Би-Би-Си угармандарынын пикирлери
Би-Би-Синин Кыргыз программасында чагылдырган окуялар боюнча берүү обого чыгып жаткан учурда угармандардан келип түшкөн кыскача пикирлер.
УГАРМАНДАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ БИ-БИ-СИ ДҮЙНӨЛҮК КЫЗМАТЫНЫН
ПОЗИЦИЯСЫН БИЛДИРБЕЙТ
30-январь,2012

"Манас" аба майданындагы АКШнын транзиттик борбору
Бактыбек, Өзгөн району:
-АКШ тарнзиттик борборунун 2014-жылга чейин турганы эле жакшы. Анткени америкалыктар чыгып кетсе, башка бир кызыктар күчтөр пайдаланып, Крыгызстанга коркунуч келтириши мүмкүн.
Базаргүл, Ош шаары:
-Бизге сөзсүз коркунуч келет. Обама Иранга согуш ачышыбыз мүмкүн деди. Иран болсо кайсыл жактан ок чыгарса ошол жакка жооп кайтарабыз деди. Андыктан 2014-жылды күтпөй эле чыгарыш керек.
Назгүл, Ош шаары:
-Эгер бир коркунуч боло турган болсо биз курмандык болуп кала беребиз. Жерибизге зыян келип жетет ошондуктан транзиттик борбордун мындан ары калышына каршыбыз.
Абдиназар:
-АКШнын транзиттик борборун калтырууга такыр мүмкүн эмес. Өлкө тагдырын тобокелге салып жатабыз. Ооганстанда эмне болгонун көрүп атабыз, эгер АКШ Иранга кол сала турган болсо борбор шаарбыз кандай коркунучта калат? Акылым дагы жетпейт...
25-январь, 2012
Шаршеев, Бишкек шаары:
-Балдардын чет өлкөгө алынып кетишине каршыбыз. Аларды алып кетип, дене органдарын сатышат жана сабашат деп угуп жатабыз.
Муса, Балыкчы шаары:
-Илгери ата-бабаларыбыз жетим-жесирди башка урууга бергенди намыс көрчү. Азыр кыргыз эли балдарын бага албай чет өлкөгө берип жатканы уят иш.
Бактыбек Дөөлөтов, Өзгөн району:
-Биздин балдарды чет өлкөлүктөргө бербей эле өзүбүздүн баласыз жүргөн жарандарга бериш керек.
Сагымбаев Токтобек, Кочкор району:
-Абактагылар мамлекетке ультиматум коюп жатат, мамлекетти мурдунан жетелеп алгысы келип жатышат. Аларга тикеден тике каршы туруш керек.
Гүлбүбү, Бишкек шаары:
-Ооздорун тиккендерди бирөө башкарып атат. Мен Байзаковду колдойм. Абактагыларды тартипке салыш керек.
Өмүрзак, Кызыл-Суу:
-Биздин ооруканада жаткандарга күнүгө 40 сомдон бөлүнөт. Түрмөдөгүлөргө 70 сомдон бөлүнөт. Эми эмне түрмөдө курорттун шарттарын түзүп бериш керекпи, ушуну ойлоп ким жооп берет буга?
30-май, 2011
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Эмне үчүн укук маселесине келгенде ошол эле дунган, өзбек жана башка улуттар биринчи болуп чыгышат. Ал эми мекенди коргоого келгенде альтернативдүү деп, аскердик билетти сатып алып кутулуп кетишет.
Тургунбай. Ош:
Бул маселени коомчулукка алып чыгуунун кереки жок. Анткени бул улут аралык маселени дагы бир жолу козгоп жатпайбы. Андыктан бул багытта туура иш алып барып, жаштарды армияга тартуунун программасын иштеп чыгуу керек.
Гүлбүбү. Бишкек:
Кыргызстанда 80ден ашуун улуттун өкүлдөрү жашайт. Мына ушул улуттун өкулдөрүнүн баары мекенди коргоо үчүн армияга барса, улут аралык ынтымакты чыңдоого дагы өбөлгө дагы болмок.
Базарбаев:
Кыргызстанда башка улуттар коноктой, эч бир кызыкчылыгы жоктой сезим калтырат. Мына ошондуктан алар кыргыз армиясында кызмат кылууга кызыктар эмес го деген ой кетет.
25 май, 2011
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Ош тараптагы калктын колундагы курал-жарактарды алуу боюнча жалпы мамлекеттик иш жүргүзүш керек. Унутуп койгонго болбойт. Жашыруун иштерди да жүргүзүш керек. Кийин ал куралдарды бири-бирине пайдаланат да.
24-май, 2011

Кыргызстандын желеги
Оңолбек Шаршеев. Бишкек:
Мамлекеттик белгилерди алмаштыралы деген демилге популисттик кадам. Алардын баарын алмаштырууга миллиарддаган каражаттар керек, эл көнүп калды, карталарды алмаштырыш керек. Мунун кереги жок.
Чоробек Байгазаков. Нарын:
Легендарлуу парламентте азыркыдай элдин эсебинен байып алгандар жок болчу. Гимн, туу, гербдер аябай талкууланып кабыл алынган. Азыркы депутаттар кылаарга иши жок, тууга асылып атышат. Элдин убал сообун ойлошсун.
Гүлбүбү. Бишкек:
Тууну алмаштырууну заман оңолгондон кийин карашса болмок. Туудан башка кылаарга иш жокпу. Канча каражат керек, андан көрө элдин жашоо шартын жакшыртып коюп анан муну ойлонушса болмок.
Кудайберген. Бишкек:
Гимнди алмаштыргандын эмне кереги бар, жетишпей турса кантип желекти алмаштырабыз деп жатышат. Андан көрө экономика менен алектенишпейби.
Кабылбеков Токтобек. Токтогул:
Мурдагы легендарлуу парламент 350 киши болчу, алар коомчулуктун пикирин чагылдырчу да. Эми чыгып алып курсагы токтор сүйлөп атышат, желектин, гербдин, гимндин кандай карама-каршылыгы бар? Саясий кырдаал эми турукташып келе жатканда бул бирөөнүн заказы деп ойлойм.
Мүсүралиев. Бишкек:
Азыркы ушундай катуу убакта тууну алмаштыруунун эч кимге кереги жок. Канча миллиондогон акчалар кетет. Ошого кеткен акчаларды пенсиясы, айлыктары аздарга кошуп койсо чоң жардам болмок.
18-май, 2011

Жогорку Кеңеш
Сабира. Бишкек:
Тарых музейин Манас музейине айлантабыз деген сунуштар жүрүп жатат, мен ошого толук кошулам. Биз эгемендүү мамлекет болгондон кийин өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек.
Гүлбүбү. Бишкек:
Өкмөткө рахмат айтабыз, атайын күн катары белгилеп койгонуна. Көптөн бери музейге кирип көрө элекмин. Кыргыздын нукура экспонаттарына эл көбүрөөк кызыгат деп ойлойм.
Биз менен байланыш
* Сөзсүз толтурулчу саптар








