Skip to main contentAccess keys helpA-Z index
BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 12 Май, 2008 12:50 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
кыз зордуктоо көбөйдү
 

 
 
Төрт айда 200дөн ашууну зордуктоо катталып, эресеге жетелек кыз баланын арнамысына кол салуулар кескин көбөйгөн.

Ички иштер министрлигинин акыркы маалыматы боюнча, 10-майда Бишкектин чекебелинде 27 жашар жигит алты жаштагы секелекти зордуктап кармалды. Басмасөз кызматбашчысы Бакыт Сейитов секелектерди зордуктоо окуялар кескин көбөйгөнүнө көңүл бурууда.

Менин кол алдымда акыркы эки айдагы эле маалыматтар жатат: “59 жаштагы киши 8 жашар секелекти зордуктоого аракеттенген. Бул окуя 6-майда Таласта катталган”, “Ошто 10 жашар майып кызды зордукташкан”, “Ысыккөлдө 42 жаштагы киши коңшусунун кызын зордуктап коюп, анын боюна бүтүп калган”, “Чүйдө үйүгүшкөн өспүрүмдөр 14 жаштагы окуучу кызды зордукташкан”...

Мындай жүрөк тилген окуялар тизмесин уланта берсе түгөнбөйт.

Бишкектик балдар хирургу профессор Талант Өмүрбеков жылына ондон ашуун өспүрүм жашындагы кыздар зордуктоого туш келерин маалымдады.

- Врачтык иште мындай окуялар наристелерге жасалган зөөкүрдүктүн жеткен чеги катары бааланат. Мындай кыянатчылыктардын 70 проценти мас же баңги чегип алган абалында жасалат, – деди Өмүрбеков.

Белгилүү коомдук ишмер Мирослав Ниязов зордуктоо, анын ичинде секелек кыздардын арнамысына кол салуу кыргыз коомунун азыркы абалынан кабар берет деп талдап жатат.

- Коом психологиялык депрессияга туш келгенде тирукмуш кылмыштар күч алат. Деперссия болсо эчкимге жана эчнерсеге ишеним калбай калганда пайда болот, – деди ал.

Талдоочунун пикиринде, мындай үрөй учурарлык окуяларга бөгөт кое албаган бийлик биринчи жоопкер.

- Бирок да кайдыгер карап турган коомчулук эртең-бүрсүгүнү өз балдары ушундай кыянатчылыктан жапа чегерин эстен чыгарбоосу кажет, – деп тыянактады Ниязов.

Кыргыз коомунда кыз баланын арнамысы ыйык саналып келген. Секелек кызды зордуктоо бул ойго жана түшкө кирбеген жосун катары жектелчү. Кийинки кезде дээрлик күн сайын баланча кызды зордуктоо аракети болуптур деген кабар коом ичине бөтөнчө бүлүк салганы байкалбайт. Өнүккөн сырт дүйнөнү көрүп калгандар болсо ал жакта мындай окуялар мамлекеттеги номуру биринчи жаңылык болуп турмак деп, бийлик менен менчик деп көчөгө жабыла чыгып чуулдаган нааразы топтор кайда деп суроо салууда.

 
 
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт   Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат