2011-жыл өттү. Сүрөттөрү калды

Соңку жаңыланышы: 29-декабрь, 2011 - 15:24 GMT

2011-жыл өттү. Сүрөттөрү калды

  • 25-январда башталган Египет козголоңунда Хосни Мубарактын бийлигине каршы чыккан миңдеген көтөрүлүшчүлөр Каирдин Тахрир аянтын ээлеп алышты. Алардын бул демилгеси Александрияда, Суецте жана Исмилиада колдоого алынды. Козголоңчулар менен полициянын ортосунда тирешүү күчөп, суу канонадасы менен көздөн жаш актырган газ атылды. Буга карабай, бир нече күнгө созулган көтөрүлүш Хосни Мубарактын бийлигин кулатты.
  • Рио-де Жанейродо февраль айында өрт чыгып, миңдеген карнавал кийимдери күйүп кеткенине карабай, көчө бийлери мурдагыдай эле дем менен башталды.
  • Ливиядагы Муаммар Каддафинин бийлигине каршы козголоң февраль айында башталып, бир нече айга созулду. Миңдеген атуулдар курман болуп, акыры Муаммар Каддафи колго түштү жана өлтүрүлдү. Сүрөттө Ливиянын куралчан адамы Рас Лануфтагы мунай заводун текшерүүдө.
  • Япониянын түштүк-чыгышында 8-9 балл өлчөмүндө жер титирөөдөн келип чыккан цунами миңдеген өмүрлөрдү алды. Фукусима өзөктүк борборундагы жарылуунун кесепети алигиче уланууда.
  • Пил сөөгүнүн жээги өлкөсүндөгү шайлоодон кийин келип чыккан башаламандыктан улам бийликтен сүрүлгөн президент Лаурент Гбагбо аскерий кылмыш кылды деген айып менен Эларалык сотко өткөрүлдү.
  • Казакстандын Байконурунан “Союз” ракетасы учурулуп, ал эларалык спутникке атайын тетиктерди ташып кетти. Бул ракетага космоско адамдын учушунун 50 жылдыгынан улам Юрий Гагарин деген ат коюлду.
  • Дүйнөнүн булуң-бурчунан жана Англиянын өзүнөн 500 миңдей адамды Буккингем сарайына топтогон Принц Вильям менен Кейт Миддлтондун алгачкы өбүшүүсү.
  • Америка президенти Барак Обама баш болгон коопсуздук кызматынын “лөктөрү” Пакистандагы эларалык террордун лидери делген Усама-бин Ладенди өлтүрүү операциясын спутниктен көрүп жатышат. Муну көргөндөр “ар бир мүнөт бир күндөй узун болду” деген.
  • 2014-жылы футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтө турган Рио-де Жанейронун чет жагында баңги зат соодасын жүргүзгөндөргө каршы тазалоо операциясы жүрдү.
  • Пакистан өз аймагынан Афганистанга өткөн НАТОнун унааларынан салык алгысы келет. Акыркы мезгилде согушчандар бул унааларга тез-тез кол сала башташты.
  • Август айынын башында Лондондо көчө башаламандыгы жана анын артынан талап-тоноолор келип чыкты. Ага полициянын бир адамга ок атуусу себепкер болду. Окуяда көптөгөн дүкөндөр жабыр тартышты.
  • Кабулдагы “Интерконтиненталь” аттуу мейманканасына жанкечти согушчандар кол салып, НАТОнун аскерлери жүргүзгөн согуштук операция беш сааттан ашуун убакытты алды. 11 атуул, эки полиция жана 9 согушчан өлдү.
  • 22-июлда Андрей Брейвик аттуу Норвегия атуулу Ослодо жардыруу уюштуруп 8 адамды, Утоя аралына барып, ал жакта эс алып жаткан 66 өспүрүмдү атып өлтүрдү.
  • Америкада май айында Эларалык Валюта Фондунун төрагасы Доминик Стросс-Каннга мейманканадагы кызматчы аялды зордуктоого аракет кылды деген айыбы коюлуп, кызматынан айрылды жана камакка алынды. Ал өз мекенине үч айдан кийин кайтты.
  • АКШ. 11-сентябрда 2001-жылдагы каргашалуу теракттын 10 жылдыгы белгиленди.
  • Греция парламенти өлкө бюджетине чектөө коюу жана мамлекеттик карыздар боюнча мыйзамды кабылдап, пенсия, айлыктар азайтылды. Өлкөдө нааразылык толкундоолор келип чыгып, полиция менен кагылышуу болду.
  • Дүйнөлүк каржы кризисинен улам “Волл стритти ээлеп алуу” акциясы Нью-Йорк баш болгон дүйнөдөгү чоң шаарларда болду.
  • 2011-жылдын 30-октябрында Кыргызстан калкы кезектеги президентин шайлады. Жаңы президент Алмазбек Атамбаев бийлик талашуу илдетинен алыс болууга убада берди.
  • Ноябрь айында дүйнө алты миллиардынчы баланын төрөлүшүн белгиледи. Кыргызстанда дагы бул күнү наристелер төрөлдү, ак бешикке бөлөндү...
  • Тайландда 50 жылдан берки эң чоң сел жүрүп, 500 миң адам каза тапты. Муссон жааны үч айга уланып, өлкөнүн дээрлик бардык аймагын суу басты.
  • 23-октябрда Түркиянын Эржиш, Ван аймагында жер титирөө болуп, 550 киши каза тапты. Сүрөттө зилзаладан болгондон эки күн өтүп тирүү табылган эки апталык Азра Карадуман.
  • Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир жүрөгү кармап көз жумду. Миллиондогон кореялыктар аза күттү.

bbc.co.uk navigation

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.