле оор болот го.
Кушчубеков Сарбагыш:
Болжурова туура айтып жатат. Коммерциялык жоготуу көп болуп жатат. Ошолорду кыскартуу үчүн эч чара көрүлбөй жатат. Светти
өчүрүү эч натыйжа бербей жатат. Андыктан, ошол коммерциялык жоготууларды азайтууга да чоң көңүл бурулушу керек.
Диний ырым-жырымдар, дааватчылык, паранжа кийүү сыяктуу көрүнүштөр кыргыз салтына, улуттук уркуна жарашпай калды деген көз карашка кошуласызбы? Айыл-апа кыдырып, элди динге сыйынууга үндөп жүргөн чалмачан, сакалчан жаштарга мамилеңиз кандай?
Атын атабаган угарман:
Мен араб өлкөлөрүндө көп болдум. Жанагы узун кийим тууралу айтсам, бул табияттын айынан экен. Эркектердин жашы өйдөлөгөн сайын
табарсыгы бошойт экен, ошол себептен узун кийим кийишет. Башкача айтып жүрүшөт, бирок негизи бул жогоруда айткан эле иш.
Үрүлкан. Кемин шаарчасы:
Дааватчылар башка жактын динин таркатып жатканы туура эмес. Негизи дааватчылар болсун, башкалар болсун, бийлик болсун, баарына
абийир керек, абийир болмоюн ишибиз оңолбойт. Бул нерсе үгүт-насаатсыз эле Кудай жиберген жол.
Улан. Сокулук:
Ислам - дүйнөлүк дин. Бирок кыргыздардын байыркы тарыхы бар. Ошондуктан, биз өзүбүздүн салтыбызды, тилибизди, дилибизди сактап,
ошону менен исламды да айкаштырыш керек. Мисалы, жапондор өзүнүн синтоизм деген динин сактап, ошолеле учурда буддизмди айкаштыра
алышкан.
Орузбай Мүсүралиев. Бишкек:
Кыргызстанда паранжа кийбе жана сакал койбо деген мыйзам жок да, ошондуктан аларды кантип тыя алабыз?
Лола. Бишкек:
Кыргызстан светтик мамлекет болгондон кийин исламдык жөрөлгөлөр басып кетишине каршымын.
Бугубаев. Бишкек:
80ге келгени дин маселеси улут маселесине байланыштуу экенин байкап калдым. Эмне дегенде, көп улуттар бизге келип аралашып
жатпайбы, ар кими өзүнүн динин ала келип жатат, алар болсо кээде биздин салт менен быгыша албай жатат окшойт. Кыргыздар негизи
динге бошпуз, башкалар эмнени айтса эле, ошого бат ооп кетет окшойбуз.
Сулайманов, пенсионер. Жалалабад :
Конституцияда дин мамлекеттен ажыратылган, деп айтылган. Мектептеги балдар болсо динге кирип кетип жатышат. Аларды билимге
сугарыш керек да. Эмесе, эшек минип, башына беш метр чалма оронгон артта калган мамлекет болуп калабызбы?
Жылдыз. Нарын:
Көчө кыдырып жүргөн балдардын киришүүсү менен алкаштар оңолуп, үйбүлөсү менен ажырашкандар кайра жарашып жатышат. Алар мага
да келишти, мен да ниет кыла баштадым. Негизи дааватчылардыкы туурабы, деп калдым.
Дүйшөн Абдылдаев, Кыргызстан жана Борбор Азия мусулмандар конгрессинин мүчөсү:
Албетте, узун кийимчен балдарга биз деле айтып жатабыз, бул кичине туура эмес деп. Ал эми кыз-келиндердин узун кийингени,
балдардын сакал койгондору Конституцияга каршы иш эмес да. Андан көрө, Исмаил Исаков көчөдө жылаңач жүргөн кыздарды тыйбайбы?
Узун кийинсе да, биздин балдар Кудай жолуна түшүп жатышат. Мүмкүн, алардан аракеч же кылмышкер, жалганчы же кумарпоз чыкмак
беле? Эл араласа да, оң жолго түшүп жатышкандарына шүгүр, деш керек. Ушул жагынан Исаков этияттык кылса.
Лейлек району, Исфана шаарчасы, атын атабаган угарман:
Кийинки кезде дааватчы дегендер абдан көбөйүп кетти. Мынчанын эмне кереги бар?
Замир. Бишкек:
Дааватчылыкты көзөмөлдөп коюшса болмок. Элге кыйын, баштарын айлантып жатышат, өздөрүнүн бала-чакасы каралбай калып жатат.
