bbc.co.uk navigation

Олимпиа оюндарынын медалдары

Соңку жаңыланышы: 12-январь, 2012 - 17:50 GMT

Жайкы оюндар

1896
1900
1904
1908
1912
1920
1924
1928
1932
1936
1948
1952
1956
1960
1964
1968
1972
1976
1980
1984
1988
1992
1996
2000
2004
2008
2012
Салыштыруу үчүн 1 евро теңгеси

Афина 1896

Афина 1896
  • Калыңдыгы: 3.8 мм
  • Диаметри: 48мм
  • Салмагы: 47 гр
  • Саны: 100
  • Дизайнери: Жюль Клеман Шаплен

Заманбап Олимпиа оюндарынын туңгуч жеңүүчүлөрү алтын медалдын ордуна күмүш медаль алышкан. Экинчи орундагыларга жез медаль берилген. Анын бетине жеңиштин кудайы - Никаны кармап турган Зевс чегилген. Артына Акрополдун элеси түшүрүлгөн.

Париж 1900

Париж 1900
  • Калыңдыгы: 3.2мм
  • Диаметри: 59 ммге 41мм
  • Салмагы: 53 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Федерик Вермон

Олимпиа тарыхында биринчи жолу алтын, күмүш жана коло медаль берилген жана бул медалдардын калыбы төрт бурчтук болгон. Бетине Ника чегилип, артына жеңүүчү-атлеттин элеси тартылган.

Сан-Луис 1904

Сан-Луис 1904
  • Калыңдыгы: 3.5мм
  • Диаметри: 37.8мм
  • Салмагы: 21 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Dieges жана Clust компаниясы

Медалдын алдыңкы бетинде спортчу жеңиштин символун кармап турат. Аны менен бирге байыркы Олимпиа спортчуларынын өкүлдөрү. Ника арткы бетинде.

Лондон 1908

Лондон 1908
  • Калыңдыгы: 4.4 мм
  • Диаметри: 33 мм
  • Салмагы: 21 гр
  • Саны 250
  • Дизайнери: Бертрам Маккенал

Англиянын королу Джордж V теңгелерин жана мөөрлөрүн чеккен австралиялык скульптор Бертрам Маккенал жеңүүчүгө таажы кийгизген эки аялдын элесин тарткан. Артында, Англиянын ыйыгы - Джордж.

Стокгольм 1912

Стокгольм 1912
  • Калыңдыгы: 1.5 мм
  • Диаметри: 33.4 мм
  • Салмагы: 24 гр
  • Саны: 90
  • Дизайнери: Бертрам Маккенал/Эрик Линдберг

Стокгольм Олимпиадасынын медалдарында ачылышты даңазалаган чабарман жана белгилүү швед гимнасты Пер Хенрик Линк чегилген.

Антверпен 1920

Антверпен 1920
  • Калыңдыгы: 4.4 мм
  • Диаметри: 59 мм
  • Салмагы: 79 гр
  • Саны: 450
  • Дизайнери: Хосе Дюпен

Белгия медалынын арткы бетинде мифологиялык каарман Сильвиус Брабо чегилген. Уламышта Брабо элге салык салып тоногон дөөнүн колун кесип, Антверпендеги Шельд дайрасына ыргыткан деп айтылат.

Париж 1924

Париж 1924
  • Калыңдыгы: 4.8 мм
  • Диаметри: 55 мм
  • Салмагы: 79 гр
  • Саны: 304
  • Дизайнери: Андре Риво

Биринчи бетинде жеңилген атаандашын жөлөп таяган спортчу. Экинчи тарабында спорт жабдуулары жана маданий Олимпиаданы ишаарат кылган арфа.

