bbc.co.uk navigation

Африкадагы кургакчылыктын сүрү

Соңку жаңыланышы: 24-январь, 2012 - 14:48 GMT

Африкадагы кургакчылык

  • Кургакчылык Африка мүйүзү аймагындагы 13 миллион адамдын өмүрүнө дагы деле коркунуч келтирип турган кези. Фотосүрөтчү Алехандро Чейскелберг Оксфам уюму менен аймакта болуп, катаал жашоо-турмуштун сүрөтүн тартып келген.
  • Энелерге жер иштетүүгө жардамдашуу Оксфамдын долбоорлорунун бири.
  • Турката аймагындагы Элизабет сегиз баласы менен бирге жан сактайт. Анын күйөөсү көз жумган.
  • Кургакчылыкка туруштук берүү оңой эмес.
  • Өкмөттөр жана эл аралык коомчулук аймактагы кризисти алдын алуу мүмкүнчүлүгү бар дешет байкоочулар.
  • Селина Напатеттин үй-бүлөсү кургакчылык мезгилинде катуу жабыр тарткан. Балдары күнүнө бир гана жолу тамактанып калганын айтып берген. Азыр багбанчылык долбоору ага жөлөк болууда.
  • Жон аттуу бул киши Ломеку айлынын тургуну. Анын эки аялы жана 10 баласы бар.
  • Сүрөтчү Алехандро Чейскелберг бул сүрөттөрдү тартууда атайын көркөм жарыктарды колдонгон.

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.