Рая Дүйшөмбиева. Каракол шаары:
Мен башына чалма чалып, көчө кыдырып жүргөндөргө жана бети-башын чүмкөп жүргөн кыздарга да каршымын. Не дегенде, биздин улутка
көп жараша бербейт экен. Улгайган аялдар үчүн элечек бар, башка да улуттук кийимдерибизди жараштыра кийип жүрсөк деймин.
Дайыр. Бишкек:
Исаков мырза бир нерсени түшүнбөй жатат. Биздин кыз-келиндер салынып жүргөн паранжы эмес, аны хиджаб дейт, ал бизге алла-тааладан
парыз кылынган. Ал эми дааватчыларыбыз, албетте, эски методдор менен жүрүп жатышат. Бирок мен аларга каршы эмесмин.
Аваз Жороев:
Негизи мусулмандар кандай кийинет, аны Кудай белгилеп койгон. Биздин салтка туура келбейт дегенге макул эмесмин. Биздин апалар
шөкүлө тагынып, узун кийинишкен. Көчөдө бардык жерин ачып жүргөн кыздарыбыз коркунучтуу.
Санжар. Бишкек:
Мусулманча кийинүү кыргызга жат деген туура эмес. Кыргыз апалар дайыма уяттуу жерлерин жаап жүрүшкөн. Ал эми европалыктарча
ачынып жүргөндөр – кыргызга жат көрүнүш. Негизи исламдын шарты кыргыз деп бөлбөйт, аныкы бардык мусулмандар үчүн бирдей парыз.
Москва району, Беловодское айылы, атын атабаган угарман:
Ой, айланайындар, жанагы сакалын коё берип, бети-башына капкара немени жамынып алгандар элди үркүтүп жатат. Качан кыргыз ушундай
кийинчү эле? Алардын чоңдору акча берип ушинтип жатышат дешет.
Болотбек Жусупбаев. Бишкек:
Эмне эле исламга асылып туруп алдыңар? Башка динди эмне айтпайсыңар? Алар да элди кыстап, китеп таратып, бизге өткүлө, деп
кыдырып жүрүшпөйбү. Аларды көрбөй эле өзүбүздүн динге асылып алдыңар да.
Мирбек. Бишкек:
Кыргыз апалар элечек кийип, узун кийинчү, жеңелер дайыма жоолук салынып, узун кийинчү. Азыр да Аллахтан аялдарга бети-башы
жана колу менен билегинен башка жерлерин жаап жүрүү парыз кылынган. Ал эми жигиттердин узун кийингени парыз эмес. Ал арабдар
менен пакистандыктардын кийими.
Кыргызстан электрди үнөмдөп, жер жерлерде үч фазалуу электр өткөргүчтөрү кыркылууда. Эл бул чараны колдойбу? Эмне үчүн жазалып жатканын түшүнөбү? Электрди үнөмдөөнүн кандай жолдорун сунштайсыз?
Гүлсүн. Ош:
Президенттин айткандарына кошулабыз. Казино, ресторан, сауналарды кесиш керек. Түнү менен бийлеп ырдап, элдин тынчын алганы
аз келгенсип, ошолор электрди көп жагып жатышат. Ууру точкалары бар. Ошолордун пейилин оңдосо, электр дагы үнөмдөлөт. Карапайым
элге өчүрүү туура эмес. Балдары ооруп калат. Ансыз деле жашоосу оңой эмес.
Кушчубек Сарбагышев. Каракөл:
Үч фазаны кесебиз дегени Донкихоттун тегирмен менен урушканындай эле кеп. Коммерциялык жоготуу деген бар. Электрдин 40 пайыздан
ашууну ошол жакка кетет. Ошону чиновниктер 10-15 пайызга кыскартса, электр үнөмдөлмөк. Ал эми карапайым атуулдардын светин
кыркуу аркылуу 5 пайызга жетпеген сарамжал болот. Бул акылга сыйбайт.
Аида. Мектеп окуучусу. Ош:
Кичинекей үч бөбөгүм бар. Алар свет жок болсо эмне кылат? Мектептерибиз кышында ансыз деле суук. Сабактарыбызды кантип даярдайбыз?
Кантип светсиз олтурабыз?
Орузбай Мүсүралиев. Бишкек:
Үч фазаларды кыйып жатканга толук кошулам. Эл буга туура түшүнүш керек.
Эрнис. Бишкек:
Электрди өчүрүү боюнча аргасыз аракеттерди эл жакшы түшүнүп жатат.