Амстердам 1928

Амстердам 1928
  • Калыңдыгы: 3 мм
  • Диаметри: 55 мм
  • Салмагы: 66 гр
  • Саны: 254
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Лос Анжелес 1932

Лос Анжелес 1932
  • Калыңдыгы: 5.7 мм
  • Диаметри: 55.3 мм
  • Салмагы: 96 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Берлин 1936

Берлин 1936
  • Калыңдыгы: 5.7 мм
  • Диаметри: 55 мм
  • Салмагы: 71 гр
  • Саны: 320
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Лондон 1948

Лондон 1948
  • Калыңдыгы: 5.1 мм
  • Диаметри: 51.4 мм
  • Салмагы: 60 гр
  • Саны: 300
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Хельсинки 1952

Хельсинки 1952
  • Калыңдыгы: 4.8 мм
  • Диаметри: 51.4 мм
  • Салмагы: 46.5 гр
  • Саны: 320
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Мельбурн 1956

Мельбурн 1956
  • Калыңдыгы: 4.8 мм
  • Диаметри: 51.4 мм
  • Салмагы: 68 гр
  • Саны: 280
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Рим 1960

Рим 1960
  • Калыңдыгы: 6.5 мм
  • Диаметри: 68 мм
  • Салмагы: 211 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Медалдын дизайны мурдагыдай калганы менен, анын тегерегине ларв жалбырагынан турган чамбардын элеси түшкөн. Алды менен арты орун алмашкан.

Токио 1964

Токио 1964
  • Калыңдыгы: 7.5 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 62 гр
  • Саны: 314
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли/Тошикака Кошиба

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Мехико 1968

Мехико 1968
  • Калыңдыгы: 6 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 130 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Скульптор жана сүрөтчү Жузеппе Кассиоли Эл аралык Олимпиа Комитетинин медаль дизайны боюнча конкурсун жеңип алган. Бул дизайн 1928-жылдан 1968-жылга чеийнки медалдардын калыбы болуп калган.

Биринчи бетинде жеңиш кудайы Ника жеңүүчүнүн тажысы жана пальма жалбырагын кармап турат. Артында жеңүүчүнү көпчүлүк колго көтөрүп алган.

Мюнхен 1972

Мюнхен 1972
  • Калыңдыгы: 6.5 мм
  • Диаметри: 66 мм
  • Салмагы: 102 гр
  • Саны: 364
  • Дизайнери: Герхард Маркс

Акыркы 44 жыл ичинде биринчи жолу медалдын арткы тарабы өзгөдү. Баухауз агымынын өкүлү Герхард Маркс Леданын балдары, мифологиялык эгиздер - Кастор менен Поллукстун элесин түшүрөт. Бул экөөнүн аталары башка-башка - бири шах Тиндарей жана Зевс деп айтылат.

Монреаль 1976

Монреаль 1976
  • Калыңдыгы: 5.8 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 154 гр
  • Саны: 420
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Медалдын дизайнында минимализм тенденциясы сакталат. Лавр жалбырагы чамбары жана Олимпиада өткөргөн шаардын эн белгиси түшүрүлгөн.

Москва 1980

Москва 1980
  • Калыңдыгы: 6.8 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 125 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли/Илья Постол

Олимпиада өткөрчү шаардын эн белгисин медалдын арткы бетине түшүрүү идеясы сакталат. Олимпиа стадионунун жана отунун элеси кошулган.

Лос-Анжелес 1984

Лос-Анжелес 1984
  • Калыңдыгы: 7.9 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 141 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Медалдын эки тарабында Кассиолинин үлгүсү сакталат. Ага кошумча америкалык дизайнер Дугальд Стермер өзүнүн идеяларын киргизет.

Сеул 1988

Сеул 1988
  • Калыңдыгы: 7 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 152 гр
  • Саны: 525
  • Дизайнери: Жузеппе Кассиоли

Медалдын арткы бетинде кайрадан модернисттик стиль. Оливка жалбырагын тиштеген кептер жана Сеулдун Олимпиадалык логосун чагылдырган байыркы корей эн белгиси.

Барселона 1992

Барселона 1992
  • Калыңдыгы: 9.8 мм
  • Диаметри: 70 мм
  • Салмагы: 231 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Хавьер Корберо

Испаниянын азыркы учурдагы эң белгилүү скульптору Хавьер Корберо Никенин элесин заманбап өздөштүргөн. Медалдын арткы бетинде Барселона эн белгиси. Жер ортолук деңиз, жашыл бөрк, сары күн нуру жана кызыл буттар.

Атланта 1996

Атланта 1996
  • Калыңдыгы: 5 мм
  • Диаметри: 70 мм
  • Салмагы: 181 гр
  • Саны: 637
  • Дизайнери: Malcolm Grear Designers

Салттуу Ника дизайндарына кайтуу. Медалдын артында, Атланта эн белгиси, Олимпия оту жана жылдыздар, графикалык лавр жалбырактары.

Сидней 2000

Сидней 2000
  • Калыңдыгы: 5 мм
  • Диаметри: 68 мм
  • Салмагы: 180 гр
  • Саны: --
  • Дизайнер: Войцех Пьетраник

Сынчылар медалдардын биринчи бетинде Грек белгилеринин ордуна Рим Колизейи түшүп калганын белгилешкен. Австралиялык теңге дизайнери Войцех Пьетраник медалдын арткы тарабына Сидней опера театрынын жана Олимпия отунун элесин сызган.

Афина 2004

Афина 2004
  • Калыңдыгы: 5 мм
  • Диаметри: 60 мм
  • Салмагы: 135 гр
  • Саны: 1130
  • Дизайнер: Елена Вотси

Гректер Ника кудайынын элесине жаңы түс беришти. Бул жолку монетада ал 1896-жылкы заманбап оюндардын стадиону Панатинаикоско учуп келип, эң күчтүү, эң ылдам жана эң мыктыларга мөрөй берет.

Пекин 2008

Пекин 2008
  • Калыңдыгы: 6 мм
  • Диаметри: 70 мм
  • Салмагы: 200 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Юнь Сяо

Грек кудайы жана стадиону биринчи бетте сакталат. Арткы бетте Кытайдын маданиятын белгилеген баалуу ташы - нефриттин элеси бар.

Лондон 2012

  • Калыңдыгы: 7 мм
  • Диаметри: 85 мм
  • Салмагы: 400 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Дэвид Уоткинс

Жайкы Олимпиада оюндарынын тарыхындагы эң көлөмдүү медалдар. Дэвид Уоткинс алдыңкы беттеги негизги элементтер Ника кудайы жана Лондондун эн белгиси болгон Темза дайрасы экенин түшүндүргөн. Арткы бетинде, 2012-жылдагы оюндардын брэнди, заманбап шаар жана өнүгүүнү билдирет. Темза дайрасы майрамдын шаанисин билдирип, так ортодон өтөт. Арткы фонунда байыркы амфитеатр.

Кышкы оюндар

1924
1928
1932
1936
1948
1952
1956
1960
1964
1968
1972
1976
1980
1984
1988
1992
1994
1998
2002
2006
2010
Салыштыруу үчүн 1 евро теңгеси

Шамони 1924

Шамони 1924
  • Калыңдыгы: 4 мм
  • Диаметри: 55 мм
  • Салмагы: 75 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Раул Бернард

Медалда Монбландын бет маңдайында турган лыжачан жана конькичен спортчулар. Бир бетинде Раул Бернардын кол тамгасы.

Санкт-Мориц 1928

Санкт-Мориц 1928
  • Калыңдыгы: 3 мм
  • Диаметри: 50.4 мм
  • Салмагы: 51 гр
  • Саны: 31
  • Дизайнери: Арнольд Хунервадель

Норвегиянын жылдызы Соня Хени бул оюндарда биринчи жолу коньки боюнча алтын медаль алат. Медалдын өзүндө дагы буттарын муз үстүндө ойнотуп, кар чачыраткан кыздын элеси.

Лейк-Плэсид 1932

Лейк-Плэсид 1932
  • Калыңдыгы: 3 мм
  • Диаметри: 55 мм
  • Салмагы: 51 гр
  • Саны: 35
  • Дизайнери: --

Айланасы иймек тегерек медалда Ника кудайы тоодон көрүнүп, Олимпиа стадиону жана лыжа секириги тартылган.

