Легендарлуу мушкер Мухаммед Али

Соңку жаңыланышы: 17-январь, 2012 - 13:54 GMT

Легендарлуу мушкер Мухаммед Али

  • Дүйнөнүн мурдагы көп жолку чемпиону. Айтылуу мушкер Мухаммед Али 70 жашка чыкты.
  • 1960-жылдардын аягы. Томас Копкер атактуу мушкердин сүрөтүн тарткан.
  • Ка́ссиус Марце́ллус Клэй 1942 жылы 17-январда төрөлгөн. 1964-жылы ал ислам динин кабыл алып, ысымын Мухаммед Али деп өзгөрткөн.
  • Рингдеги шамдайгалыгы Алини дүйнөнүн эң таанымал спортчусуна айлантты.
  • Оор салмактагы бокс таймашында дүйнөнүн үч жолку чемпиондугуна жетишкен. Расалык жектөө жана Въетнам согушуна каршы өнөктүккө катышкан.
  • Алинин бокстон тышкаркы жашоосу дагы 20-кылымдагы замандаштары үчүн өрнөк болгон.
  • 1996-жылы ал ардактуу Олимпиа алтын медалын алган. Атлантада өткөн Олимп оюндарынын отун жаккан эле.
  • Соңку жылдары Мухаммед Али паркинсон илдетине чалдыккан. Бул бокс таймаштары учурунда алган соккулардан пайда болгону айтылган.
  • Өзү жөнүндө "Тирүү жүргөн бир да киши Мухаммед Алини мат кылып, муштай албайт", - деп айтканы бар.
  • Эң улуу боксер атыкты.

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.