Бишкектен Жунушева:
Жакында окуу башталат. Жолкире болсо сегиз сом. Ошондо төрт-беш баласы окуган үйбүлөлөр кантет? Ар бир баласынын барып-келиши
16 сом болгондо кайсы айлык түтөт, айланайындар! Бул эмне, жарды бүлөлөргө каршы максатпы? Окуучулар үчүн кенжелерине 1, чоңдоруна
3 сом кылып коюшпайбы. Ушуну ойлоно турган кишилер бар бекен?
Бишкектен атын атабаган угарман:
Урматтуу энергетиктер! Президент айткандан кийин эле үч фазаны келип кырка баштадыңар. Президент антип айтпаса керек эле,
ташкөмүр менен камсыз кылгыла дегендей болгон. Бар нерсени жок кылыш оңой, жаңыны табыш кыйын. Үч фазаны кыркса эле Токтогул
ГЭСине суу толуп калбайт. Азыр фаза кесилип, канча цехтердин иши токтоп, канча киши ишсиз калды?
Атын атабаган угарман:
Биздин өкмөт башканы коюп, ташкөмүрдүн баасын караса болбойбу. Анын баасы асманга чыгып кетти. Орто жолдон кызыл кулактардын
насписи ачылып кетти, аны тыйган киши болобу?
Нуркул Сулайманов. Бишкек:
Свет өчсө карапайым атуулдарга эле кыйын болот. Чиновниктер, байлар кыйналбайт. Өкмөттүн кылганы туура эмес. Бизге эле кыйын
болуп калат.
Оңлобек Шаршеев:
Өкмөттүн светти үнөмдөө боюнча иш-чаралары туура жана өз учурунда болуп жатат. Антпесе, суу аз болуп, кышында бардыгыбыз жарыксыз
калмакпыз.
28 июль, 2008
"Де Факто" гезитинин редакторунун үстүнөн жүрүп жаткан сот иши жөнүндө
Самидин Райымбеков. Жалалабат:
Орозобекованы азыркы материал үчүн эмес, “Бакиевдерге – жардам” деген акциясы үчүн эле камаш керек эле. Себеби, Бакиевдер
ачка калдык, деп акча сураган эмес да. Орозобекова алардын кадыр-баркына доо кетирген.
Дамир. Нарын:
“Чын чычалайт” деп, салыкчылар безгекке сайгандай болуп жатышат. “Де Фактону” бийликтер саясый себеп менен жаап жатышканы
сокурга да көрүнүп турат.
Эрнис. Бишкек:
“Де Факто” боюнча бийлик өз максатына жетти, деп ойлойм. Мындан ары бул гезит айла жоктон жабылат го.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
“Де Факто” гезитине үстөккө-босток иш козгой берсек, анда сөз эркиндигине чоң сокку болот. Баягы Акаевдин заманындай гезиттер
жабылат, редакторлор түрмөгө салынат. Биздин чоңдорду сындаса болбойбу? Алар үстү жактан гана сындарды угат, ылдый жактан
гезит аркылуу сындаса эле иш козгой берген жарабайт да.
24 июль, 2008
Жол кырсыгынан өлгөн адамдардын саны боюнча Кыргызстан дүйнөдө биринчи орунда экенин билесизби? Кырсыктарга башкы күнөөкөр ким? Жол кырсыктарына бөгөт коюу боюнча мамлекеттик автоинспекциянын ишине кандай баа бересиз?
Кубанычбек кызы Аида.Ош:
Биздин милициялар машинелерди тосушат да, алардан акча алышат. Бирок, алар эмне эреже бузушту, сообу же маспы – ага көңүл
да буруп коюшпайт.
Талант. Бишкек:
Биздин инспекторлор бактын далдаасына туруп алып, шоферлорду кармашат. Эгер алар ачык туруп тоскондо, айдоочулар сестенип,
жол кырсыктары аз болот эле.
Мирсулжан Намазалиев. Бишкек:
Биз жол кырсыктарынан өлгөндөр боюнча алдыңкы орунда экенибизди угуп капа болдук. Эми бизде айдоочунун укуктарын сатып алышарын,
эреже бузганда да акча менен бүтүрүп коюшарын баарыбыз билебиз. Демек, мындай жол менен кырсыктардан кутулбайбыз. Бул маселени
мамлекеттик деңгээлде караса болбойбу?
Амантур Асеков. Бишкек:
Казак туристтери Токмок ченде автобустан каза таап, аябай каргаша болду. Эми алар кыргыздын ГАИси мындай, шоферу тигиндей,
жолу жаман, деп айтып барышат, ошентип, туристтен да кол жууйбуз. Биздин ГАИ бурчка туруп алып, акча жыйнагандан башка иш
кылбай калды, мындайча айтканда.