Гармиш-Партенкирхен 1936

Гармиш-Партенкирхен 1936
  • Калыңдыгы: 4 мм
  • Диаметри: 100 мм
  • Салмагы: 324 гр
  • Саны: 36
  • Дизайнери: Рихард Кляйн

Үчүнчү рейхтин сүймөнчүк дизайнери Рихард Кляйн медалга Ника кудайынын үч күлүк коштолгон ат арабасында келатканын тарткан. Ал кышкы спорттун шаймандары катылган аркага багыт алууда.

Санкт-Мориц 1948

Санкт-Мориц 1948
  • Калыңдыгы: 3.8 мм
  • Диаметри: 60.2 мм
  • Салмагы: 103 гр
  • Саны: 51
  • Дизайнери: Пол-Андре-Дроз

Кар булалары балмуздак кутусуна окшош Олимпиа оту менен кайтып келди. Урааны - тездик, бийиктик, күчтүүлүк.

Осло 1952

Осло 1952
  • Калыңдыгы: 3 мм
  • Диаметри: 70 мм
  • Салмагы: 137.5 гр
  • Саны: 48
  • Дизайнери: Васос Фалиреус, Кнут Йяван

Медалдын арт тарабында Осло калаасында эки жыл мурда ачылган сыймыктуу имараттын сүрөтү. Бул курулуш Олимпиа оюндарынын эн белгиси болуп калды.

Кортина-д’Ампеццо 1956

Кортина-д’Ампеццо 1956
  • Калыңдыгы: 3 мм
  • Диаметри: 60.2 мм
  • Салмагы: 120.5 гр
  • Саны: 40
  • Дизайнери: Константино Аффер

Миландык дизайнер Константино Аффер Олимпиа шакектери менен "кыялдагы аялын" тарткан. Медалдын арткы тарабында тоо чокусунан учкан кар.

Скво-Вэлли 1960

Скво-Вэлли 1960
  • Калыңдыгы: 4.3 мм
  • Диаметри: 55.3 мм
  • Салмагы: 95 гр
  • Саны: 60
  • Дизайнери: Жоунс Херфф

Медалда жаш спортчулардын келбети берилген. Арткы тарабындагы ылдый жактагы боштук спорт түрүнүн аталышына калтырылган.

Инсбрук 1964

Инсбрук 1964
  • Калыңдыгы: 4 мм
  • Диаметри: 72 мм
  • Салмагы: 110 гр
  • Саны: 61
  • Дизайнери: Артур Цеглер, Марта Куфаль

Эки дизайнер медалдын эки тарабын өз алдынча бөлүп иштеген. Марта Куфаль маселен, биринчи бетке Торлауф тоолорун түшүргөн. Артур Цеглер экинчи бетке Олимпиа шакекчелери менен Инн дайрасынын үстүндөгү көпүрө тартылган шаардын эн белгисин жуурулуштурган.

Гренобль 1968

Гренобль 1968
  • Калыңдыгы: 3.3 мм
  • Диаметри: 61 мм
  • Салмагы: 124 гр
  • Саны 250
  • Дизайнери: Рожер Экскоффон

Дизайнер Рожер Экскоффон медалдын биринчи тарабына кар буласын жана Греноблдын кызыл роза эн белгисин түшүргөн. Экинчи тарабында ар бир спорт түрүнүн пиктограммасы.

Саппоро 1972

Саппоро 1972
  • Калыңдыгы: 5 мм
  • Диаметри: 57.3 мм ге 61.3 мм
  • Салмагы: 130 гр
  • Саны: 89
  • Дизайнери: Яги Казуми/Икко Танака

Бир жагында кардагы сызыктар. Экинчи тарабын Икко Танака тартып, чыгып бара жаткан күн, кар буласы жана заманбап шакекчелерди чагылдырган.

Инсбрук 1976

Инсбрук 1976
  • Калыңдыгы: 5.4 мм
  • Диаметри: 70 мм
  • Салмагы: 164 гр
  • Саны: 71
  • Дизайнери: Артур Цеглер, Марта Куфаль

Марта Куфаль кайрадан Инсбрук эмблемасын жана шакекчелерди сактаган. Арткы бетинде Альп тоолору жана Олимпия оту.

