BBC Kyrgyz

Башталгыч бет > Дүйнөлүк жаңылыктар

Италия министрлери эми байлыгын жашырбайт

22-Февраль, 2012 - 12:46 GMT

Италия өкмөтү өлкөдөгү баардык министрлердин жеке финансылык абалы тууралуу маалыматтарды интернет сайтына жарыялоодо. Бул кадам жаңы администрациянын иш-аракеттерин коомчулукка ачык кармоого багытталган.

Өлкөдөгү айрым саясатчылардын бүдөмүк таржымалын эске алганда, бул - кескин бурулуш катары каралууда.

Италиялыктар өз саясатчылары тууралуу адатта ирээнжүү менен кеп кылышат. Атка минерлер көп учурда өлкөнүн эмес, өзүнүн кызыкчылыгын көбүрөөк ойлойт деген көз караш калыптанып калган. Буга өлкөдөгү ар-кыл коррупция чатактары дагы салым кошкон. Бирок, Италиянын жаңы технократ өкмөтү элдин пикирин оң жакка бурууга аракет кылып турган кези.

Профессорлор, эксперттерден турган министрлер бири калбай байлыгы жана кирешеси жөнүндө маалыматтарды интернет сайтка чыгарууга макулдугун беришкен. Эми, мисалы, тышкы иштер министри канчалык байлакка ээ, Рим жана Нью-Йорктогу кыймылсыз мүлктөрүнөн канча киреше түшөт деген суроолордун жандырмагын эле эмес, анын атүгүл, Харли Девидсон мотоциклы бар экенин да билүүгө болот.

Айрым министрлер чыны менен эле абдан бай экени ачыкталган. Италия өкмөтүнүн катаал экономикалык чараларынан кыйналып турган көпчүлүк атуулдарга салыштырмалуу министрлердин жашоо-турмушу кыйла эле бакубат экенин көрүүгө болот.

Ачыктуулук үчүн күрөшкөн активисттер бир дагы өкмөт мүчөсүн калтырбай байлыгын көрсөтүү чараларын кубатттоодо. Алар өлкөдөгү баардык саясатчылар ушундай кадамга барышы керек деп эсептешет.

Ал эми италиялыктар министрлердин байлыгы жарыяланган бул сайтка чыны менен кызыгаарын көргөзүп жатышат. Маалыматтар жарыялангандан бери сайтка киргендердин саны көп болгондуктан, бир нече жолу бөгөлүп да калды.

Жаңыртуу

Бөлүшүү

Фейсбук Твиттер