BBCKyrgyz.com
англисче
Орусча
Түркчө
Азериче
Өзбек
 
Соңку жаңыланышы: 15 Январь, 2007 14:24 GMT
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт Басып чыгарылуучу нускасы
Кыргызстан. Жоогазын революциясы-2
 

 
 
Көз ачып жумганча үч уктасаң түшкө кирбеген окуялар болуп кетти. Бул революциябы же ээнбаштык кылып Акүйгө кол салуубу? Акүйдүн алдыңкы кабатында калың эл менен аралашып, бир топ белгилүү кишилер жүрдү, ошолорду сөзгө тарттым. Колундагы желим бөтөлкөнүн оозунан муздак суу ууртап турган депутат Кубатбек Байболов байкашымда көргөн көзүнө ишенбей, ичинен туталанган түрү бар.
-Окуялардын ушундай өнүгүшүн күттүңүз беле?- дедим.
-Бул деген барып турган жапайычылык, вандализм эмеспи! Ушундай кандай болсун?! - деди Байболов.
- Андай болсо, бийлик менен тынч сүйлөшүүнүн кандай чарасы бар эле?
- Түнкү саат бир - экиге чейин аракеттендик, Акаевди оппозиция менен сүйлөш деп көндүрүүгө болгон күчтү үрөдүк. Бирок, ал киши уккусу келген жок.

Байболовго берген суроону жакын турган экен, Дооронбек Садырбаевге да жолдоп калдым. Тынбай сүйлөй берип, ал кишинин ансыз да араң чыккан үнү таптакыр бүтүп калыптыр. Элдин ызы - чуусунан эмне деп сүйлөгөнүн угалбай койдум, кийин угуп алам деген ой менен микрофонду жакшы эле жакын кармадым эле, жазылбай калыптыр.

Ош базарынын тушунан бери элдин алдыңкы сабында, Курманбек Бакиев, Исмаил Исаков жана башкалар менен катарлаш келген Ишенгүл Болжурова четте турган экен.
Эже, окуялардын ушундай өнүгүшүн күттүңөр беле? – деп микрофонду сунуп калдым. Мени “табалап атат” деп ойлодубу, Ишенгүл Болжурова жактырбаган түр менен “Сиздин эмне даяр рецептиңиз барбы?” - деп жооп кайтарды.

Акүйдүн алынышынын жандырмагы кийин өзү эле билинди. Адегенде ыраматылык Баяман Эркинбаев кайсы бир чет элдик кабарчы менен маегинде 24-мартка карата Оштон “кунфу” менен машыккан жүз жигитти ала келгенин, так ошолор чечүүчү күч болуп бергенин айтты. Элди баштагандардын бири Акүйдү басып алуу планы болгон, бирок аны бир ууч эле кишилер билген деп кийин мойнуна алды.

Акүйдүн чоң жыйындар залы бар. Аны Кыргызстандыктардын көпчүлүгү, тагыраак айтканда карапайым эл телеберүүлөрдөн, гезит - журналдардан эле көрүшпөсө, эзели көрүшпөйт. Алдыңкы орундарга жалаң чоңдор, Кыргызстандын кыйындары отурат. Ал жакка баш бактым. Зал элге өтүптүр.

Ош базарынын тушунан бери көздөй чыкканда Кочкордон, Аксыдан, Таластан келдик деген көп элеттик туугандарды көрдүм эле. Ошолор “биздин дагы акыбыз бар” дегендей, жумушчу жана дыйкан Советтеринен келген делегаттардай болуп алдыңкы орундарда кыркалекей тизилип отурушкан экен. Бирок, эмнегедир трибуна бош. “Ушундайда трибунанын бош турганы кайсы жакшылык? Революциячыл ураан, чакырыктар кайда?” дейм ичимден.

Бир маалда Дастан Сарыгулов кирип келди. Сөздү таап айткан уста эмеспи, трибунага чыкты да кыраатын келтирип туруп, “Кыргызстанда элдик револоция ишке ашты!” деп жар салды. Жыйындар залында революциячыл маанай жаралды. Сарыгуловдун ураанын удаа сөз алып сүйлөгөндөр улап кетишти.

Сыртка чыктым. Сырттагылар ичте эмне болуп атат дегендей, Акүйдү жарданып карап турушат. Аскар Акаевдин басма сөз кызматында иштеген тааныш жигит жолукту. Эл менен аралашып кетип, Акүйдүн кызматкери экени билинбейт. Кантип чыкканын сурадым. Акаевдин пресс - катчысы Абдил Сегизбаев коргонмокчу болуп, тапанчасын көтөрүп чыкканда, андан көрө таяк жегениң оң деп тыйып койгонун, генерал Ногойбаевдин айлакерлиги аркасында кутулуп кеткенин айтып берди.

“Эгеменбиз деп көкүрөк каккан менен бизге жоо тийбей жүрүптүр да” деп кейиди. Тамаша чалып, эсептеп калдык. “Маңдайга жазганды көрдүк” деп Акүйдү алууга башын байлап койгондордун саны ашып барса миң кишидир. Капчыгы калың бирөө жүз доллардан карматса, жүз миң долларга миң киши табылат. Аларды ээрчип жыйырма миң киши жөн эле келет. Революция даяр!

