|
Аяз Ата Кыргызстанда, дейт Швециялыктар
|
|||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
Швециялык инженердин фирма Аяз Ата Түндүк уюлдан кетип Борбор Азиядагы тоолу Кыргызстанда жайгашуусу керек деп эсептеп чыкты.
Кыргызстандын жайы-кышы ак карлуу болгон тоолору чынында эле Аяз Атанын мекени болууга ылайыктуу, дейт кабарчылар. Туризмди өнүктүрүүгө жана инвесторлорду тартууга аракеттенип жаткан бул өлкө Аяз Атанын аты менен пайда көрүүгө да жетишмек. Анын үстүнө, Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө караганда Кыргызстан визасын алуу оңой. Швециядагы жүк ташуу менен алектенген Свеко транспорт компаниясы Жер шаарынын айлануу ылдамдыгын, андагы калктардын жайгашуусун эске алуу менен атайын эсептерди жүргүзгөн. Эгер Аяз Ата дүйнөдөгү 2 жарым мииллард турак жайга жетишип балдарга белек берип чыгам десе, ал үчүн жайгашуунун эң ыңгайлуу жери Кыргызстан болмок экен. Ошондо ал ар бир балага 34 микросекунд бөлүп, бугулар тарткан чанасын секундуна алты миң километр ылдамдыкта айдап белек таркатууга жетишмек. Ал эми азыркы Түндүк уюлдагы ордунан ал бул ишин аткара албай калат экен, дейт Швециялык фирма. Аяз Ата чын болсо анда Кыргызстандык балдар белекти биринчилерден болуп алат экен. |
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||
|
||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||||