Бекбол Биримкулов. Пенсионер:
ГАИ кызматкерлеринин аты ГАИ болбой эле “даткаайым” болуп калыптыр. Алар эреже бузган кишиден "даткайым" барбы деп, Курманжан
датканын сүрөтү тартылган акчаны алып, коё беришет экен, деп угабыз. Менимче, жол кырсыгын токтотуш үчүн, жол коррупциясын
токтотуу керек.
Эрмек. Ош:
Жол кырсыгынын көбөйүшүнө биринчиден, көптөр машине айдоо укуктарын сатып алып жатышат. Экинчиден, МАИ кызматкерлери ушул
коопсуздугуна көңүл кош карап жатат окшойт.
Оңолбек Шаршеев:
Биздин МАИчилердин принципиальный аракети жок. Токмоктон кыйрап калган автобус деле буга мисал. Эгер алар кечинде жүрүүгө
болбойт, деп кармаганда андай кырсык болмок эмес. Айдоочулар дагы тартипсиз болуп жатат. ГАИ алардан акча алып эле коё берип
жиберет. Мына ушунун бардыгы бизди жол кырсыгы боюнча дүйнөнүн алдыңкы катарына чыгарып жатпайбы.
Орзубай Мүсүралиев. Бишкек:
Жол кырсыгы боюнча күнөөнүн көбү айдоочулардан кетип жатат. Ичип алып, эреже бузуп айдашат. Ал эми ГАИ кызматкерлери жол кырсыгын
азайтуу үчүн эмес, үйүнө акча таап барыш үчүн иштеп жаткандай эле сезилет.
Базаркүл Маманова. Ош:
Автокырсык боюнча дүйнөдө биринчи орунда тураарыбызга ишенебиз. Бишкек-Ош жолунда 20 жерден тосот. Бирок акча алып коё беришет.
Айрыкча түнкүсүн ушул жолду бир-эки саатка жабып койсо жакшы болмок. Караңгыда жол арбытабыз, деп айдоочулар катуу айдап,
кырсыкты көбөйтүп жатышат.
Мастура. “Дордой” жаңы конушунан:
Бизде маршруттар көп. Жол кире арзан. Анан жол дагы начар. Мына ушундай нерселер кырсыкты көбөйтүп жатат.
23 июль, 2008
Угармандар Асанкан Жумакматов тууралуу ойлорун ортого салууда
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Арты кайрылуу болсун. Мен бул кишини 58-жылдан бери билемин. Бул кишинин колунан Миңжылкиев, Сартбаева сындуу СССР эл артисттери
чыккан. Жумакматов уюштурган эл аспаптар оркестри Орто Азия боюнча эң мыкты саналчу. Эми азыркы кыйын заманда мындай залкар
чыгары кыйын го. Бирок үмүттү үзбөйлү, эл болгон соң чыгар да.
Нурбай Турдакунов. Аламүдүн району, Таш-Дөбө айылы:
Кичинекей кыргыздын чекесине Чыңгыз, Дооронбек, Асанкан сыяктуу залкарлар жаралганын быйыл байкап отурабыз. Алардын көзү тирүү
кезинде элес албаптырбыз, атаңгөрү!
Нурийла. Бишкек:
Би-Би-Си, силерге ыракмат! Кыргыздын ыр-күүлөрүнүн баарын оркестрге салып, алыска чыгарган ушу бир киши – Жумакматов экенин
бүгүн гана билип отурабыз. Баарын башка жактан келген Шубин, Фере деген кишилер иштеп чыгарган, деп жүргөнбүз.
22 июль, 2008
Олимп оюндарына катышуучу спортчуларга кандай демөөр берсе болот, же аларды материалдык сыйлыктар менен кызыктыруу керекпи?
Фархад. Талас:
Спортсмендерге рухий дагы, материалдык дагы демөөр керек деп ойлойм.
Талант:
Спортсмендерибизге чоң сыйлык бербесек дагы, оюндарга даярданып, машыгуу үчүн шарт түзүп берсек жакшы болмок. Талантуу жаш
спортчуларга көмөк көрсөтсөк, өстүрсөк. Башка мелдештерге катыштырсак жыйынтык чыгат эле. Антпесе, спортко такыр көңүл бурбай
коюп, анан олимп оюндарынан жеңсеңер миллион доллар беребиз десе деле, андан эч тыянак чыкпайт.
Оңолбек Шаршеев:
Олимп оюндарында биринчи орунду ээлегендерди бай өлкөлөр мүмкүнчүлүгүнө карап сыйлап жатышат. Бизге окшош акча-каражаты тартыш
өлкөлөр, жеңиш менен келген спортсмендерге “Кыргыз элинин баатыры” деген наамды ыйгарып койсок, андан артык кандай колдоо
болмок эле.
Жылдыз. Жалабад:
Жеңген спортсмендерге квартира, үй бериш керек, же кеминде 100 миң доллардан ашык сыйлык бериш керек. Ошондо шыктанып, кийинки
оюндарга жакшы даярданышат.
21 июль, 2008
Асанкан Жумакматов дүйнөдөн кайтты...
Өндүрүш Токтоназаров:
Өмүрү өрнөк болчу инсандарыбыздын биринин артынан бири бу дүйнө менен кош айтышып жатканы кандай гана өкүнүчтүү. Асанкан Жумакматов
дирижёрлук кылып жатканда музыкалык сабаты жок кишилер дагы анын сыйкырдуу таякчасына арбалып калчу.
Орузбай Мүсүралиев. Бишкек:
Асанкан Жумакматов агайыбызды Чыңгыз Айтматовдон кийинки эле экинчи инсан, деп атайт элем. Бул киши опера менен балетти кыргызга
киргизген.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Арты кайрылуу, топурагы торко, ыйманы жолдош болсун! Бул адамдын кыргызга сиңирген эмгегине баа жеткис. Кылган ишин санасак
узун кеп. Мен бул инсанды Айтматов менен тең коёт элем. Эми Айтматов менен Жумакматовдой адамдарыбыз көп болсо экен, деп тилеймин.
Нуралы. Талас:
Айтматовго удаа Жумакматовдун дүйнөдөн өтүшү кыргызга жиберилген чоң белги болуп жүрбөсүн? Аларга чейин Садырбаев Докебиз
арабыздан кетти эле. Ушул жоготуулар эмнени билгизет, деп бир саамга ойлончу, кыргызым!
16 июль, 2008
Орусия менен Казакстанга жумуш издегени чыккан кыргыз мигранттары ал жерлердин мыйзамдарын, каада салттарын алдын ала үйрөнүп барышабы, же көздү жумуп эле кете беришеби?
Рыспек. Бишкек:
Кыргызстандын атуулдары Москваны коюп, Кыргызстандын мыйзамдарын билиши керек биринчи кезекте. Өкмөт ошого шарт түзүп бериши
керек. Антпесе алар, өзүңөр айткандай, көздү жумуп алып эле Россияга кетип жатышат.
Сарбагыш Кушчубеков. Каракөл:
Союз тарагандан бери биздин шаардан жогорку даярдыктагы адистер Россияга кетип жатышат. СССР убагында бул жердеги тургундардын
60 пайызы орус тилдүүлөр болсо, азыр 10пайыздан дагы ашпайт. Онбеш жылдан бери бизден Орусияга кетип эле жатышат, көбүнчө
жогорку квалификациялуу адистер кетишет. Мурда алар кыйналып жүрүшсө,эми такшалып калышты. Чакырганда бригада болуп кетип
жатышат. Азыр Камбарата ГЭСин таштап кетишүүдө. Анткени, бул жерде 10 миң сом болсо, Орусияда 35-40 миң рубль алышат. Минтип
отурса, 2009-жылы куруучу калбай калышы мүмкүн.
Дүйшөн Мамажанов. Бишкек:
Мен азыр Алматыда да, Бишкекте да турам, казак жакка 1993-жылы кеткем, он беш жылда көп нерсе өзгөрдү. Мурда кыргыздар ушул
жакта кандай жүрсө, ал жакта ошондой жүрүшчү, ичип, түнү чыгышып дегендей. Мас болгон соң, жергиликтүү казактар менен мушташчу.
Милицияга түшүп, депортация болуп, жакшы эле кыйналдык. Эми акыркы беш жылдан бери кыргыздар казак жеринде жакшы жүрүп калышты,
мурдагыдай ичишпейт, мушташпайт. Кыргыздар ал жактын мыйзамын, каада-салтын билип калышты.
Эдил Исаев. Бишкек:
Мигранттарга эчким жардам берген жок, ал бечаралар өз арбайларын өзү согуп келатышат. Биерде иш жоктон, айлык аздыгынан улам
айла жоктон кетип жатышат да.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Жаштарыбыз Орусия менен Казакстандын мыйзамдарын билеби дегенде, биздин өкмөт аларды үйрөтүшү керек. Анткени биздин балдар
ал жактын эмес, биздин мыйзамдарды билишпейт. Сыртка барганда мен билбейм дей албайт да. Ошондуктан, биздин миграция кызматтары
атайын курстарды ачабы же брошюраларды чыгарабы, ошентип жардам бериши керек. Антпесе биздин мигранттар ал жакта кор болушат,
кыйналышат.
