Абхазия президентине кол салуу аракети

Абхазия президенти Александр Анквабды коштогон унаалар Сухумиге бараткан жолдо жардыргыч затка тушугуп, жансакчыларынын бири мерт болду. Коопсуздук кызматкерлердин дагы бири оор абалда ооруканага жеткирилген.
Айрым өлкөлөр тарабынан гана таанылган республиканын лидери жабыр тарткан эмес.
Аймактын ички иштер министрлигинин өкүлдөрү РИА Новости агенттигине берген маалыматында, президенттин кортеджи Гудаут калаасынан баш калаа Сухумиге жол тартканда кырсыкка кабылганын билдиришкен.
Александр Анквабга мындан мурда дагы кол салуу аракеттери болгон. Акыркы жети жыл ичинде аны ушуну менен беш жолу бутага алышууда.
2005-жылы Абхазиянын вице-президенти болуп турганда, Анквабдын унаасын эки ирет автомат менен аткылашкан. Анда жип машинесинин айдоочусу жаракат алып, өзү жабырланган эмес.
2007-жылдын июль айында гранатамёт менен чабуулга алынып, далысына октун учкундары тийген.
2010-жылдын сентябрь айында Лыхны айылындагы үйү гранатамёт аткылоолоруна дуушар болуп, жеңил жаракат алган эле.
Советтик мезгилде жетилген лидер
Грузиянын жикчил аймагы деп саналган Абхазиянын лидери Александр Анкваб бийлик сересине Советтик мезгилде эле көтөрүлүп чыккан. Ал 28 жышында Грузиянын ички иштер министринин орун басары болуп иштеген.
СССР ыдырагандан кийин Грузия-Абхазия согушуна катышып, туткундарды алмашуу сүйлөшүүлөрүн жүргүзгөн. Бир нече жыл бою Москвада жашап жүрүп, Абхазиядагы оппозициялык кыймылды түзөт.
2005-жылы Абхазиянын премьер-министри, 2009-жылы вице-президентик кызматты ээлейт.
Мурдагы президент Сергей Багапш оорудан көз жумгандан кийин, 2011-жылдын май айында Анкваб 54%дан ашуун добуш менен президенттик шайлоондон жеңип чыккан.
Грузия бул шайлоону мыйзамсыз деп билдирген эле. Абхазиянын көз карандысыздыгын Орусиядан тышкары Венесуэла, Никарагуа жана айрым Тынч Океан өлкөлөрү гана тааныган.
Бөлүшүү