04 Декабрь, 2008 18:46 GMT
Миң тогуз жүз жетимишинчи жылдар. Коммунисттик партиянын жаштарга, жеткинчектерге багытталган тарбиясына суугарылып турган кезибиз. “Жаш Түркстандын кыйрашы” аттуу китеп жарык көрүп, колума тийип калды. Улуу Ата Мекендик Согуштун тарыхын фронттун Советтик жагынан үйрөнгөн жаныбыз ушул китептин арты менен фронттун нары, немистер жагындагы, мурда ойго келбеген окуяларды билдик.
Болгондо да Орто Азиядан аттанып барып, кайра Германия армиясынын катарында Советтер Союзуна каршы согушууга мажбур болгон өзбектер, казактар, тажиктер, кыргыздар тууралуу билдик. Атактуу казак саясатчысы Мустафа Чокай туткунга түшкөн түркстандыктардан армия курап, Берлинде Түркстан Республикасынын өкмөтүн түзөт эмеспи.
Өздөрүн сүргүндө жашаган өкмөт деп эсептеген ошол түзүлүштүн ишине Сатар Алманбетов деген кыргыздын да аралашканы баяндалат. Кийин, Вали Каюм-хан президент деп жарыяланганда, ар бир улуттан вице-президент күтүп, кыргыздан Сатар Алманбетов шайланат. Ал кишинин согушка чейин Кыргыз ССРиндеги министрликтердин биринде жооптуу кызматтарда иштегени да айтылат.
Союздаштардын армиясы Германияга кирип барганда Түркстан республикасынын кызматкерлери менен туткундардан куралган легион туш-тарапка чачырап, айрымдары баш калка издеп Америкалыктарга барышканы айтылат да, китеп аяктайт. Калгандарын Советтер Союзу туткундап, жазасын бергени түшүнүктүү, атылганы атылып, атылбаганы абакка кесилген. Бирок, Сатар Алманбетовдун каякка кеткени айтылбай, анын кийинки тагдыры мени кызыктырып калган.
Дайнын билип калышабы деп кези келген жерден сурамжылап жүрдүм. Узак жылдар КГБны жетектеген маркум генерал Жумабек Асанкуловдун билбегени жок эмеспи деп, маектешем деген шылтоо менен барып, андан сурадым. Калппы- чынбы, айтор билбейм деди. “Азаттык” радиосунун иши менен Мюнхенге барганымда, ыраматылык Төлөмүш Жакып уулунун байбичеси Мария-эжеден (ободогу аты Бактыгүл) сурасам, ал дагы билбейм деди. Согуш аяктаарда Нюрнбергдин жанындагы чакан кыштакта америкалыктардын колуна түшүп берип, ошондон бери ошол кыштактан чыкпай жашаган Токтогулдук Мусабек аксакалдан сурап көрсөм, ийнин куушурду.
Сатар Алманбетов жазганды жакшы көргөн киши болгон. Акыры ошол изине түшүп, изин таптым. Мюнхенде жашаган бир өзбектин чакан китепканасында согуш жылдарында Берлинде жарык көргөн “Миллий Түркстан” журналынын сандарын барактап отуруп, “Бет Алман” деген авторго көзүм түштү. Бул Сатар Алманбетовдун легиондогу аты эле.
(Уландысы бар)