Марат. Талас:
Мамлекет жакыр болсо, жумушсуздук басса, мигранттарга кайдагы мыйзамдарды окута алмак эле?
15 июль, 2008
Жаштар чабан кесибин аркалайбы?
Атамбек. Бишкек:
Малчынын баласы катары башыман өткөн, мал баккан тозоктун эле иши, көңүлүмө көк таштай эле тийген. Бакканыңдын акыбети оңой
менен кайтпайт, ошондуктан, жаштар мал артынан түшкүсү жок. Андан көрө Бишкекке келип, базарда соода кылган жакшы да.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Малчылардын жашы улгайып баратканы чын, анткени малдын куну түшүп кетти. Ал эми айыл чарба академиясы айылдан алыстап калды.
Академияда толтура академик, доктор, кандидаттар жүрүшөт, алар зоотехниктерди, агроном, ветеринарларды даярдап жатышат, алар
эмне кылып жүрүшөт? Анын үстүнө малдын толтура оорулары да жайылып, жаштар коркуп жатышпайбы.
Рустам Акеев. Тоң району:
Жаштар мал баккандан качып жатат дегенге каршымын. Азыр мал баккан жана билим алгысы келген жаштар көп эле.
Качкынбай Кадыркулов, “Айылдык кеңеш” кызматынын координатору:
Мал чарбасынын азыктары акыркы 3-4 жылдан бери өспөй калды. Мал багуунун түйшүгү чоң, жайлоого чыгыш керек, тоют камдаш керек.
Жаштар болсо шаарга, эл көп жакка качышат эмеспи. Ушундан улам малга кызыккан жаштар сейрек.
Эми мамлекет да саясатын кайра карашы керек. Канткен менен кыргызды малсыз элестетүү мүмкүн эмес, ошондуктан бизде мал чарбачылыктын келечеги бар. Бир жагынан экономикада чоң өзгөрүүлөр да жүрүп жатпайбы. Мына, электр кымбаттады эле артынан айыл чарбасынын продукциясы кымбаттады. Эми келаткан жылы жаздан же күздөн малдын продукциясы да кымбаттайт.
14 июль, 2008
Чиновниктер мамлекеттик мүлктү өз менчигиндей пайдаланат дегенге кошуласызбы? Бул көрүнүшкө ким жана кантип бөгөт коёт? Бөгөт кою керекпи?
Керимбай. Бишкек:
Кызмат машинелерин туш келди пайдалануу - бул элди сыйлабаганы. Алар элдин салыгынын эсебинен жашайт. Анан элдин эсебинен
машине тебет. Ошону түшүнбөй, чардап жүргөндөрү туура эмес. Манас деле ат минсе сурап минген. Булар болсо, эч кимден сурабай
эле, өзү билгенин кылып жатышат. Андыктан, ар бир мекеме кызмат машинени үнөмдөп, аярлап пайдаланууга багытталган катуу эрежелерди
чыгарып алышы керек.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мамлекеттик машинени чоң чиновниктер өз мүлкүндөй пайдаланып жүргөнү гезиттерде көп эле жазылып жүрөт. Ошондуктан кызмат машинесин
балдарын, аялын ташыганга колдонгондорду айгинелеген тараптарды мамлекет жакшылап коргош керек. Анткени чоңдор алардын өздөрүн
кызматтан айдап, тындырышы ыктымал. Андан сырткары, кызмат машинесин ошентип жеке кызыкчылыгына колдонгону билинип калса,
анда ошол чоңдорду машиненин чыгымдарын гана эмес, өз наркын дагы төлөтүшү керек.
Орузбай Мүсүралиев:
Чиновниктердин мамлекеттик мүлккө болгон мамилеси аябай жаман. Чачат, ичет, жейт. Текшерип келген комиссияларга деле бирдеме
берип коюшат. Ошол бойдон аныкталбай калат. Мен мындайды көп эле көрүп жүрөм. Кызматтык машинени же мамлекеттин мүлкүн жеке
менчигиндей колдонууга президент өзү кийилигишип, бөгөт койбосо, токтобойт деп ойлойм.
Базаркүл. Ош:
Чоңдор машинелерди эле эмес ири ишканаларды дагы акционерлештирип алышпадыбы.
