bbc.co.uk navigation

Борбор Азияга Европадагы көз караш

Соңку жаңыланышы: 23-сентябрь, 2011 - 09:07 GMT

Медиа ойнотуу

Тарыхчы Тынчтыкбек Чоротегин менен маек.

Угууmp3

Бул видео/аудиону ойнотуш үчүн Флеш-плейердин туура версиясы керек.

Плэйерден ойнотуу

Британиянын Кебридж Университетинде “Борбор Азияны изилдөө боюнча Европалык коом” деген уюмдун 12-жыйыны өттү.

Дүйнөнүн туш тарабынан тарыхчылар жана окумуштуулар чакырылган бул жыйында, Борбор Азияда улуттук аң сезимди таануу кандай деңгээлде, Советтер союзу ыдырагандан кийин бул өлкөлөрдөгү атуулдар өздөрүн чындыгында эле эркин өлкөдө жашап жатабыз деп эсептешеби же коммунисттик системанын таасирлери дагы деле сакталып калдыбы? – деген суроолордун айланасында талкуулар жүргөн.

Жыйынга бир катар Кыргызстандык эксперттер дагы катышкан. Алардын бири журналист, "Азаттык" радиосунун мурдагы директору, тарых илимдеринин доктору Тынчтыкбек Чоротегин Би-Би-Синин Лондондогу студиясында маек берди.

Европа өлкөлөрү, Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстанды дайым Афганистандын призмасы менен карап, бул өлкөлөрдүн негизги ролу ошол эле деген пикирлерди айтып жүрүшөт. Айрымдар бул жөн гана мурдагы советтик республикалар, Орусиянын таасиринен таасиринен чыга элек деген жүйөөлөрдү дагы көп айтышат.

Сиз катышкан Кэмбриджеги жыйында Борбор Азиянын глобалдык ролу жөнүндө, маданияты, экономикасы жана тархы жөнүндө кандай кызыктуу маалыматтар айтылды? - деген суроо салынды.

More Multimedia

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.