Лейк-Плэсид 1980

Лейк-Плэсид 1980
  • Калыңдыгы: 6.1 мм
  • Диаметри: 81 мм
  • Салмагы: 205 гр
  • Саны: 75
  • Дизайнери: Tiffany & Co. New York

Бул жерде лавр чамбарынын ордуна карагай бутактары. Арткы бетинде Адирондак тоолору менен Лейк-Плэсид эн белгиси жуурулушат.

Сараево 1984

Сараево 1984
  • Калыңдыгы: 3.1 мм
  • Диаметри: 71.1 мм ге 65.1 мм
  • Салмагы: 164 гр
  • Саны: 95
  • Дизайнери: Небойша Митрич

Небойша Митричтин бийик дизайнында, оюндардын кар буласы, ал эми биринчи бетинде башына лавр бутагынан жасалган таажы тагынган спортчу.

Калгари 1988

Калгари 1988
  • Калыңдыгы: 3 мм
  • Диаметри: 69 мм
  • Салмагы: 193 гр
  • Саны: 89
  • Дизайнери: Фридрих Петер

Кышкы спорт шаймандарынан турган таажыны кийген индеец. Жалбыракты элестеткен кар буласы "С" тамгасын жазып, англис тилиндеги Калгари жана Канаданын баш тамгасын түшүндүрөт.

Альбервилль1992

Альбервилль1992
  • Калыңдыгы: 9.1 мм
  • Диаметри: 92 мм
  • Салмагы: 169 гр
  • Саны: 89
  • Дизайнери: Lalique

Кышкы оюндарга медаль жасоодо биринчи жолу башкача материал колдонулган: Колго жасалган айнекке алтын оролгон. Олимпиа шакекчелери Альбервилль тоолорунун алдында.

Лиллехаммер 1994

Лиллехаммер 1994
  • Калыңдыгы: 8.5 мм
  • Диаметри: 80 мм
  • Салмагы: 131 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Ингъерд Ханевольд

Ингъерд Ханевольд норвегиялыктардын жаратылышты сүйөөрүн даңазалап, негизги материал катары гранитти тандап алат. Ал лыжачы шайдооттук, сергектик жана өзгөчөлүктү чагылдырат деп ишенген.

Нагано 1998

Нагано 1998
  • Калыңдыгы:8 мм
  • Диаметри: 80 мм
  • Салмагы: 261 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Кисо Курасино/Когеи Музей

Салттуу "медалдын ичиндеги медаль" ыкмасы колдонулган. Гүлдүн ичинде спорттун түрлөрү тартылган. Арткы бетинде дагы гүлдүн ичинде Олимпиа спортчулары.

Солт-Лейк-Сити 2002

Солт-Лейк-Сити 2002
  • Калыңдыгы: 10 мм
  • Диаметри: 85 мм
  • Салмагы: 567 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Скотт Гивен, Axiom Design

Эң салмактуу медалдардын бири Юта дайрасынын түбүндөгү таштарады сүрөттөйт. Арткы бетиндеги дизайн өзгөргөн - Ника ар бир спорттун түрү боюнча жеңүүчүнү кучагына алат.

Турин 2006

Турин 2006
  • Калыңдыгы: 10 мм
  • Диаметри: 107 мм
  • Салмагы: 469 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Дарио Кватрини

Медалдын ортосунда Олимпиа шакекчесин жана Италия пиццасын элестеткен тешик бар. Дизайнер бул медаль жеңүүчү мойнуна такканда жарашыктуу болот деп эсептегет.

Ванкувер 2010

Ванкувер 2010
  • Калыңдыгы: 6 мм
  • Диаметри: 100 мм
  • Салмагы: 576 гр
  • Саны: --
  • Дизайнери: Коррин Хант, Омер Арбель

Медалда Вакувердин тоолу жерлери чагылдырылган. Кооз орнаменттер колдонулган. Артында Олимпиа оюндарынын эмблемасы - инукшук. Медалдын өзөгүн электрондук буюмдардын таштандысынан алынган металл түзөт.

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.