bbc.co.uk navigation

Чыгыш Азияга кулач жайган англис тили

Соңку жаңыланышы: 22-февраль, 2012 - 16:30 GMT

Чыгыш Азияга кулач жайган англис тили

  • Малайзияда англис тилин үйрөнүүгө умтулган Ширли Чуага окшош энелер, балдарын таңкы саат 4:30та туруп, мектепке жолдошот.
  • Ишкер Шаун Ли өзүнүн интернет компаниясына англис тилин билген адистерди айлап издеген. Адистердин айтымында, мурда Британиянын колониясы болгон Малайзияда көз карандысыздык алгандан бери англис тилин окутуу деңгээли төмөндөп кеткен.
  • Малай балдары азыркы учурда негизинен эне тилинде билим алышат. Сынчылар бул өз кезегинде маалымат технологиясы боюнча адистердин азайышына алып келгенин айтышууда.
  • Малайзиядан айырмаланып, Сингапур англис тилин көз карандысыздыктан кийин дагы мамлекеттик тил катары сактап калган. Дүйнөлүк банк бул өлкөнү бизнести оңой жүгүртүүгө шарты болгон өлкөлөрдүн алдыңкы сабына кошту.
  • Бирок, ошол эле учурда Сингапурдагы улутчулдук сезимдери ойгонуп, синглис, англис гибрит тилдери кыйта грамматикасы менен айкалыштырылды.
  • Кытай өнүккөн сайын сингапурлук Ли Хан Шинге окшош ишкерлер англис да, мандарин да тилин билген кош тилдүүлөргө муктаж болууда. Ал Кытай компаниялары күчтөнгөн сайын, англис тилинин куну АКШ доллары сымал төмөндөп бара жатат деп эсептейт.
  • Бирок, мандарин тили Въетнамда англис тили менен атаандаша албайт. Бул жерде Кытайга каршы маанайлар күч алган. Көптөгөн көчөлөргө Кытайга каршы турган генералдардын ысымдары ыйгарылган.
  • До Нат Намга окшош жаш въетнамдыктар, англис тилин "душмандын тили" деп санагандын ордуна, аны үйрөнүүгө бел байлаган. Көптөгөн Въетнам атуулдары АКШ согушунда жакындарын жоготконуна карабастан, англис тилине кек сактабайт.
  • Айрым въетнамдыктар болсо, англис тилин үйрөнүүнү эркиндикке умтулуу менен салыштырышат. Анткени бул өлкөдө өкмөт медианы катуу көзөмөлгө алган.
  • Въетнамдын сулуу жылдызы Май Лин дагы англис тилин үйрөнүп жатканын фейсбукта билдирген. Себеби анын балдары эне тилин унутуп, англисчеге өтүп алышкандыктан, көңүлдөнүдөй баарлаша албай калган.

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.