Британияга келип жашайм десең тилин жана салтын бил

Британияда жогорку кызматтагы өкмөт өкүлү, бул өлкөгө келип жашаган мигранттар, жергиликтүү коомчулук менен жуурулушуп жашашы үчүн, англис тилин жана британ салттарын жакшы билиши керек деп билдирүүдө. Коомчулук маселелери боюнча министр Эрик Пиклс, мектептерде Британ баалуулуктарын окутууга көбүрөөк басым жасоого жана христиан динине көңүл кош мамиле кылууну токтотууга чакырган.
Эрик Пиклс, Британ королевасы Елизаветанын бриллиант маарекесин өткөрүүчү жана Лондон Олимпиада оюндарынын жылында, Британ баалуулуктарын жыйылта баштоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк ачылды деп эсептейт.
Анын айтымында, өлкө буга чейин түпкү улуттан обочо жашаган, улуттук азчылыктарга жетиштүү деңгээлде көзөмөл кылган эмес. Министр мындан ары Британиядагы мектептерде британ маданиятын жана баалуулуктарын окуткан сабактардын көп болушун каалайт.
Пиклс өлкөдөгү түпкү улуттун мурастарын жээригендерди сынга алып, анын ичинде англис тили жана христиан динине кош көнүл мамиле болуп жатат деп белгилеген.
Министр жакында эле бир катар гезиттер, жергиликтүү өкмөттөр жыйындарды сыйынуудан баштоону токтотушу керек деп жазып чыгышканын ишаара кылып, Христан динин өгөйлөөнү токтотуу керек деп баса белгилеген.
Эрик Пиклс, Британиядагы пикирин түз айткан саясатчылардын бири деп таанылган. Бирок, анын позициясын өлкөдөгү башка саясий партиялар бир жактуулук катары карашпайт. Анткени, өлкөдөгү саясатчылардын баары азыр улуттук азчылыктарды түпкү улут менен жуурулуштуруу маселесин көтөрүп турган мезгили.
Бөлүшүү