08 Октябрь, 2007 15:10 GMT
Өлкөдө гомосексуализм боюнча алгачкы кыргызча китеп жарык көрдү.
Беш миң нуска менен жарык көргөн бул китепчеде Кыргызстандагы лесбиянкалар, гейлер, бисексуалдардын жашоосундагы негизги жагдайлар жазылган. Буга чейин салтка ылайык келбеген сексуалдык багыттагылар өздөрүнүн катары 30 миңге чукулдап калганы туралуу билдирип келишкен эле. Бирок, гомосексуалисттер жашырын жолугушууларды өткөрүшүп, кеңири коомчулукка чыга алышпайт. Анткени кыргыз коомунда гомосексуалисттерди көбүнесе жактырбай кабыл алышат.
Кыргызстанда гомосексуалдардын кыйын абалы тууралу аларга колдоо көрсөткөн “Лабрис”коомдук бирикмесинин координатору Сыйнат Султаналиева мындайларды зордоп үйлөндүрүшөт, же күйөөгө беришет, башкача жүрүм-турумуна карап басмырлашат. Кыргыз тилиндеги китепти чыгаруунун максаты дал ушул адамдардын жашоосу, алардын ички сезими, санаасы жөнүндө коомчулукка ачык айтып берүүнү көздөйт дейт.
-Китепте гомосексуалдар тууралу ачык-айрым маалымат берүү, аларга түшүнүү менен мамиле жасоого чакыруу максаты жатат. Мындай адамдар мазактоо-кемсинтүүлөргө, уруп-сабоолорго чейин туштуккан учурлары аз эмес. Биздин өлкөдө мындай салттан тыш сексуалдык багыттагы адамдардын көйгөйү эч кимди деле тынчыздандырбайт. Аларды коомдон бөлүнүп калган адам катары өгөйлөшөт.
Кыргызстанда учурда гомосексуалдардын так санын айтуу кыйын дейт Лабрис коомдук бирикмесинин жетекчиси Анна Кирей:
-Андайлар ооба мен ошондой адаммын деп өздөрунүн уюмдарына келишпейт. Келгендери өтө эле сейрек. Бизде 300 адам катталган. Бишкектеги гейлердин «Оазис» ресурстук борбору 7 миң деп билдирген.Мындай адамдардын көпчүлүгү ачыкка чыга алышпайт. Айланасындагылардан коркуп, корунуп турушат.
Кыргыз коомунда гомосексуалдарды жактырбай кабыл алышат. Мындай багыттагы адамдардын бири Руслан үй-бүлөөсүндөгү жалгыз эркек бала экен.Өзүмдүн гомосексуалист экенимди ачык айтсам энемдин жүрөгү кармап калабы деп корком дейт ал.
Ал эми өзүн Бакыт деп тааныштырган уландын гей экенин үй-бүлөөсү билгенине аз эле болуптур. Бирок а дегенде үйүнөн кетүүгө аргасыз болуп кайра туугандары аны түшүнүү менен чакырып алышкан экен. Бирок жакындарым мени түшүнгөн менен коомчулук бизди түшүнгөнгө али даяр эмес дейт Бакыт.
Кыргыз тилиндеги гомосексуалдуулук боюнча жарык көргөн китепчеге кыргыз коомчулугунда сөзсүз реакция болушу мүмкүн дейт Мыктыбек ажы:
-Эгер реакция болбосо анда биздин коом деле айбандан ылдыйлап калды.
Кыргыз коому салттан тыш сексуалдык багыттагы адамдарды журттун бир мүчөсү катары кабыл алышы кыйын дешет байкоочулар. Анткени бул өлкөдө салт абдан консервативдүү келип, адаттан тыш көрүнүшкө каршылык күч. Айрыкча сексуалдык жааттагы көзгө өөн жөрөлгөлөрдүн сиңишин азыр элестетүү мүмкүн эмес окшобойбу.