bbc.co.uk navigation

Лондон Олимпиадасынын спорт ареналары

Соңку жаңыланышы: 16-январь, 2012 - 16:16 GMT

Лондон Олимпиадасынын спорт ареналары

  • Лондондун чыгыш тарабындагы Стратфорд. Олимпиа стадионунун түштүк дарбазасы көрүүчүлөр үчүн ачык. Фото: Жейсон Хоукс
  • Дизайны Ирак архитектору Заха Хадид тарабынан түзүлгөн Акваборбор. Имараттын эки канатындагы олтургучтар олимпиа оюндарынан кийин алынып салынат. Автору белгиленбеген сүрөттөр: Getty/London 2012
  • Төшөккө окшош баскетбол аренасы. 12 миңге чейин көрүүчүнү кабыл ала алат. Олимпиа оюндары учурунда баскетбол жана гандбол таймаштары өтүүчү жер.
  • 2011-жылдын февраль айында бүтүрүлгөн велодром - Олимпиа паркынын биринчи жаңы объектиси болуп калды.
  • Олимпиа паркынын түндүк-батыш бурчундагы хоккей борбору. Коруктары жапыс салынган. Паралимпиада оюндарында дагы колдонулмакчы. Фото: Populous
  • Гандбол аренасы 2011-жылы текшерүү оюнунан өткөн. Бир нече жолу гандбол боюнча достук беттешүүлөрү орун алган. Олимпиа оюндарынан кийин Паралимпиада оюндары үчүн дагы ачык болот.
  • Оюндардын бир катары Олимпиа паркынан сырткаркы жерлерде өтөт. Баш калаанын чок ортосундагы Гайд-паркта, маслен, триатлон боюнча мелдештер өтмөкчү.
  • Уайтхолдогу ат гвардиясынын майданында пляж волейболу үчүн убактылуу арена тургузулган. Уюштуруучулар мындай убактылуу объектилер Лондондун спортко жакын шаар экенин көргөзөт деп ишенишет.
  • Жаа атуу боюнча таймаштар Лордс крикет стадионунда өтөт.
  • Лондондун түштүк-чыгышындагы Гринвич паркында ат салышуу болмокчу. Бул парк ЮНЕСКОнун баалуу мурстар тизмесине кирген.
  • Вулич портунун аскерий тарыхы терең. 1776-жылдан баштап, бул жерде королдук артиллерия казармасы курулган. Эми бул жерде ок атышуу жана жаа тартуу боюнча мелдештер өтөт.
  • Король Генрих VIIIнин Хэмптон-Корт сарайы велосипед жарышына даярдалды.
  • Лондондогу белгилүү Уимблдон аттуу теннис клубу, Уимблдон таймашы аяктагандан саналуу күндөрдөн кийин эле Олимпиа оюндарына келген теннисчилерди кабыл алат.
  • Жогорудан саат жебеси боюнча: Уэмбли стадионунда футбол бетешүүлөрү, "Эксел" иш борборунда бокс, дзюдо, стол тенниси, оор атлетика жана күрөш, Түндүк Гринвич аренасында көркөм гамнастика жана баскетбол, Эрлс-Корт көргөзмө залында волейбол оюндары өтөт.
  • Лондондун тышындагы Дорни көлүндө кайык жарышы болот.
  • Эссекстеги Хедли-Фарм кыя жолдорунда велосипед жарышы.
  • Ли дайрасындагы суу спорту боюнча борбор.
  • Веймут жана Портлендде желкайык таймашы.
  • Лондон Олимпиадасы 25-июлда Кардиффтеги аялдар футболу менен башталат. Футболдук бетешүүлөр андан тышкары Глазго, Ньюкасл, Ковентри жана Манчестерде өткөрүлөт.

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.