Кыргызстанда менчик үй куру кыялга айланганбы?

Кыргыз өкмөтү ипотекалык жол менен арзан үйлөрдү куруу программасын элге жарыялады. Арзан үйлөрдүн баасы 350-500 доллардын тегерегинде болуп, 20 жылга чейинки мөөнөткө 9 пайыздык үстөк менен берилет.
Жеткиликтүү турак-жай деген мамлекеттик программанын аталышы кыргызстандыктар үчүн өөн учурашы мүмкүн. Анткени орто турмуштагы кыргызстандык үй алуу үчүн кем дегенде 15 жыл акча жыйнашы керек экен.
Эми өкмөт турак-жайга муктаж болгон атуулдардын маселесин ипотека жолу менен чечүүгө бел байлады. Жеткиликтүү турак-жай програмасын өлкө боюнча Бишкек, Ош баш болгон 18 шаарды камтыйт. Арзан үйдүн бир бир чарчы метри 350 доллардан 550 долларга чейин болот. Мындай үйлөр 9 пайзыдык үстөк менен 20 жылдык мөөнөткө берилет.
Мамлекет өнүктүрүү банкын түзүп, андагы каражаттарга арзан үйлөрдү курууга белсенүүдө. Өнүгүүнүн орто мөөнөттөгү өкмөттүк программасында Кумтөр кениндеги өкмөттүн активдерин күрөгө коюп, банктар карыз алып анын бир бөлүгүн арзан үйлөрдү курууга жумшоо жөнүндө айтылган.
Кыргызстанда буга чейин мамлекеттик деңгээлде ипотека жолу менен турак-жай маселесин чечүү аракеттери көрүлүп келген. Атайын ипотека туурасында мыйзам кабыл алынып, бирок мамлекеттик каражатка үйлөр курулган эмес. Ал эми коммерциялык банктар берген ипотеканын үстөк пайызы 20 пайзыдан кем эмес жана бул орто турмуштагы кыргызстандыктар үчүн кымбатка түшөт.
Айнура Жумабекова үй-бүлөсү менен Аламедин базарынын жанында батирде жашайт. Мектепти бүткөн соң баш калаага билим алуу үчүн келип, ошол бойдон Бишкекти жердеп калган. Борборго келгенине жыйырма жылдай болуп калса да, туруктуу жашаган жери жок. Эки балалуу үй-бүлө азыр жыйырма чарчы метрге жетпеген тар бөлмөдө баш калкалап келет. Балдар чоңойгон сайын биринчи көксөгөнүбүз эле - жеке турак-жайга ээ болуу – дейт кожойке.
Бул сыяктуу миңдеген үй-бүлөлөр үчүн жеке турак –жай сатып алуу кур жомокко айланган. Андыктан кудай эле жардам бербесе мамлекеттик ипотекалык программа жардам бере албай калды го деп кол шилтешет.
Кыргызстанда турак-жай олуттуу көйгөй. Айрыкча борбор калаа Бишкектин калыкынын саны өсүп, үйгө муктаж болгон адамдар миңдеп саналат. Канчалаган шаар тургундары ондогон жылдар бою батирде баш калкаласа, аймактардан келгендер шаардын-тегерек четиндеги жерелрди басып алып, 50гө чукул жаны конушатр пайда болду. Бишкектин четинде өңчөй ак топурактан жалпак тамдар салынып, шаар бийгинен эмес туруусанына кеңейүүдө.
Бөлүшүү