10 июль, 2008
Боюнда бар кезинде, төрөт үйлөрүндө аялдарга жетиштүү медициналык кам көрүлөбү?
Базаргүл Маманова. Ош:
Совет мезгилиндеги төрөт үйлөрүнүн бирөө да калган жок. Кээ бир айылдарда төрөт үйлөрү такыр жок калган. Акушер-гинекологдор
базарда жүрсө анан аялдарды ким карайт? Канча миң аялга бир акушер же гинеколог туура келет. Дары-дармектер кымбат, ооруканага
эч ким барбайт. Азыр элдин баары эле үйүнөн төрөп жатышат. Көптөрдүн төрөгөнү каттоого деле алынбай калып жатат. Эне менен
баланын саламаттыгын караган эч ким жок. Балдарга пособие жок, келечек жок эле болуп калды.
Асылгүл. Бишкек:
Жакында эле кыздуу болдум. Кудайга шүгүр, эң башкысы аман-эсен төрөп алдым. Бирок, абдан кыйналдым. Тогуз ай бою эле ооруканаларда
жүрдүм, туура эмес диагноздорду коюп, абдан кыйнашты. Төрөгөндөн кийин палатага которгондон бойдон чыгаар күнү эле врач басып
келди, ошол убактан бери менин ал палатада жатканымды да билбептир. Кыскасы, өлүп калсаң да баары бир окшойт, деп калдым.
Электрди үнөмдөө жөнүндө
Эстебесов Эсенбай. Кара-Көл:
Менчик үйлөргө электр жарыгы менен жылытууну алып салганы эң туура эмес. Калыс болушпайбы, эмне үчүн кабаттуу үйлөр электр
менен жылышы керек. Сууну сатып жиберип, анан элге шылтап жатышат. Коммерциялык жоготуу 50 пайыз деп жатышат, анын беш пайызы
эле элдики, калганын энергобарондор сатып, жеп жатышат.
9 июль, 2008
Сыргак:
Ойдо, түштө жок эле бир күнү спикер болуп калсам мен деле 95% добуш бергиле демекмин. Азыркы шайлоо комиссиясы барында, спикердин
айтканын аткарат, деп ишенем. Ошондой эле болот го.
Фархат. Талас:
Тагаевдин айткандарын - саясаттагы чоң оюн, деп эсептейм.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Спикердин Баткендеги шашып үгүт жүргүзгөнү шашмалык, караңгылык. Али шайлоого эки жыл калганда мынчалык ашыкканы түшүнүксүз.
Орузбай Мүсүралиев. Бишкек:
Спикер ката кетирди. Президенттин экинчи шайлоого барышы элдин турмушуна жараша болот. Эгер турмуш оңолбосо, Бакиевди эл колдоору
али белгисиз да. Анын үстүнө, көпчүлүк деген революция эмне экенин баштан өткөргөн.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Спикерге абдан таң калып жатам. Тагаевдин шашмасы эч кимге жакпайт. Мейли, шайлана берсин дейличи. “Акжол” шайласын, бирок
эл кандай кабыл алат? Апрелдеги үшүк баарын кыйратып кетти, ушундай каатчылыкта шайлоонун кимге кереги бар?
Оштон Гүлсүн Маматова:
Азыртан баштап элге үгүт жасаганы туура эмес. Себеби биз президентти анын кылган иштерине карап туруп, Тагаевсиз эле шайлап
алабыз. Бирок азыр турмушубуз оңолбой эле кыйынчылык болуп баратат, балдар токтобой Орусияга качып жатышат.
Гүлназ Кеңешова. Бишкек:
Биз Бакиевдин экинчи мөөнөткө барышын колдобойбуз. Анткени биз улам артка кетип баратпайбызбы бардык жагынан.
Мукай. Бишкек:
Эки жыл эрте болуп жатат. Элдин кыжырын кайнатат. Жарым жыл калса бир жөн. Президент тарабынан эмес, спикердин өзүнүн атынан
айтылып калды окшойт, кошомат иретинде.
8 июль, 2008
Азык-түлүк каатчылыгынан Кыргызстан өз күчү менен чыга алабы?
Онолбек Шаршеев. Бишкек:
Айыл чарба министри 800 миң тонна эгин алабыз дегени фантастика. Дыйкандардын айтымында, быйыл түшүм кыйла аз болот, сапаты
да начар. 600 тонна миң аларыбызды Кудай билет. Калп эле президентти тынчтандырып жатышат.
