bbc.co.uk navigation

Ош: шайлоо жарышы жана митинг

Соңку жаңыланышы: 24-февраль, 2012 - 13:05 GMT

Ош шаары

Кыргыз өкмөтүнүн башчысы Өмүрбек Бабанов иш сапары менен Ош шаарында жүрөт. Иш сапардын журүшүндө өкмөт башчы 2010-жылдагы июнь окуясында жабыркаган тургундарга жаңы үйлөрдүн ачкычын тапшырып, өлкөдө абал акырындык менен жакшырып келатканын айтты.

Ал ортодо оппозиция 1-март күнү Ошто миңдеген кишилердин катышуусу менен тынчтык митингисин өткөрөөрүн айтууда. Бул тынчтык митингисине оппозиция 30 миден 50 минге чейин киши алып чыгаарын айтууда.

-Митинг 4-мартта өтө турган шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоону утурлай өткөрүлүп, анда бийликке акыйкат жана таза шайлоо өткөрүү талабы айтылат. Болбосо бийликтеги бир катар партиялар админстративдик ресурсту колдонууга жол берип, таза эмес күрөш жүргүзүп жатат. Бийлик буга өзү жол коюуда-дейт Оштун тургуну Жыргалбек Жээнбеков.

"Бийлик алмашканда, менин жеке пикиримде эч кандай революция, төңкөрүшү жок бийлик элдин айтканын угуп, ошону аткаруунун негизинде гана алмашуусу керек"

Парламенттеги “Ата-Журт” оппозициялык фракциясынын лидери Камчыбек Ташиев болсо бул өңдүү нааразчылыктар өлкөнүн башка аймактырнда дагы бышып-жетилгенин айтат. Ташиевдин айтымында белгиленген митингдердин баары тынч мүнөздө жана төңкөрүштү көздөбөйт.

-Эл жөн эле чыгып жаткан жери жок. Элдин талабы бар. Эми бийлик алмашканда, менин жеке пикиримде эч кандай революция, төңкөрүшү жок бийлик элдин айтканын угуп, ошону аткаруунун негизинде гана алмашуусу керек-дейт К.Ташиев.

Андыктан Оштогу митингди улай жер-жерлерде жана Бишкекте митинг өткөрүлүшү мүмкүн экени айтылууда. Өлкөдөгү оппозиция конституцияны алмаштырууну башкы талаптардын бири катары алып чыгууда.

Серепчилер соңку учурларда бийлик менен оппозицияныын тиреши күчөгөнүн айтып жатышат. Бийлик парламенттеги оппозицялык “Ата-Журт” фракциясынын үч депутатына козголгон кылмыш иштерин кайра жандандырганын айтып чыкты.

Фракция лидери баш болгон депутаттар мурдагы бийлик тушунда мамлекетке чыгым келтирген деп шектелүүдө. Ал эми оппозиция болсо азыркы бийликти коррупциялык иштерге аралашкан деп сындап, өкмөт башчынын отставкасыны талап кылууда.

Ошол эле кезде Кыргызстандагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрүн шайлоо дагы айырм жерлерде чыр-чатактар менен коштолууда. Айрыкча алдыдагы Ош шаардык кенешинин депутаттарын шайлоодо да саясый күчтөр ортосунда курч атаандаштыктар байкала баштады.

Ошто 4-мартка Ош шаардык Кеңештин депутаттарын шайлоо белгиленген. Мындан улам азыр бийликтер Оштогу абалга өзгөчө көңүл буруп жатканы байкалат. Президент Алмзбек Атамбаев өткөн аптада Ошто болуп, июнь окуясы боюнча кылмыш иштери ушул жылдын соңуна чейин тергелип бүтөт деп убада берип келген.

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.