bbc.co.uk navigation

Сенегал шайлоого даярданууда

Соңку жаңыланышы: 24-февраль, 2012 - 14:37 GMT

Сенегал ушул жылдын 26-февралында биринчи президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат

Сенегал ушул жылдын 26-февралында биринчи президенттик шайлоо өткөрүү алдында турат. Азыркы президент Абдуллай Ваддын үчүнчү мөөнөтекө президенттикке ат салышы мыйзамсыз деп каралууда.

Себеби өлкөнүн конституциясына ылайык президенттик кызмат эки гана мөөнөткө узартылат.

Бирок Конституциялык кеңеш 85 жаштагы президент үчүн биринчи мөөнөт жарактуу эмес анткени баш мыйзамдагы норма ал кызматка киришкенден кийин кабыл алынган деп түшүндүрүүдө. Соңку бир нече айлардан бери анын талапкерлериги нааразылыктарды пайда кылып киши өлүмдөрүнө алып келген.

Би-Би-Синин Африка кызматынын продюсери Мамаду Мусса Ба Сенегалдагы президенттик шайлоонун маанисин кыскача чечмелеп берди:

Соңку бир нече айлардан бери Сенегалдагы нааразылыктар киши өлүмдөрүнө алып келди

-Сенегалдагы абал маанилүү. Анткени, акыркы бир нече жыл ичинде бул өлкө Батыш Африкадагы эң туруктуу аймак деп каралып келген. Сенагал Африка аймагындагы жана башка аймактардагы чыр-чатактарды токтотууга өрнөк болуп, диний жана улуттар аралык ырашкерликти көрсөтүүдө негизги роль ойногон. Мурдагы лидерлер Леопольд Седар Сангор жана Абду Диоуф бийликти тынчтык жолу менен өткөрүп беришкен. Ал эми азыркы президент Абдулай Ваддын жүргүзгөн саясаты өлкөгө көптөгөн чет элдик инвесторлорду тартып келген.

-Азыркы саясий кырдаал кандай?

-Оппозиция соңку жылдары өлкөгө коррупция күч алып, үй-бүлөлүк башкаруу орноду жана эл президент Ваддан тажады деп айтышууда. Бирок президент мындай пикирлерге кошулбайт. Ал өлкөнүн келечеги үчүн өтө маанилүү учурда турабыз деп өзү баштаган бир катар олуттуу долбоорлорду жыйыктыкташ үчүн кийинки мөөнөткө барышым керек деп эсептейт.

-Алдыда кандай кыйынчылыктар болушу мүмкүн?

-Бул шайлоолор өлкөдөгү кырдаал чыңалып турган кезде өтүүдө. Конституциялык кеңештин президент Абдулай Вадды кийинки президенттик жарышка киргизген чечими наарызылыктарды пайда кылып, зордук-зомбулуктар тутанды. Сенегалдын баш калаасында жана башка шаарларында нааразылык толкундары учурунда бир нече киши каза таап, көптөр жарат алышкан. Өлкөдө мурда кийин аскердик төңкөрүш болгон эмес. Бирок аналиктиктердин айтымында Ваддын талапкерлиги Сенегалдын мындан аркы демократиялык жана туруктуу өнүгүшүнө таасир тийгизиши ыктымал.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.