Үсөн Жумабаев. Баткен:
Эч кандай азык-түлүк кризиси болгон жок, тескерисинче дыйкандарга жакшы болбодубу. Өкмөт азык-түлүктүн кымбатташы боюнча туура
эмес саясат жүргүзүп жатат. Биз сүйүнүп жатабыз. Тескерисинче, арзандатыш керек деп туура эмес айтып атышат, антип бизди дыйкандарды
тебелебесин. Биз кыйналып өстүрсөк, аны арзан сатып жешсе, биз деле байыбайлыбы. Кыйналып жүрө беребизби.
Осмонбек Иманалиев. Бишкек:
Буудайды быйыл 800 мин тонна алабыз деп жатышпайбы, пейилди оңдосок канча тонна болсо да жетет. Кыргызстанда эч качан ачкачылык
болбойт. Жүгөру айдасак да жан багабыз. Ошондуктан, элибизге ыйман берсин, пейил оңолбосо турмуш оңолбойт.
7 июль, 2008
Медреселерде ар кайсы өлкөдөн келген динчилер өз ыкмасы менен окутуп, натыйжада ислам динин араб, иран жана пакистандыктар үйрөткөнү боюнча ар башкача тутунган топтор пайда болду, деген өкмөттүн жүйөсүндө негиз барбы?
Кубат. Бишкек:
Менимче, текшеребез деп жатканы эң туура деп ойлойм, мурда эле текшерсе болмок. Аравиядан келген вахабисттерди биздин өлкөгө
кантип киргизишти, кантип аларга лицензия берии коюшту. Бул биздин мамлекет үчүн чоң коркунуч.
Атын атабаган угарман:
Медреселерде шарт жок деп жатпайбы, биз эмне аларга шарт тузүп берип, диний өлкөгө айланышыбыз керекпи? Тескерисинче, аларды
четинен тыйып, өлкөдөн чыгарыш керек. Биздин мамлекет динден тыш экенин эстен чыгарбайлы. Азыр дин Кыргызстанда тамырын терең
жайды. Азыр динге каршы бирөө бирдеме айтса, аны жок кылып койчу күчкө ээ болуп калды. Бийлик менен саясий партиялар бийлик
талашып жүргөн убакта, ар кай жактан келгендер кемени аңтаргандай аңтарып түшөт, биздин башчылар ойноп жүргөндө, алар өз
иштерин жасап жатышат.
2 июль, 2008
Кыргызстандагы жердешчилик тууралуу
Ажикулов Элес. Бишкек:
Окуу жайын бүткөн менен азыр жумушка орношо албайсың. Анткени, бардык жерде жердешчилик каптап кеткен. Акимдин баласы иштейт,
же губернатордун иниси, тууганы, досу болуп чыгат. Чыныгы адистер ишсиз жүрөт.
Самидин Райымбеков. Жалал-Абад:
Жердешчиликти күчөткөндөр ошол Касиев, Эркебаев сыяктуу саясатчылар. Алар бийликте жүрүп, анан шайлоого келгенде өз жерине
жетип келишчү. Жердешчилик дегендин өзү ушул да. Буларга окшогон саясатчылар турганда жердешчилик түгөнбөйт ко.
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Кадр маселеси боюнча “Аалам” гезити жазып чыккан фактыларды биз деле көрүп турабыз. Бийлик эми ага таарынбай, ушундай болуп
калыптыр деп, саясатын туура жолго бурганы оң. Азыр элдин баары эле сабаттуу болуп калды, нааразы болуп калышы мүмкүн.
Жумакадыр. Ысык-Көл:
“Аалам” гезити туура жазып жатат. Жердешчилик бийликте да, бардык жерде бар.
1 июль, 2008
Митинг демонстрация өткөрүү эркиндигинин калыбына келтирилиши Сиз үчүн кандай мааниге ээ? Сиз ал укукту кантип колдоносуз?
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Тынч митингдерди өткөрүү жөнүндөгү конституциялык чечимди кубаныч менен кабыл алабыз. Эми демократиялык нукка түшкөнүбүздү
көрдүк. Эми уруксат сурабай эле айтып коюп эле жыйын өткөрүп, арманыбызды айтып алып тарап кетчү укугубуз кайра кайтарылды.
Ушу күндү көргөнүбүзгө ыраазыбыз.
Сагын:
Эми кайра баягыдай аянтка чубап чыгып, элдин тынчын алып башташабы? Балдарыбызды мектепке жибергенден коркчубуз, жаңы эле
тынчып калбадык беле? Кимге кереги бар дейм да ушундай ызы-чууларды уюштура берген, кимдин кылаарга жумушу жок аянтка чыккандан
башка, таптакыр түшүнбөйм.