BBC Kyrgyz

Башталгыч бет > Кыргыз Республикасы

Кыргыз атуулу депутаттарды сотко берет

15-Февраль, 2012 - 13:18 GMT

Назгүл Коңурбаева

Би-Би-Си Кыргыз кызматынын Бишкектеги кабарчысы


Таластын тургуну Шамил Мурат эл өкүлдөрдү канча жолу эл менен жолугуп, калктын кайсыл маселесин чечкенин сурап 116 депутатка кат жазган. Бирок депутаттардын азы гана карпайым кыргызстандыктын катына жооп берген. Мындан улам ал маалымат алуу укугу бузулганын айтып, депутаттарды сотко берген жатат.

“Атуулдардын маалымат алуу укугу атайын мыйзамда каралган. Ага ылайык депутаттар менин катыма 15 күн ичинде кат түрүндө жооп жазышы керек эле. Болгону отузу гана жооп жазды. Бир депутат болсо биздин жасаган иштерди парламенттин сайтынан карап алгыла дептир. Айыл жеринде интернет жок, а эгер интернетти колдонгонду билбеген карапайым адамадар алардын жасаган иши менен кантип таанышат”.

Жогорку Кеңештин өткөрмө кеңсесинде күн сайын ондогон кишилерди көрүүгө болот. Булардын көбү чечилбей жаткан көйгөйүн жогору жака жеткирүү үчүн алыскы аймактардан келгендер. Жалал-Абаддын тургуну Жумкадыр аксакал кредит маселеси боюнча келиптир. Депутаттын кабылдамасына оңой эле киргенин айтат.

“Ал депутатты мурун-кийин таанычу деле эмесмин, чалсам эле кабыл алып, маселемди чечип берем деп сөз берди”.

Ал өз мисалында бийлик элге жеткиликтүү деген ишенимде. Жергиликтүү деле, борбордук деле чиновниктерге каалган убагында кирип, арыз-муңун жеткирээрин айтууда.

“Эгер депутаттар элдин баарын эле мендей кабыл алса, анда бийлик элге жеткиликтүүгө дейм. Ал эми облусттук, райондук деңгээлдеги дееткчилерге эч тоскоолдуксуз эле, кабыл алуу тартибине ылайык кирип барабыз”.

Арзыкан Оморалиева болсо кыргыз атка минерлери элдин көйгөйүнө кулак салбайт деп сынга алууда. Чиновниктердин эшиги эл үчүн ар дайым ачык боло бербейт дейт.

“Теледен чыгып сүйлөгөндө такай айтышат, биз элге ачыкбыз деп. Мына өткөндө ички иштер министри баардык маселелер боюнча келген кишилерди кабыл алам деди эле, биздин бир туугандар барса жакын дагы жолтбоптур. Мына мен өзүм деле депутат Ниязалиева жарым жылдан бери кире албай жүрөм. Жардамчылары такай эле депутаттын колу бош эмес экенини айтат, өзү менен түз байланышууга мүмкүн эмес”.

Ал эми алыскы Алайдан келген аксакал чиновниктер менен депутаттар иш бөлмөсүндө олтура бербей, элди араласа жакшы болот эле дейт. Болбосо элдин баары эле арыз-мунун айтканы борборго келе албасын айтат.

“Барганда дагы алар конок болуп кете бербей эл менен көп сүйлөшүүсү керек. Болбосо мына борбордон чоңдор барса жергиликтүү атка минерлер бир үйгө кой союп коноктоп кетирип жиберишет. Алар биякка келип алып, айылда элдин турмушу оңолуп калыптыр деп отчет берип жатышат”.

Кыргызстанда атка минерлер карапайым атуулдардын көйгөйүнө кулак салбайт, эл менен иши жок деген дооматтар көп айтылат калат. Ушундан уламбы айтор бул өлкөдө өкмөт үйүнүн алдында дээрлик күн сайын митинг өтүп, бийлик талаптарыбызды аткарсын деп жол тосуп алгандары дагы болот.

Бирок айрым серепчилер коңшу өлкөлөргө караганда кыргыз бийликтери элдин сүрүнөн сестенээрин айтышат. Анын үстүнө бул өлкөдө элдик толкундоолор эки президентти бийликтен сүрүп түшкөн эле.

Жаңыртуу

Бөлүшүү

Фейсбук Твиттер