bbc.co.uk navigation

Жогорку Кеңеш генерал Байзаковду кызматынан алууну сунуштады

Соңку жаңыланышы: 23-февраль, 2012 - 12:16 GMT

Абак жайлардагы абалды текшерип чыккан депутаттык комиссия Жазаларды аткаруу кызматынын ишинде укуктук, кадрдык жана каржылык мыйзам бузуулар бар экени жөнүндө 22-февралда парламентте билдирүү жасады.

Комиссиянын маалыматында төрт миллион сомдон ашык каражат максатсыз жумшалганы, камактагы адамдарга тамак-аш сатып алуу тендерсиз жүргүзүлгөнү,түрмөлөрдөгү козголоңдун алдын алууүчүн тийиштүү чаралар көрүлбөгөнү айтылат. Комиссиянын маалыматын уккандан кийин Жогорку Кеңеш Байзаковду кызматтан алуу сунушун өкмөткө киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды.

Кыргызстанда түрмөдө отургандар жашоо шарттарын жакшыртууну талап кылып келатышат

Депутаттык комиссиянын жетекчиси Туратбек Мадылбеков генерал Байзаков кетирген кемчилигин моюнга алып, кылган иши үчүн жоопкерчилик тартсын деген пикирин айтууда.

Шейшенбек Байзаковду кызматтан кетирүүгө бир катар түрмө башчылары каршы экендиктерин билдирүүдө. Алар Байзаков кызматынан алынса каршылык иретинде иш таштай тургандыктарын эскертишүүдө.

Алардын жүйөөсүндө түрмөлөрдөгү ээнбаштык менен коррупцияга бөгөт койгон аракеттери үчүн кылмыш чөйрөсү Байзаковду кызматынан кетирип, ал түгүл анын өмүрүнө кол салууга камынууда.

“Заказ болгон. Эмне себептен заказ болуп атат. Анткени 16-январда камералардын баары жабылган. Беш камерада түрмөнүн положенецтери менен общагы отурган. Алар күнү-түнү башка камераларга кирип барышып, отургандарды сабашып, акча талап кылышып, уурулук капчыгын толтурушчу. 18 миң доллардан 200 миң долларга чейинки сумма ай сайын түшүп турган. Ошонун баарын биз токтоткондон кийин бир жылда эки миллион доллар акчадан кур калып атышпайбы”,- дейт №1 тергөө абагынын начальниги Марс Жусупбеков.

"Беш камерада түрмөнүн положенецтери менен общагы отурган. Алар күнү-түнү башка камераларга кирип барышып, отургандарды сабашып, акча талап кылышып, уурулук капчыгын толтурушчу. 18 миң доллардан 200 миң долларга чейинки сумма ай сайын түшүп турган. "

Тергөө абагынын начальниги Марс Жусупбеков

Өлкөдөгү абак жайларда курчуган кырдаал көптөн бери сакталууда. Өткөн айда Бишкектеги №1 тергөө абагында тинтүү болгондон кийин абактагылар дүрбөлөн салып, аны басуу маалында бир айыпталуучу каза тапкан. Абакта отурган алты миңдей адам ачкачылык жарыялап, анын ичинен бир миң үч жүздөй ооздорун тигип алып он күн каршылык көрсөттү.

Ачкачылык жарыялагандар генерал Байзаковду кызматынан кетирүүнү жана камераларды ачык коюну талап кылышкан. Жаза аткаруу кызматы өз кезегинде абактарды өз кызыкчылыгына каалагандай калчап иштетүүгө кынык алган кылмыш дүйнөсүнүн кара ниет аракети катары айыптап чыккан.

Тектеш темалар

BBC © 2012 Эскертүү: Би-Би-Си сырткы интернет сайттардын мазмуну үчүн жоопкер эмес.

Бул баракча кошумча стили менен камсыздалган акыркы интернет браузер аркылуу оңой көрүнөт. Азыркы браузер аркылуу ушул беттин мазмунун көрүп жатканда, визуалдык материалды толук көрө албайсыз. Браузерди жаңыртып тургула же кошумча стилди иштеткенге аракет кылгыла.