Намыска тийген анекдот эске түшөт. Жумшактатып айтканда мындай. Киллерден сурашат имиш, Акаевге кол салуу үчүн Сизге эмне керек деп. “Бир пачке сигарет” дейт тиги. Назарбаевге кол салуунун баасын сурашат. “Бир рота солдат” деп жооп берет. Каримовго кол салуунун баасын сурашса, “Оо аны ойлонуп көрүү керек” деп жооп кайтарган экен.

Ал аңгыча баш-аламандык башталып, калаанын дүкөн, базарлары талоонго түштү. ББСинин программасы обого чыккан cоң, шаарды аралап көрөлү дегиче болбой, бир таанышым телефон чалып, Жогорку Кеңешке тез келе калышымды өтүндү. Жетип бардым. Жогорку Кеңеште ремонт жүрүп, ичи караңгы. Бир мезгилде Бакиев менен Кулов депутаттардын биринин бөлмөсүнө (Арсланбек Малиевдин иш бөлмөсү болсо керек эле) кирип кетишти.

Эшик бек жабылып, башка эчким киргизилген жок. Каалгасын канча каккылаганы менен Малиевдин өзү да кире албай калды окшойт. Үсөн Сыдыковго гана эшик ачышты. Ал киши биз аз кечигип келди да, “Ачкыла! Мен Үсөн Сыдыковмун!” деп эшикти койгулаганда, эшик агалары эшикти ачып беришти. Сүйлөшүүлөрдү бүтүрүп, бат эле чыга калышты. Тегеректеп турабыз. Экөө маңдай-тескей тура калышып, бир- эки ооз сөз алмашты.

Бакиев Куловго күч органдарын тескөөнү өз колуңа ал деп айтты. Кулов баш ийкеди. “Феликс Шаршенбаевич! Тез чара көрүңүз!” деди аны жандагандардын бири. “Мен … жаңы эле чыкпадымбы, эчтемени билбейм да” деди Кулов өз милдетин өтөөгө баратып.

Бир убакта “Жол! Жол бергиле!” деген бирөөнүн бийик доошу чыкты. Үсөн Сыдыков экен. Курманбек Бакиевди оң колтугунан таяп, жетелеп алган. Эми эмне болуп кетти дегендей, жарданып тургандар экиге жарылып, жол бошото берди. “Жол! Жол ачкыла!” деп Болот Шамшиев сол каруудан алды. Булар бирдеме уюштурганы баратат дедим ичимде. Алар алган багытты баамдай калып, “Жол! Жол! Жол бергиле!” деп, доошту бийик таштаган бойдон мен дагы алдыга түштүм.

Ремонту бүтө элек Жогорку Кеңеш имаратынын эл топураган, караңгы коридорлорунда жол сурап кыйкырып келатабыз. Алдыда мен кыйкырып келатам, артымда Болот Шамшиев. Ага удаа келаткан Үсөн Сыдыков Курманбек Бакиевди колтугунан кармаган бойдон колунан чыгарбайт. Сыдыков менен Шамшиев үндөрүнүн жетишинче кыйкырып коюушат, мен алардан ашыра кыйкырып койом.

Tөлөгөн Касымбеков жазган Кокон хандыгындагы сарай төңкөрүштөрү элестейт. Так ээси качып, мамлекет башсыз, калаадагы талоон - канталамай, талашкандары – так. “Кимдин-кимдин заманы, Болот-хандын заманы!” дегенсип, Жогорку Кеңештин ичинде “Жол! Жол!” деп кыйкырып келе жатабыз. Аргасыздан “Атаңгөрү-ү! Кутумдун эбин тапсаң, так алмаштыруу кеп эмес окшойт” деген ой келет. Арам ойду алыс кууйм, “бул революция, кыргыздын революциясы!” деп койом.

 
 
Атыңыз
Фамилияңыз*
Дарегиңиз
Өлкөңүз
Email
Телефонуңуз*
* Кажет деп тапсаңыз
Пикириңиз
 
  
Сиз тууралуу жеке маалыматтар Би-Би-Си Кыргыз кызматы тарабынан сиздин суроону аткаруу үчүн гана колдонулат.
 
ИЧКИ ЛИНКТЕР
Кыргызстан. Жоогазын революциясы
14 Декабрь, 2006 | Башталгыч бетт
СОҢКУ ЖАҢЫЛЫКТАР
 
 
Досуңа Email аркылуу жөнөт Басып чыгарылуучу нускасы
 
 
 
BBC Copyright Logo ^^ Эң башына кайрыл
 
  Башталгыч бет | Аба ырайы | Программалар | Толкундар
 
  BBC News >> | BBC Sport >> | BBC Weather >> | BBC World Service >> | BBC Languages >>
 
  Жардам | Биз менен байланыш| Жеке маалымат